ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (10-апрелден 16-апрелге чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



КОЙ (21.03-20.04)
Бул жумада үй-бүлө, жеке маселе жана акча көйгөйлөрүн чечүүдө активдүү болосуз. Шашмалыкка алдырбаңыз. Дем алыш күндөрү жашыруун романтикалык жолугушууларды баштан кечиришиңиз мүмкүн. Колго бир аз акча тийиши күтүлөт. Текшерүүчү органдар жана таасирдүү адамдардын кийлигишүүсүнөн оолак болуңуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта ичинде жумушуңузга, үй-бүлөңүзгө көңүл бурасыз. Айрыкча жубайыңыз жана айрым өнөктөштөр менен чогуу иш алып барууга туура келет. Ишемби, жекшемби күндөрү досторуңуз же өнөктөштөрүңүз менен убакыт өткөрөсүз. Көңүл эргиткен сүйлөшүүлөр жүрөт. Күндүн негизги көйгөйүнө акчанын тартыштыгы же анын көбүрөөк сарпталып кетиши кирет.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Балдарыңызга, эс алуу үчүн да дүйшөмбү, шейшемби күндөрү убакыт табасыз. Шаршембиден жума күнгө чейин жумушуңузда жогорку активдүүлүктү көрсөтөсүз. Инженерия же кара күчтү талап кылчу жумушта иштесеңиз, ден соолукту абайлаңыз. Аптанын акырында максаттарыңызга оңой жетесиз. Айрым өнөктөштөрдөн жана текшерүү органдарынан сак болуңуз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада үй тиричилик, эс алуу жана балдарга тиешелүү маселелер жакшы айкалыштырылат. Шаршембиден жумага чейин сүйгөн адамыңызга, балдарыңызга аяр мамиле кылыңыз. Ишемби, жекшемби күндөрү досторуңуз жана башка шаарларда жашаган өнөктөштөрүңүз менен эң жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзө аласыз. Акча, бизнес маселелери талкууланышы мүмкүн.


АРСТАН (23.07-23.08)
Үй чарба жумуштарын талкуулоодо жана жасоодо сабырдуу болуңуз, чыр чыгып кетиши мүмкүн. Апта акырында жумушка, бизнеске байланыштуу маселелер оңой чечилет.  Капчыгыңызга акча түшүшү күтүлөт. Аны балдарыңызга сарптасаңыз жакшы, бирок зарылчылыгы жок эс алууга көбүрөөк сарптап жиберүүңүз, албетте, жагымсыз көрүнүш.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кыска мөөнөттүү сапарлар менен алагды болосуз. Айрыкча шаршембиден жума күнгө чейин сапарга чыкканда жана жакындарыңыз менен сүйлөшүү учурунда токтоо болуңуз. Телефондук сүйлөшүүлөр көп болот. Дем алыш күндөрү алыскы шаарларда жашаган өнөктөш жана туугандар менен жалпы маселелерди талкуулайсыз. Жубайыңыз менен жүрөк жылыткан көз ирмемдерди өткөрөсүз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жеке иштерди, акча маселелерин чечесиз. Шаршембиден жума күнгө чейин аласа-бересеңизди тактап аракет кылыңыз. Аларды кайтарып алууда активдүү болуу керектелет. Ойлонбой сүйлөп алуудан сак болуңуз. Апта акырында акча тийиши күтүлөт. Ал акчалар кредиттик же жакындарыңызга берген аласаңыз болушу мүмкүн.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Ооруканалар, аскер бөлүктөрү, жаза өтөө мекемелери жана өз көйгөйлөрүңүзгө тиешелүү маселелерди чечүүдө кыраакы, токтоо болуңуз. Акыл менен гана баарын орду ордуна коёсуз. Апта соңунда жубайыңыз менен  балдарыңыздын курчоосунда убакыт өткөрөсүз. Балдарыңыздын таттуу кылыктары сизди кубантат. Балдарыңызга же айрым эс алууларга  акча демейдегиден көбүрөөк сарпталат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Шаршемби, шейшемби күндөрү достор же өнөктөштөр менен убакыт өткөрүүңүз мүмкүн. Кандай болгон учурда да сизге токтоо болуу сунуш кылынат. Антпесеңиз, ооруканага түшүп же мыйзам менен эсептешип калууңуз ыктымал. Жума соңунда үй-бүлөңүз менен жагымдуу маанайды баштан кечиресиз. Ден соолугуңуз канааттандырарлык  болот. Күтүүсүз тоскоолдуктун чыгышы күтүлөт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Айрым иштериңиз олку-солку болушу мүмкүн. Аларды бүтүрүү үчүн досторуңузга, кесиптештериңизге кайрылганыңыз оң. «Күч – бирдикте» деген сөз бул жумада сиз үчүн. Дем алыш күндөрү туугандар, кошуналар менен чогуу эс аласыз же айрым бир долбоордун үстүндө чогуу иштейсиздер.Бул иштерге таасирдүү бир адамдын жашыруун бут тосуусу болушу мүмкүн. Абайлаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дүйшөмбү, шейшембиде ишке ашпай жаткан жумушуңузду шаршембиден баштап жакшы ишке ашырасыз. Койгон максаттарыңызга жетүүдө чечкиндүүлүк көрсөтөсүз. Эр жүрөктүүлүктү бир аз ооздуктоо сунуш кылынат. Апта акырында акча маселелерин чечесиз. Ушул эле акчанын келишине айрым бир өнөктөштөрүңүз, кесиптештериңиз тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Алдын алыңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Шаршембиге чейин каржы маселелеринин үстүндө иштейсиз. Текшерүүчү органдар да четте калбайт, андыктан тийиштүү документтерге так болуңуз. Апта соңунда активдүү иш аракетиңиз менен негизги жумуштарды бүтүрүүгө кадам таштайсыз. Баары эле жакшы келатып, кээ бир көйгөйлөргө кабылышыңыз ыктымал. Бул көйгөйлөр таасирдүү адамдар тарабынан жаралышы мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан