«ВЕРСУС» ТОБУ

Акыркы кездерде концерттердеги ар бир ыр мазмунуна жараша бий менен коштолуп туруусу модага айланды. Концерттерге ырчыны гана эмес, бийчи кыздарды да көргөнү барган көрүүчүлөр көп. Ушундан улам бийчилер концерттерде чоң роль ойношууда. Эмесе, концерттерди шаңга бөлөгөн бий топторунун бири "Версус" тобу бизде конокто.

АЙПЕРИ,
22 жашта.

Бишкек шаарында төрөлүп-өс­көн. Учурда КМКТАУнун архитектор бөлүмү­нүн 5-курсунда окуйт. Бийден тышкары чоң тенниске, футболго кызыгат.

– Айпери, топтун түзүлгө­нүнө канча убакыт болду?
– Топ 2002-жылы түзүлгөн. Топтун курамы төртөөбүздөн турат. Баарыбыз тең “Жаш кыял” бий тобунан чыкканбыз. “Жаш кыялда” бийлеп жүргөн кезде эле төртөөбүздүн жылдызыбыз келишип, жакшы курбулардан болуп калган элек. Ал эми өзү­бүз­чө бий тобун түзүү сунушун Айгүл киргизген. Бул идея баарыбызга жаккан. Бирок, мындай жоопкерчиликтүү ишти баштоодон алгач бир аз жүрөксүнгөнбүз. Анан “Аракет кылсаң берекет” дегендей, оюбуз иш жүзүнө ашты.
– Топту ким жетектейт?
Топтун жетекчиси жок. Мындайча айтканда, өзүбүзгө-өзүбүз жетекчибиз. Топко тиешелүү иштерди өзүбүз аткарганга кудуретибиз жетет. Ошондуктан, жетекчи, продюсер дегенге муктаж эмеспиз.
– Айпери, бийден тышкары эмне менен алектенесиң?
– “Версус” тобунан сырткары Жаркынай экөөбүз “Тумар” деген бий клубун ачканбыз. Ошол жакта 6 жаштан 16 жашка чейинки кыздарга бий үйрөтөм. Андан тышкары, бир окуу жайда хореографиядан сабак берем. Ошону менен бирге, “Афродита ” деген сулуулук салонунда чыгыш бийи боюнча машыктыруучумун.
– Демек, досторуң менен көңүл ачканга сенде убакыт деле болбойт тура?
– Негизи, убакытты туура пайдалансаң, бардык жакка жетишсең болот. Мен ар бир ишиме өзүнчө убакыт бөлүп коём. Темир жоргомду минип алып, баарын өз учурунда бүтүрөм. Ушундан улам ишим канчалык көп болсо да, досторум менен жолугуп эс алганга мүмкүнчүлүк табылат.
– Темир жорголуу болгонуңа канча болду?
– Жарым жылдан ашып калды. Бийдин арты менен Жаркынай экөөбүз машиналуу болгонбуз.

ЖАРКЫНАЙ,
23 жашта.

Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда Бишкектеги №2-мектепте биология сабагынан мугалим. Бийден тышкары даамдуу тамактарды жасаганды жакшы көрөт.

