Бишкек шаарында 2017-жылы 2 асма көпүрө курулат. Алар Болот Мамбетов-Шабдан баатыр көчөлөрүнүн ("Мадина" базары) жана Муса Жалил-Жибек Жолу проспектисинин ("Аламүдүн" базары) кесилиштеринен орун алып, жалпысынан 37 миллион сом акча каражаты сарпталат. Бишкек шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыжапаркул Жанболотовдун айтымында, 2018-жылы ушул сыяктуу асма көпүрөлөр "Айгүл" соода борборунун жана "Ош базарынын" жанына да курулат. "Быйыл курулуп жаткан 2 асма көпүрөнүн курулушу 31-августка чейин бүтөт. Алардын долбоору түзүлүп, акча каражаты бөлүнгөн. Мындай көпүрөлөр Бишкекте биринчи жолу курулуп, майыптар жана карыялар үчүн лифт орнотулмакчы. Учурда кийинки жылы курулуучу асма көпүрөлөрдүн долбоорлору иштелип жатат",- деди Жанболотов. Маалыматка караганда, ишти аткаруучулар үчүн жарыяланган тендер 2017-жылдын 17-апрелинде аяктайт.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg