Азур деген каймана ат менен таанылган ырчы кыз чыгармачылыктан алыстап, учурда Орусиянын Москва шаарындагы дүкөндөрдүн биринде эсепчи болуп иштеп жатат. Орусияга мигрант болуп барган ырчы кыз: "Продюсерим менен иштешип жүргөндө намысыма шек келтирген ар кандай ушактар айтылчу. Андай сөздөн тажап кеттим. Анын үстүнө чыгармачылыкта экөөбүздүн табитибиз эки башка болуп, жакшы иштеше алган жокпуз. Ошондуктан ортодогу келишимди жокко чыгарып, өз алдынча иштөөнү туура көрдүк.
Клип тарттырып, ыр жаздыруу үчүн көп каражат керек. Жардам сурап кайрылсаң ал адамдар туура эмес сунуш киргизет. Андай нерседен качып, акчаны өзүм табайын деп чечтим. Келгенде биринчи аябай кыйналдым. Сахнада жүрүп эле тейлөө кызматында иштеп калган психикалык жактан оор болду. Ошол кыйынчылыкты жеңип, максатыма жетем деп жатам. Кечки нөөмөттө иштеп, күндүзү эс алам. Айлыгы да жакшы, 70 миң сом алып жатам",- дейт.