– Жаркынай, тобуңар кандайча “Версус” деп аталып калган?
– Топтун атын өзүбүз койгонбуз. Бирок, бул сөз кимибизден чыкканы азыр эсимде жок. Чогулуп отуруп, топко ат тандап жатып бирөөбүз “Версус” деп сунуш киргизген элек. Эмнегедир бул сөз кулагыбызга жагымдуу угулду. “Версус” деген сөз англис тилинен которулганда “каршы” дегенди түшүндүрөт. Ошентип, капысынан эле топко ат тандалып калган.
– Топто ким лидер?
– Топто баардыгыбыздын укугубуз бирдей. Болгону, ар кимибиздин өзүбүзгө тиешелүү иштерибиз бар. Мисалы, административдик иштер менен Айпери алектенет. Сейде экөөбүз кайсы кечеге кандай бийди бийлөө керек экенин тактап пландайбыз. Айгүл болсо формаларды даярдайт. Кыскасы, ынтымакта иш алпарып келатабыз.
– Демөөрчүңөр барбы?
Учурда демөөрчүбүз жок. Бир жолу “Манас” аэропорту демөөрчү болуп, жыйырма миң сомго топко костюм тиктирип берген.
– Мектепте мугалим болуп иштейт экенсиң, окуучуларың тийишкен учурлар болобу?
– Жок. Өзүм иштеп жаткан мектептин директору – өзүмдүн апам. Ушунданбы же өзүмдүн бекем мүнөзүм­дөнбү, айтор, окуучуларым менен сый мамиледемин.
Турмушка чыгуу жөнүндө ойлоно элек­сиңби?
– Азырынча ойлоно элекмин. Бирок, сүй­лөш­­көн жигитим бар. Ал дагы чыгармачыл адам.

АЙГҮЛ,
22 жашта.

Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда КМКТАУнун бажы бөлүмүнүн 5-курсунда окуйт. Хоббиси: адабий китептерди окуу.

Айгүл, кайсы ырчылар менен көбү­рөөк иштешесиңер?
– Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков, Акбар Сүйүнбаевдер “Жаш кыял” бий тобу менен иштешкендиктен, алардан тышкары бардык ырчылар менен иштешебиз. Алар бизге концертке бир- эки жума калганда сүйлө­шүп, кайсы ырына бийлей турганыбызды айтышат. Биз ошол ырга ылайыктуу бий таап, ырга жараша костюмдарыбызды да камдап коёбуз.
Кыздар ортосунда сөз табыша албай, урушуп кеткен учуруңар болобу?
Башында тил табыша албай кыйналабыз го деп ойлогонбуз. Бирок, айлап деле чогуу гостролдордо жүрүп, бир бөлмөдө жашап келе жатабыз. Бир да жолу бири-бирибиз менен уруша кетип, таарынычтар болгон эмес.
– Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?
– Мен азыр жалаң окуу менен алекмин. Болгону, топ менен концерттерге, кечелерге барып бийлеп турам. Буюрса, жазында төртөөбүз биргеликте бий үйрөтүүчү жай ачканы жатабыз. Клубдун атын да тобубуздун атынан коюуну пландап койгонбуз.
– Бий сен үчүн кесиппи же жөн гана хоббиңби?
– Бий мен үчүн хобби. Анткени, мен келечекте өз кесибим менен бажы тармагында иштегим келет.
– Хореографияны окуган бийчи менен окубаган бийчинин айырмасы барбы?
– Айырмасы бар. Бийлеп жаткандардын ичинен хореографиядан сабак алган бийчи адегенде эле көзгө урунат.

СЕЙДЕ,
21 жашта.

Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда кыргыз-орус Славян университетинин экономика бөлүмүн­дө 5-курста окуйт.

Сейде, бийлегенде кийүүчү костюмдарыңарды ким тигет жана саны канча?
– Сахнага чыгуучу костюмдарыбызды дайыма Венера деген эжеге тиктиребиз. Ал эми фасондорун өзүбүз ойлоп таап, ага сунуштайбыз. Баш-аягы биригип 15 формабыз бар.
– Кечеге чакырышып, акчаңарды төлө­бөй алдап кеткендер болгонбу?
– Бир жолу Карабалтага дунган улутундагы адамдар “үйлөнүү тойго бийлеп бергиле” деп чакырышкан. Эки күн бийлегенибизге 500 доллар деп сүйлө­шүп макулдашканбыз. Бирок, кетээр маалыбызда 400 доллар эле берип, “100 долларды шаарга барганда беребиз” деп алдап кетишкен.
– Жактырган адамың барбы?
– Бар. Кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө эки жылдын жүзү болуп калды. Бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз. Чыгармачылыгымды да колдоп келет.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 223, 9-15-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан