ПАМИРДЕН КЕЛИП ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫН АЗАБЫН ТАРТЫП ЖАТКАН ҮЙ-БҮЛӨНҮН ТАГДЫРЫ. «ДОКУМЕНТИБИЗ, ҮЙҮБҮЗ ЖОК МАЙЫП КЫЗЫМА ЭЛЕ КЫЙЫН БОЛДУ»

Өз жерин, элин көксөп Тажикстандагы Памир тоолорунан өлкөбүзгө көчүп келген адамдардын саны бир канча. Алардын ичинен тарыхый мекенинде турмушун оңдоп кеткендери да аз эмес. Бирок кыргыз элине бакыт издеп келип, тескерисинче, татаал тагдырга дуушар болгондор да бар. Алардын бири Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Вознесеновка айылында жашаган Кулушевдердин үй-бүлөсү.

Жаныбек Кулушев: «КЫРГЫЗ ЖЕРИНЕ БЕКЕР ЭЛЕ КӨЧҮП КЕЛИПТИРМИН ДЕП ОЙЛОБОЙМ»

– Кыргыз жерине 2005-жылы келгенбиз. Тажикстандагы Мургаб айылында жумуш жок болуп, эл катуу кыйналып баштаган. Ал жакта эч нерсе өспөйт, эч нерсе курулбайт. Оштон гана ун барчу эле. 1 койго 1 мүшөк кара ун алчубуз. Ошондо элдин кээ бирлери үйүн сатып, эптеп акча таап 1 баштык менен Кыргыз өлкөсүнө карай сапар тартып баштаган. Биз дагы тоолуу жерде жашачубуз. Жубайымдын өпкөсү ооруганына байланыштуу аны дарыгерлер тоолуу эмес жерде жашашы керек дешкен. Топоз, койлорубузду сатып, бул жакка жубайым жана 5 балам менен көчүп келдик. Алгач келгенибизде Бишкектин четиндеги бир фермада мал багып, батирде жашап жүрдүк. 5-6 жыл иштеген соң жубайым ооруп жарым жылдай ооруканада жатты. Бирок ага карабай каза болуп калды.
Кийин курулушта бир жылдай иштедим. Балдарымды борбордо окууга киргизе албасымды түшүнүп, Панфилов районундагы Вознесеновка айылына көчүп келдик. Бул жерде мал багып, кожоюн малчыга деп берген үйдө жашачу элек. 1 ай өткөн соң аларга малчыга кошо саанчы керек болуп, үйдү бошотууга туура келди.
Балдарымдын экөөсүн Вознесеновкадагы мектепке киргиздим, алар окуп жатышат. Бири 1-класста, экинчиси 6-класстын окуучусу. Улуу кызым Жалал-Абадга турмушка чыгып кетти, 2-кызым тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, аны 17 жаштагы кызым карап отурат. Эжесин таштап кете албай, 6-классты бүткөндөн кийин мектепке да барбай калды. Себеби майып кызымды караган башка адам жок. Аны кароосуз калтырсак, өз алдынча бир жактарга кетип калат. Канча жылдан бери оорукчан кызымды майыптар үйүнө берсек деп тиленем. Балким, ал жакта жакшы карашат беле деп ойлойм. Керектүү дарысын берип, зарыл текшерүүлөрдөн өтөт беле деген үмүтүм үзүлбөйт. Сиңдисинин колу бошоп, ал дагы иштесе, кичине жардам болмок. Бирок учурда биздин эч бир документибиз жок. Ооруп калсак айылдагы дарыгерлер түшүнүү менен карап беришет.
Эч кандай шарты жок үйдө баарынан оорукчан кызыма кыйын болуп жатат. Рахат кызым өмүр бою майып эжесин карап отура албайт. Бой жетип калды, турмушка чыгып кетсе эжесин ким карайт, кантип тиричилик кылабыз деп ойлоном. Өзүм 50 жашка чыгып калдым. Азыр жашап жаткан үйүбүздүн ээси дагы акча сурабайт, биздин акыбалыбызды көрүп боору ооруду окшойт, «бекер эле жашай бергиле» деген. Мен болсо ар кайсы жумушта иштеп, үйгө тамак-аш алып келгенге аракеттенип жүрөм. Кышында базарда жүк ташуучу болуп иштедим. «Памирден бекер эле көчүп келиптирмин» деп ойлоносузбу?» деп сурап калышат. Жок, антип ойлобойм. Кантсе дагы өз элимдин арасында, өз жеримде жашап жатканыма шүгүр кылам. Памирде бизди ким укмак эле, жардам бермек турсун тажиктер биз менен эсептешпейт.

