6-7-8-АПРЕЛЬ... ХРОНИКА

Мезгил үнү

Жашоо-турмуштун улам оордоп баратканына чыдабаган эл Кыргызстандын жакынкы тарыхында экинчи ирет элдик ыңкылап жасады. Тынч митингге чогулгандар алгач бийликти алмаштырышып, элдик бийлик орнотуп тынышты. Бирок жеңиш курмандыксыз болгон жок. 7-апрель Кыргызстандын тарыхында кандуу шаршемби катары калды.

6-АПРЕЛЬ

11:44 Таласта милиция кызматкерлери “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болот Шерниязовду “мамлекеттик ыңкылап жасоого аракет кылды” деген негизде камакка алышты.
12:11 Таласта 3 миңге жакын адам облустук администрацияга бастырып барып, губернаторду барымтага алып, Болот Шерниязовду камактан чыгарышты.
13:12 Нарында аксакалдар чогулушуп, губернатор Алмазбек Акматалиевди “эл тарапка өт” деп үндөй башташты.
14:03 Талас шаарына чогулган митингчилер облустук администрацияга кирип барышты.
14:58 Таласта чогулган эл облустук Ички иштер башкармалыгына кирүүгө аракет жасашты.
16:13 Таласта митингге чогулган эл Курманбек Бакиевдин сүрөтүн өрттөштү.
16:52 Элдик курултай комитети Таластагы окуялардан улам укук коргоо органдарына кайрылуу жасап, элге каршы курал колдонбоого чакырды.
18:01 Таласка 5 учак менен атайын даярдыктан өткөн аскерлер жеткирилди.
19:58 Премьер-министр Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп, Таласта абал тынч экенин айтты.
20:30 Таласта Болот Шерниязовду Улуттук Коопсуздук кызматынын адамдары кармап кетишти. Облустук администрация күч структурасынын колуна өттү.
21:30 Ош шаарында милиция кызматкерлери оппозициячы Дүйшөн Чотоновду кармап кетишкени маалым болду.
21:53 Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди күч органдары үйүнөн кармап кетишкени тууралуу кабар тарады.
22:09 Бишкекте Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет жасалды.
22:13 Жаалданган эл кайрадан облустук администрациянын имаратын басып алды. Күч органдары Талас ИИБинин имаратына жашынышты.
22:28 Бишкекте Эмил Каптагаев менен Турат Мадылбеков камакка алынды.
23:00 Ошто Анвар Артыков камакка алынды.

7-АПРЕЛЬ

01:15 Бишкекте милиция кызматкерлери Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти.
01:32 Депутат Иса Өмүркулов камакка алынды.
07:05 Орусиядан келген Темир Сариевди милиция кызматкерлери “Манас” аба майданынан кармап кетишти.
09:13 Экс вице-премьер-министр Элмира Ибраимова камакка алынды.
09:44 Нарында райондук акимчиликтин алдына атчандар чогулушту.
09:50 Абдыганы Эркебаев камакка алынды.
09:53 Милиция кызматкерлери Бишкектеги оппозиция өкүлдөрүнүн үйлөрүн тинтүүгө алып жатканы тууралуу кабар тарады.
10:11 Алайда Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөлөрү камакка алынышты.
10:35 Сокулук районунун акимчилигинин алдында “Темир Сариевди бошоткула” деп 1000ге жакын адам чогулду.
11:00 Таласта чогулган эл оппозициячыларды бошотуу талабын коюшту.
11:00 Өкмөт башчысы ДаниярҮсөнов парламентте депутаттарга өлкөдөгү абал боюнча маалымат берди.
11:08 Бишкекте БЭКтин штабы жайгашкан “Форум” ишканасынын имаратынын жанында чогулган митингчилер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болду.
11:10 Таласта облустук администрациянын имаратына эл кирип барды.
12:16 Нарында элдик губернатор шайланды.
12:32 Сокулукта эл Ош-Бишкек жолун бууду.
13:00 6-апрель түнү Таласта көтөрүлгөн элди басмакчы болуп барган ИИМдин башчысы Молдомуса Конгантиевди митингчилер кармап алышты. Сабоолордон соң ал элге кайрылуу жасап, милиция эл менен экенин айтты.
13:10 Бишкекте Ак үйгө атайын даярдыктагы аскерлер киргизилди.
13:30 Токмокто эл Чүй райондук акимчилигине кирип барды.
13:47 Ак үйгө кирүүгө биринчи чабуул жасалды.
14:00 Аксыда элдик аким болуп Кадыркул Өмүрбеков дайындалды.
14:10 Таласта облустук ИИБ элдин колуна өттү.
14:15 Алайда кармалган адамдар бошотулушту. Бийлик элдин колуна өттү.
14:25 Ак үйдүн алдындагы атышуулардан 5 адам жаракат алды.
14:30 Камакка алынган Темир Сариев: “Элге каршы күч колдонбогула”,- деп абактан Курманбек Бакиевге кайрылды.
15:30 Таласта эл биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров менен Молдомуса Конгантиевди катуу сабап салышты.
16:00 Токтогулда элдик бийлик орноду.
16:10 УТРК митингчилердин көзөмөлүнө өттү.
18:32 Бишкектеги №4-ооруканада Ак үйдүн алдынан жаракат алган эки адам каза болду.
18:53 Камактагы оппозиция лидерлери бошотулушту.
19:18 Эл ЖКнын имаратына кирип барды.
19:30 “Молдомуса Конгантиев өлдү” деген кабар тарады.
19:50 Ак үйдүн алдындагы атышуулардан ондогон адамдар каза тапканы белгилүү болду.є
20:00 Бийлик оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөштү.
21:00 Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен “Манас” аба майданы аркылуу Бишкектен чыгып кеткендиги айтылды.
21:30 Элдик курултайдын Борбордук ­аткаруу комитети Кыргызстандагы абалды көзөмөлдөө жоопкерчилигин алгандыгын жарыялады.
22:00 Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин курамы такталды. Ага 14 оппозициячы мүчө, ал эми төрайымы болуп Роза Отунбаева дайындалды.
23:30 Генерал Исмаил Исаков абактан бошотулду.
23:57 Данияр Үсөнов өкмөт башчылык кызматынан кеткендиги жөнүндө арызын жазып берди.

8-АПРЕЛЬ

00.20 Ак үй тараптан ок атуулар токтоду.
00:32 Чогулган эл Ак үйгө кирип барды.
01:00 Бишкекте талап-тоноолор башталды. Мындай аракеттер таң атканга чейин уланды.
07:30 Курманбек Бакиевдин Ош шаарындагы резиденцияда экендиги маалым болду.
08:00 Орусия менен Казакстан “Курманбек Бакиевди кабыл албайбыз” дешкендиги тууралуу маалымат тарады.
09:00 Курманбек Бакиев Жалал-Абадга баргандыгы айтылды.
10:30 Жалал-Абадда Курманбек Бакиевди колдогондор митинг өткөрүштү.
11:00 Ошто элдик губернатор болуп Кушбак Тезекбаев шайланды.
11:30 Баткенде элдик губернатор шайланды.
12:00 Оппозиция өкүлдөрүнөн турган убактылуу өкмөт түзүлдү.
12:30 Ак үйдүн алдында эл кайра чогулуп, Жаныш Бакиев менен Данияр Үсөновдун чыгышын талап кылышты.
12:40 “Азия Универсал Банкы”, “Ысык-Көл”, “Кыргыз кредит”, “Манас”, “Акыл” банктарынын ишмердүүлүгү Улуттук банктын көзөмөлүнө өттү.
13:52 Саламаттыкты сактоо министрлигинен алынган маалыматтар боюнча каза болгондордун саны 75ке, ал эми жабыркагандардын эсеби 1000ге жетти.


МЕРТ БОЛГОНДОРДУН ЖАКЫНДАРЫНА
1 МИЛЛИОН СОМДОН БЕРИЛЕТ

Убактылуу өкмөт коогалаңда каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө компенсация иретинде 1 миллион сомдон төлөп берүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчысынын каржы иштери боюнча орун басары Темир Сариев билдирди. Ал: “8-апрелде кечки саат тогузда дагы бир адам каза тапты. Аны менен мерт болгондордун саны 75ке жетти. Бул маркумдардын жакындарына мамлекеттин эсебинен 1 миллион сомдон көмөк берилет. Оор жаракат алып, ооруканада жаткандарга 100 миң сомдон, ал эми жеңил жаракат алгандарга 20-30 миң сомдон берилет”,- деп билдирет.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
nurhan
2010-04-16 23:52:05
АК ИЙИЛЕТ,БИРОК-СЫНБАЙТ,Урматтуу Президентибиз Курманбек Бакиев эки жылдан кийин акталып кайра келет!!!Олгон олду,озун окко тутуп,бул жерде Бакиедин эч кандай айыбы жок!!! Суттон ак,жонокой падыша эле!! Кайра келишинизди чыдамсыздык менен кутобуз!!!
0
Kyjal
2010-04-17 01:38:52
Nurhan,

senin meen ordunda elebi, den soolugun shakshy elebi? Shogoruuda bolgon okujalardan kijin kantip oosun baryp atat Bakiewdi maktaganga?!!!
Bakiew eki shyldan kijin aktalbasa, shon sherden kasa bolgondordun arbagy ursun!!! Aktalmak tursun, any omur boju kamakka alyp, kundo talaada oor shumush ishtetip, osu aytkanday: otun shagyp, elektr swetinen otko otkulo degendey, elge kanday turmush korgosdu oshondoy turmushtu aga omur boju korgosush kerek. Oshondo dele anyn kyl
0
Kyjal
2010-04-17 01:41:50
kylmyshy aktalbayt!
0
almasbek
2010-04-17 03:18:08
Debi
АППОЗИЦИЯГА МУРДАКЫ ЭКИ БИЙЛИКтен "НАН" БЕРБЕЙ КЕЛГЕН,
АППОЗИЦИЯ НАНГА ЭМИ ЖЕТТИ ЭМИ БИРОО ЭМЕС 14 АДАМ
0
almasbek
2010-04-17 03:22:23
коп ишканаларды азыркы бийликтин адамдары нагло басып алып жатат экен эмнеге TVларда корсотпойт буларды
кече 24.kg ге куралчан СНБ бастырып кириптир
видиосу журот инетте
0
italia
2010-04-17 03:31:59
1миллион сомдон жардам беребиз дейт бергиле бирок ошол 1миллион сомду каяктан алышыт екен? Оккмотун казынасында таптакыр акча жок калыптыр деп жатышпайбы?
0
italia
2010-04-17 03:35:22
Мен эмнеге жиним келет магазиндерди тоношсун болуптур бирок ортобой еле коюшпайбы я? тоногондору аз келгенсип орт коюп кетпей бул емне деген адаттары Я? Эми ушунун баарын кайра ордуна тургузуш учун канча деген каражат керек.
0
nurhan
2010-04-17 16:07:14
Бакиевдин экономиканы онуктуром деп,кашыктап жыйган акчасын чомучтоп чачып жатышат го жаны бийликке келгендер,кичине уят,бет деген керек,дагы казынада акча жок калды "Россиядан карыз алабыз" деп шымаланып,колуна тукуруп отурат булар,деги "Алгандын,бермейи бар" дегенди
0
nurhan
2010-04-17 16:09:40
унутпаса экен азыркы бийлик,Debi туура айтасын бул14 адам,он торт жактан таласа кайда барабыз ээ?
0
donna
2010-04-17 16:51:56
Айланайын ..Кыргызымдын Эр Азамат УУЛДАРЫ!!! К Ы Р Г Ы З элинин бугунун эртенин урпактарды кунумдук азгырык (колдун кири)болгон(кыргызча айтканда)акчага алмашпаган АЗАМАТынар жокпу??? Мекенибизде жумуштун жоктугунан, болсо да (колдун кири) акчанын аздыгынан, кунумдук кор тириликтин азабынан канчалаган улан-кыздарынар чет-олколордо иштеп жатышат.Айланайын атка минерлер, эл-журт башчылары:Дуйнонун эн кембагал мамлекетин талап тоногондон уялбасанар да дуйнонун ар кайсыл жеринде эмгектенип, тапкан б
0
sani
2010-04-17 17:29:01
emne dep jatasinar kancha bala atasin airilip, kancha ene balasinan jok bolup jerdi kuchaktap yilap jatishat, kaidagi PLUS boldu bir jaginan dep jazip jatasinar ...........
0
Debi
2010-04-17 17:46:47
Нурхан, толгон кишиден менин атымды адаштырып алып алыпсын. Мен 14 киши талайт дебей эле турам. Сен бул жердегилердин нервин текшерип ойнойун деген жок белен? Бакиевди "суттон ак" деп, денетабынды текшертип корчу, катуу оору билинбей келет дешчү эле.
0
Debi
2010-04-17 17:49:16
Алмазбек, агентке чыкпайсынбы? Debai@mail.ru
0
kyrs
2010-04-17 21:27:43
Otunga bai ejebiz emi eldi otko kuiguzboso ele boldu.
Tekege bai baikebiz tekelerin jiberip eldi suzup kynabasa eken.
Atasy bai bolup emi ozu baiyiyn degengo.
Temirden kural jaralat emespi, emi Temir kuralga ailanyp eldi kyrbasa eken Gitlrrdei bolup.
Cher sezip ozun Bolot bolo beret turmushta osebenno kyrgyzda dep bisimilla degende ele Ministr MVD bolup aldy. Beknazardyn neberesi kachan nazary bek boloor eken. Bai bolso da kozu toiboi Kuba keldi kazaktan.
0
info
2010-04-19 09:01:11
Урматтуу окурмандар, бул жерге макала боюнча гана пикириниздерди калтырып, ал эми талкууну форумдун атайын тиешелуу болумдоруно кирип кылсаныздар!
0
№ 388, 10-15-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан