Маданият жаатында кыргыз өлкөсүн таанытып келе жаткан иллюзионист Радислав Сафиндин номери европалык музейдин мыкты эмгектеринин катарын толуктады. Өнөрпоздун менеджери Каныкей Султанова: "Радислав Сафиндин эмгеги Амстердам шаарындагы эң чоң Рейксмюсеум музейинде көрсөтүлдү. 62 өлкөдөн келген 2 миңден ашуун эмгектин арасынан Радиславдын искусство жаатындагы видео номери мыкты делген 30 чыгарманын катарына кирди. Жакын арада ал Европанын бир нече өлкөлөрүндө өз өнөрүн тартуулайт. Бул тууралуу уюштуруучулар менен келишим түзүлдү",- дейт.