– Бизге жеткен маалыматтар боюнча, сиздин үй-бүлөңүз тууралуу айыл элине эң кичүү уулуңуз Алихан сабакта эсин жоготуп жыгылгандан кийин маалымат тараган экен. Анда "бала ачка болгондугунан ушундай болду" деп жатышат...
– Жок, андай окуя болгон эмес. Мугалимдери деле «бул сөз кайдан чыкты?» деп таң калып жатышат. 6-класста окуган балам кошуналардын малын багып, акысына тамак алып иштейт деп айтышыптыр. Ал окуйт, мал баккан эмес. Кээде гана мага жардамдашып калышы мүмкүн.

Жаныбек кызы Рахат, 17 жашта: «ЭЖЕМЕ ЖАРДАМ БЕРИҢИЗДЕРЧИ»

– Мен окубайм, эжемди карап үйдөн деле чыкпайм. Эжемди кароосуз калтырсак ал башы оогон жакка кете берет, үйгө кайтып келгенди билбейт. Жөнөкөй «отур, тур» деген сөздөрдү түшүнөт. Бирок башка нерселерди түшүнбөйт. Бул эки бөлмөлүү үйдө жашаганыбызга 2 жыл болду, электр мешинин жардамы менен 1 бөлмөсүн эптеп жылытабыз. Себеби үйдө от жакчу меш жок.
Жайкысын инилерим эс алууга чыкканда мен талаа иштерине чыгып бир аз акча таап келем. Башка учурда үйдөн алыс чыга албайм. Талаада иш кылып жүрүп таанышкан курбу кыздарым бар. Алардын жашоосу, албетте, биздикинен башкача, сейилдегенге, ойногонго убактысы бар. Курбуларым мектепте окуп, чоң окуу жайга тапшырабыз деп даярданып жүргөн убакта мен үйдө эжемди карагандан колум бошобойт. Чындыгында ушул майып бир тууганыма гана жардам берсеңиздер. Себеби ага жакшы кароо керек. Буга чейин биз тууралуу уккан борбордун тургундары май, чай, нан жана башка керектүү нерселерди алып келип беришти. Азык-түлүгүбүз көбөйүп кубанып калдык.

Ордогүл Ооматова, Памирден 7 жыл мурун көчүп келген. Жаныбек мырзанын айылдашы: «МЕКТЕПТЕ ОКУУЧУ ЭСИН ЖОГОТУП КОЙДУ, СЕНИН ЖЕРДЕШИҢ ЭКЕН» ДЕП ЧАКЫРТЫШКАН»

– Биз деле ушул үй-бүлөдөй 7 жыл мурун Памирден көчүп келгенбиз. Мурда Кант шаарында жашачу элек. Бул жакка көчүп келип, үй сатып алып жашап жатканыбызга 1 жарым жыл болуп калды. Учурда Жаныбектин балдары окуган мектепте мен ата-энелер комитетинин мүчөсүмүн. Мурун ал кишини таанычу эмесмин, бир күнү мага «1-класстагы Алихан деген бала эси ооп жыгылып калды, сенин жердешиң экен. Ачка жүрүп кулап калыптыр» деп мектептин директору өзүнө чакыртты. Барсам, чын эле суукта жеңил кийинген кичинекей бала экен. Алардын үйүнө бардык, жашоо шартын көрдүк, ата-энелер, мектеп жамааты биригип жардам көрсөттүк. Балдардын атасы кыйын турмушка чыдабай ичип да коёт экен. Кыргыз деп элибизге келдик да, жардам көрсөтүп жаткан адамдарга рахмат. Азыркы жашоо шарты жакшырып калгандагысы. Бирок баары бир алар дагы деле жардамга муктаж.

Жаныбек мырза кышы бою 1 бөлмөдө бойго жеткен 2 кызы жана 2 баласы менен жашап жатат.


Бөлмөдө минтип ачык токтун зымы турат. Андан 7 жаштагы Алихан эки жакка секирип өтүп жүрө берет.


Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Памир тоолорунан келген кыргыздар кыйналышууда
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
ekaterinburg
2017-04-10 19:18:45
Байкуштар ай(((Боорун ооруйт танкору!Жардам береличи.Ушундай макаланы жазып чыгарганда сразу эле счет ачыппы,жардам беруунун жол-жоболорунбу жазып койсонор жакшы болот эле супер-инфо.
+9
bosmos777
2017-04-10 19:32:33
Азаматсынар! Супер жок дегенде! Ушул уй булонун, керектуу документерин жасап бергенге комоктошуп койсонор жакшы болмок. Унуткарбай кайрадан корсотуу жасап. Балдарына жана майып кызга жолок пул чыгарып беришсе. Окмот тараптан. Кыргыздын аалыс, жакында жашаган. Кайрымдуу мекендештер кол сунаалы. Колдон келгенче.
+9
century
2017-04-11 20:53:04
Кыргызстана кочуруп келсе болбойбу буларды айылы менен?
0
belka
2017-04-12 00:55:44
century,Кыргызстанда жашап жатышат экен.2005-жылы келгенбиз дейт.
+2
shamshiev.80
2017-04-11 21:02:58
Мен баймын,мен бай болгон кезде азыркы байларын студент болчу деген Апенди коруп атат болду бекен ушуларды
+6
nurai8894
2017-04-12 00:04:20
Бул кундор да отуп кетет, Алланын козу туз болсун
+2
kilim
2017-04-12 07:10:46
Бул кундорда отуп кетет Алахым озу колдосун амиин.
+2
Gulmira015
2017-04-12 16:37:32
счет ачышканга жардам кылып койсонор акча которот элек колубуздан келишинче! окуп алып ыйладым, Аллахым жардамчысы болсун!
0
mirbek99
2017-04-12 21:23:39
Супер инфо ар чыгарган каармандарга счет ачып туруп чыгарсаңар биз акча которот элек селер канча жыйылса алып барып берет элеңер , сураныч ушул сунушту эске алып коюңуздарчы супер инфо жамааты .
+1
admin_superstan
2017-04-13 10:30:26
mirbek99, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарланды.
+1
Patriot7
2017-04-13 11:13:14
Байкуштар Мекенине кочуп келип кайра эле кыргыздын адам тааныбай керсейген байларына жалчы тушуптур да. Бул бийлик качан онолот?!! Бийлик контрабанда жук ташып, алтын сатып озун ойлоп отурат. Элди ойлоор бийлик качан келет?!! Азыркы бийлик элди артка тартып жатат, илгерки байлар менен жалчы-кулдардын заманына....
+2
nuria.2015
2017-04-13 14:08:47
Супер инфо ододо айтылгандай ушул уй булого счет ачыш керек.Аны Азамат Байматов агабызга айтып дегендей.ушундай мумкунчулугу чектелген уй булого жардам берип элге жарыялап акчасын оз дарегине жеткирип уй салып берип ото чон маселени чечип жаткан Азамат агабызга аллахым уй булосу ата энеси бала чакасы менен бактылуу кылсын.бул уй булого счет ачса биз да Москвадан которобуз.уйлуу болуп калышсын.бийлик кыргыздын санын кобойтуштун ордуна туш тарапка таратып жатат элибизди.
+1
admin_superstan
2017-04-13 15:24:59
nuria.2015, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарланды.
0
nuria.2015
2017-04-14 02:58:25
admin_superstan,саламатчылык.сиздерге да рахмат ушинтип элге жанылыктарды жеткирип .ушундай колунда жоктордон интерьвю алып себепкер болгонунуздарга.москвада болсок да калтырбай окуп келем.кудайым колдоп,кыргыз эл колдоп,коп тукурсо кол болот дегендей карапайым эл кайра боорукер болот бир кун телефонго акча салбай,ошо акчаны которсок жакшы болмок.ододо дироктору жердешин деп чакырыптыр.кыргызбы демек баарыбыздын жердешибиз.бирдей коз караш болуш керек буларгада.
0
Alibay
2017-04-13 15:00:19
Ушул нерсеге элди милдеттендирген мыйзам ойлоп чыкса жакшы болмок.Ар бир адам 20-30- сомдон единица салгандай эле которуп койсок.Ал эми чондордон кобуроок алынса дегендей.Уй жайлуу,болууга ,дарыланууга аз да болсо жарап калмак.Канчалаган уй-булоолор акча отурганын эстесем жаман болуп кетем.коп тукурсо кол боломок...
+1
Truelensk
2017-04-13 15:33:32
Бабанов байлыгынан 00000001% берсе эле кандай болмок.
+1
Aidani
2017-04-14 01:53:43
Азамат Байматов байкеге айтышайтыш керек
0
kanybek1986
2017-04-14 11:32:01
Жардам бергенге даярбыз бизда
0
elif
2017-04-16 21:50:08
Элдуу тулку ач калбайт,кайгырбаныз,кантсе да элибиз боорукер жардамчыл эмесби
0
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан