HI-TECH NEWS

СЕЛФИ ҮЧҮН АТАЙЫН ФОТОАППАРАТ ЧЫКТЫ

Азыр баары эле селфиге смартфондун жардамы менен түшүп көнүп калышкан. Бирок япониялык "Fujifilm" компаниясы селфи жасоого мүмкүн болгон мини камера же мини фотоаппарат чыгарды. Муну менен фотоаппараттар азыр дагы актуалдуулугун жогото элек экенин далилдешет. Камера беш түрдүү өңдө чыгат. Мини камерага селфиге түшүп, 90 секунддан кийин сүрөттү чыгарып алууга мүмкүн. Сүрөттүн көлөмү 6,2x4,6 сантиметр чоңдукта болот. Мини камерада чоңойтуп, кичирейтип тартуучу, сүрөттүн өңүн өзгөртүүчү баскычтар бар. Көпчүлүктүн кызыгуусун жараткан мини камера апрель айында сатыкка чыгат. Баасы 70 доллардан кем эмес.

ALCATEL FLASH – ДҮЙНӨДӨГҮ 4 КАМЕРАЛУУ БИРИНЧИ СМАРТФОН

Мурун 2 камералуу смартфондор чыккан учурда көбү таң калышкан эле. Ал эми учурда ал смартфондор көнүмүш эле нерседей кабыл алынууда. Анткени техника айдыңында жаңы 4 камералуу смартфон чыгарылганы турат. 2 алдыңкы жана 2 үстүнкү камераны камтыган бул смартфонду франциялык "Alcatel" компаниясы чыгарарын билдирди. Ошентсе да бул смартфондун өзгөчөлүгү бир эле камерасында болуп, башка артыкчылыктары жок. Жаңы чыккан аппарат азырынча Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө гана сатыкка чыгары күтүлүүдө.

ФЕЙСБУКТА КЫЗЫКТУУ ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ ГАНА КӨРСӨТҮҮЧҮ ЖАҢЫ ФУНКЦИЯ ПАЙДА БОЛОТ

Фейсбукта акыркы жаңылыктардын кызыктууларын гана көрсөтүүчү жаңы функция пайда болот. Аталган социалдык тармактын мобилдик тиркемесинин колдонуучулары эми досторунун баракчаларынын кызыктуу постторун гана көрө алуусуна шарт түзүлөт. "Жаңы алгоритм колдонуучу кызыккан постторду автоматтык түрдө тандап, окурманга сунуштайт. Бул функция аркылуу колдонуучу өзү "жакты" белгисин баскан баракчалардын гана эмес, башкалардын дагы кызыктуу постторун көрө алат. Жаңы функция аркылуу "жакты" белгисин көп чогулткан, талкууга алынган жана көп бөлүшүлгөн жаңылыктар тандалып, колдонуучуларга сунушталат",- деп билдирет компания. Учурда аталган алгоритм Улуу Британияда жана Хорватияда тестирлөөдөн өтүп жатат.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан