"СЕН БОЛГОНУ ЭКЗАМЕНДЕН ӨТПӨЙ КАЛДЫҢ..."

Чынын айтайынбы? Азырынча үйлөнгүм келбейт. Мага бойдокчулук көбүрөөк жагат. Бир келген өмүрдө менин каалагандай жашаганга укугум бар да, туурабы? Коомчулук жабыштыра берген эрежелерге баш ийе бергенде болмок беле? Бирок апамдын көңүлүн кыя албай койдум. "Үйлөн, небере жыттайлы" дей берди.
Анан үйлөнмөкчү болдум. Кыз жок. Башкы маселе ушул болчу. Апам таежемди, таежем абысынын, абысыны сиңдисин бул маселеге аралаштырып отуруп акыры кыз борбор калаадан табылды. Укмуш дешти.
– Барып тааныш. Көңүлүн ал,- апам чөнтөгүмө акча салып жатып сүйлөдү.
– Акча эмнеге?
– Кафеге барасыңар да.
– Мейли,- дедим. Мен 15 жашымдан тартып эле үйдөн акча албайм. Апамдын мага акча бербей калганына көп болгон, анан эле башка бирөөнүн баласынын курсагын тойгузуу үчүн акча бергенине кичине таарынып калдым. Бирок үйдөн чыгып эле "бейтааныш бирөөнүн курсагы тойгончо сенин курсагың тойсун" деп апам берген акчанын баарына унаама бензин куюп алдым. Биз Чүйдөгү шаарга жакын айылда жашайбыз.
Келечектеги жубайым менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Созулат өзүнчө. Эркиндик бульварынан жолукмакчы болдук. Бардым баягы жерге. Чынында, жакшынакай кыз экен. Буга чейинки мен сүйлөшкөн кыздардын арасында сулуулар сынагы болсо, бул кыз жок эле дегенде 4-орунду алмак. Ичимден ушуну ойлодум.
– Саламатсыңбы?
– Салам.
– Мен Марат.
– Сауле.
Мен ага жактым. Жок мен эмес, менин унаам жакты. Бул дароо билинди. Анан ошол замат менин башымда бир кызыктай план бышып жетилсе болобу?! Мен Саулени тамаша катары ала качмакчы болдум. Экөөбүз бир аз сейилдегенче айылдагы досторго коңгуроо кылып "күтүп алгыла" дедим. "Үйүңө жеткирип коёюн" деген шылтоо менен аны унаама салып, айылды көздөй "зуу" койдум.
– Марат, сен кайда?
– Мындай эми, Сауле. Бир көрүп сүйүп калуу бар дегенге ишенчү эмесмин. Мына, эми өз башыма келип отурат. Сен мага жактың. Үйлөнөлү,- дедим олуттуу.
– Сен экөөбүз бири-бирибизди тыңыраак биле элекпиз да... Мындай болбойт, Марат! Токтот!
– Сауле, экөөбүз бир ай сүйлөшсөк да, бир жыл сүйлөшсөк да бири-бирибизге жаман кыялдарыбызды көрсөтпөйбүз да, туурабы? Жакшы жагыбызды гана көрсөтөбүз. Бирок ар бир кишиде терс кыял болот. Ага көнүш керек. Кабыл алып, түшүнүп жашаш керек...
– Жок, Марат, мындай болбойт!- деп талашып-тартышып кетип бараттык. Жолдон досторум унаалары менен коштоп жөнөштү. Сауле ыйлай баштады. Мен болсо окуя эмне менен бүтөрүнө кызыгып келатам. Үйгө келдик. Заңгыраган эки кабат үйдү жаңы эле бүтүргөм. Ал үйдү көргөндө эле Сауле мурункудай ыйлабай калды. Жеңелерим келип колунан тартса, каршылыгы жок эле ээрчип кирип кетти. Апам кудуңдап сүйүнүп алган. Анан сырдашып, тамашалашып жүргөн Перизат жеңемди чакырдым.
– Жеңе, эмне болуп жатат?
– Эмне болмок эле, үйлөнүп жатасың. Отурду кыз. Көңүлү бар экен. Үйүндөгүлөргө чалды.
– Жеңе, мындай кылыңызчы. Азыр кирип, тиги Саулеге "Марат жакшы бала. Биздин оокатыбызды кылып чоңойду. Өзү тоодо биздин малды багат. Койду жакшы карайт. Баарын ушул көбөйттү. Биздин койчубуз болот. Бүгүн биздин машинени сурап айдап кеткен" деп айтыңыз. Эгер ошондо да калса, анда даана үйлөнөм,- деп көндүрдүм. 15 мүнөт өткөн жок. Сауле чарт-чурт этип "отурбайм" деп чыкты.
– Тийбейм мен койчуңарга...
– Кайсы койчуга, ботом?- апам таң калды.
– Мени айтып жатат.
– Ай, бул койчу эмес. Бул бизнесмен! Ким айтты койчу деп?- апамдын сөзүн укканда Сауле тынчып калды.
– Эй, койчумун мен. Булардын малын багам. Алданба!- деп кыйкырдым. Кыскасы, Сауле отурбай кетип калды. А мен дале үйлөнбөй жүрөм. "Койчу болсо эмне экен? Жакшы адам болсо болду" деп тие турган кыз табайын, анан үйлөнөм. Апам да буга макул болду. А баса, Сауле, эгер окуп калсаң, мени кечирип койчу. Сен болгону экзаменден өтпөй калдың...

Марат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (110)
momun74
2017-04-14 16:15:10
Карап корсом коментарийлер укмуш экен жигиттер жзганы озгочо ушу жигиттерге айтарым силерди сынаган Адам жок экенда э озунор кыргыздын Салты мн билбейм шарияттын негизинде сындаса охххоооо кантээр экенсинер деймда моогу жигитке айтаарым сени Ким торогон? сени ак жууп ак тарап Ким остургон? Сен экзаменден жакшы сынасам озун отпогон коруносун чынын айткаела аял алсанда аны кор кылып отчудой коруносун байлыгына ширелип аялын тортту тороп жудогондо жашын издейсин
-1
Kubinis
2017-04-14 18:45:41
Байкашымча кыздар кыздын, жигиттер жигиттин таламын талашкандайго. Ачыгын айтсам кыздар байлыкты оло жакшы корушот. Айта беришет калп эле байлыкка кызыкпайбыз деп. Кыйналып жашагысы келишпейт бир четинен. Кээде ойлоп кетем суйуу барбы деп ?
+1
Targarien
2017-04-15 04:28:17
Кыздар эрге тиерде биринчи критерий уйу машинеси барбы иши барбы деп сурашат Бирок балдар да акылдуу балдарына татыктуу эне боло турган куйоосун сыйлай турган кыз издешет Пулун болсо кулунмун деген кыздарга айтаарым пулдуулар жашыраагын же сулуурагын корсо эле башкасын алат Ошондуктан стерва болбой тилди кыскартып жакшынакай жар болууга ылайыктуу кыз болгула
+1
frunze14
2017-04-15 12:00:38
Кыздар чычалап эле жатып калышыптыр.))))

Чын чычалатат деген туура кеп. Учурда ар 4/5 кыз байлыкка кызыгат, жашырып эмне кыласынар. Керек болсо суйлошуп конул койгон жигитинер бироонун колунда жалчы же базарда араба суйроп нан тапса, суйууну жыйыштырып зангыраган уйу, байлыгы бар бир туру суукту ээрчип кетесинер. Чычалагандардын айрымы кор турмуштун кыйынчылыгын тартып Россиялап жургондор, "шор бешене", тузугу байырагы мандайыма жазбаптыр деп тагдырына наалыган. Же калппы?
0
over
2017-04-15 12:33:36
Буга чейинки мен сүйлөшкөн кыздардын арасында сулуулар сынагы болсо, бул кыз жок эле дегенде 4-орунду алмак
0
Ziasuiunbekova
2017-04-15 22:19:17
Статистикага караганда азыркы убакта балдар байлыкка карап калышкан.
+3
Sexy_Girl
2017-04-15 23:21:38
Азыркы кыздар амалдуу
0
kofesmolokom
2017-04-16 02:04:10
Кокууууууй...
+1
aidai_kyz
2017-04-25 22:08:39
Озундун карындашынды ордуна койуп кордунбу
+1
ESEN88
2017-05-04 15:39:12
Молодец красава !!менде дагы ушул сыяктуу бир канча варианттар турат алдыда :))) азыр заманга ылайык келечек жубайынды бир канча сыноодон откоруп анан алыш керек ....
0
Sanata1995
2017-05-09 15:06:06
Сенин жакшы адам экенинди билиш учун биринчиден жакшылап таанышып,бири бирин билиш керек.Анан гана ал жан дуйнонду жактырышы мумкун.Ал эми минтип сразу ала качып кетсе ал сенин жакшы-жаманынды кайдан билмек эле?
+2
alibekova94
2017-06-27 12:32:12
Токумун жеп калган желмогуз окшойсун ))))
+2
Dila
2017-06-29 08:54:45
Кудай тооба десен боло. Турмуштун сыноосуна кабылып калба. турмуш оюнчук эмес бироонун кызын уйуно алып барып сынамыш болуп маскара кылып... Аллахтан кечирим сура эртерээк акылынды жыйнап. сен ким элен бироолордун тагдыры менен ойногудай.
0
AsmanNuru
2018-12-19 00:31:42
Кылкеч неме окшойт бул Марат. Кыялында өзүн бизнесмен деп жүрөтда, жашоодо чыныгы койчуман! Бизнесмен адам маданият деген нерсени үйрөнөтда. А бул Маратта маданияттын "М" тамгасы жокго. Алгач кыздын көңүлүн ал, өзүңө ашык кыл. Андан кийин койчумун деп өзүң айт. Жок тийбейм десе айтасың байлыка кызыгат экен деп. Таанышып эле жапайы адамга окшоп качырып барып койчумун десең "Алтын" кыз дагы кетип калат. Анткени кыздар өзүн эмес, эң биринчи келечектеги балдарын ойлойт.
0
AsmanNuru
2018-12-19 00:41:54
Отузунда орок орбогон, кыркында кылыч чаба албайт деп илгеркилер бекеринен айткан эмес. 20да болсо макул жаш,окуйт дейбиз. Бирок 24,25 жаштан нары бутка туруп бир туруктуу жумушу, үйү же машинасы болушу керек. Ооба жок дегенде бирөөнө ак эмгеги менен жетиши керек. Ошол адамга келечегиңди тапшыра аласың. Ал балдарды кор кылып, көрүнгөн жерге ата эне мээримине зар кылып таштатпай бага алат. Эмгекчил адам жумуш жок деп жалкоолонуп жатып албай, аракет кылат...
0
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан