Айрымдар «перманенттик макияжды жалкоолор жасатат» дешет. Анткен менен ар бир аялзаты кандай шартта болбосун дайыма идеалдуу көрүнгүсү келери талашсыз. Күн сайын күзгү менен алышкысы келбеген аялзатына арналган перманенттик макияж тууралуу визажист, косметолог Жаркынай Ормонова тааныштырмакчы.
ПЕРМАНЕНТТИК МАКИЯЖ ДЕГЕН ЭМНЕ?
– Көпчүлүк перманенттик макияжды татуаж менен алмаштырып жүрүшөт. Татуаж жасоодо химиялык боёктор колдонулуп, алар териге 1-1,5 миллиметр тереңдикте чегилип боёлот. Ал эми органикалык боёкторду териге 0,3-0,8 миллиметр тереңдикте чегип боёо процедурасы перманенттик макияж деп аталат. Бул процедура кашка, эринге жана сурмага карандаш сыяктуу учтуу нерсе же лазердик аппарат менен чегилип жасалат. Организмдин зат алмашуу процессине, теринин өзгөчөлүктөрүнө, кам көрүүгө карата боёк териде 1,5-3 жылга чейин сакталат.
АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
КЕМЧИЛИКТЕРИ
КАЙСЫ УЧУРДА ЖАСАТУУГА БОЛБОЙТ?
КАШТЫН ПЕРМАНЕНТТИК МАКИЯЖЫ
– Кашка перманенттик макияж жасаларда алгач адамдын көзүнүн, чачынын түсүнө жана терисинин өңүнө маани берилет. Мисалы, ак жуумал айымдарга күрөң түс жарашат. Ал эми кара тору айымдарга кара түстөгү боёк ылайыктуу. Дагы бир эске алуучу жагдай, каштын өңү айымдын чачынын өңүнөн ачыгыраак болууга тийиш. Кашка жасалуучу перманенттик макияждын эки түрү бар.
1. Каштын ар бир кылынын сүрөтүн бирден тартуу. Бул түрү 6D деп аталат. Баасы 2500 сомдон 5000 сомго чейин.
2. Карандаш же тень менен боёлгондой түр берип тартуу. Бул жөнөкөй татуаж деп аталат. Баасы 2000 сомдон 4000 сомго чейин.
СУРМАНЫН ПЕРМАНЕНТТИК МАКИЯЖЫ
– Көздүн сурмаларына жасалган татуажды сырттан караганда карандаш менен боёгондон эч айырмасы жок. Көзгө ар кандай түстөрдө жасалат. Бул дагы айымдын терисинин түсүнө жараша тандалат. Ак жуумал айымдарга кара, күрөң, көк өңдөр сунушталат. Ал эми кара торуларга кара өңдөн башкасы жараша бербейт. Мындан тышкары боёк көздүн формасына жараша чийилет. Мисалы, көзү ичке айымдарга калыңыраак, ал эми көзү бакыракай, сурмасы бар айымдарга ичке, сыртка чыгарылып чийилген сызык жарашат. Көздүн сурмасына жасалган перманенттик макияждын баасы 2000 сомдон 3000 сомго чейин.
ЭРИНДИН ПЕРМАНЕНТТИК МАКИЯЖЫ
– Мында эриндин терисинин үстүнкү катмары боёлот. Перманенттик макияждын жардамы менен кардар эринин көптүртүп, чоңойтуп, айтор, өздөрү каалаган формага жана түскө келтире алат.
1. Эриндин контурун чийүү. Эрининин контуру жоктор помадасынын түсүнө карата түс тандап чийдиришет. Баасы 2000 сомдон жогору.
2. Перманенттик помада. Бул процедурада адамдын жаш курагына жана терисинин түсүнө жараша түс тандалып, эрин толугу менен боёлот. Бир түстөн экинчи түскө өткөрүп боёо, контурдун түсүн туура тандоо менен эринди болтогой, сексуалдуу кылып көрсөтүүгө болот. Баасы 3000 сомдон 6000 сомго чейин.
Эскертүү! Перманенттик макияж жасалгандан кийин атайын маздарды сүйкөп, калыбына келгенче бассейнге, солярийге, саунага барууга, декоративдик косметикалык каражаттарды пайдаланууга болбойт. Карттанган жараатты колуңуз менен сыйрыбаңыз, инфекция кирип кетиши мүмкүн. Мындан сырткары эринди боёткондон кийин менюдан убактылуу ысык суусундуктарды ала турган оң.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg