Роза Отунбаева: “ЧЫНДЫК ҮЧҮН КҮРӨШӨ АЛБАСАК, АНДА ӨЛКӨНҮН КЕЛЕЧЕГИ БОЛБОЙТ”

Бейне

Жогорку Кеңеште эркектер менен эриш-аркак иштеп жүргөн бир топ айымдарыбыз бар. Кандай маселе козголбосун, дээрлик көпчүлүгү ооз ачышпайт. Айымдардын ичинен өзгөчөлөнүп бир гана Роза Отунбаеванын чындык үчүн чырылдап жатканын көрөсүң. Бул жолу Роза эжебиз бизге маек куруп берди.

– Роза Исаковна, кыргыздар тааныша келсек эле, "кайдан болосуң, урууң ким?" деген суроолор менен баштайт эмеспизби. Анын сыңарындай cиздин саясий ишмердүүлүгүңүзгө кызыккандардын арасында “кайсы жердин кызы болду экен?” дегендер жок эмес…
– Менин атамдын теги, түбү түштүктөн. Бирок жумушуна байланыштуу мен төрөлгөн жылы Нарын шаарына көчүп барышкан. Ал жерде облустук соттун төрагасы болуп 12 жыл эмгектенди. Ошондуктан мен он эки жашыма чейин Нарында жашап, Чкалов атындагы орус мектептен билим алдым. 1962-жылы атам башка жумушка которулуп, Ошко көчүп кеттик. Ал жерден Киров орто мектебине кирип, аны 1967-жылы бүтүргөм. Мен окуган мектептер кыйла күчтүү мектептерден эле.
– Орто мектептен кийин кайсы жогорку окуу жайына тапшырдыңыз?
– Мектепти аяктагандан кийин Орусиянын Москва мамлекеттик университетинин философия факультетине тапшырып, аяктагам. Кийин кандидаттык диссертациямды да философия илими боюнча жазып, жактагам.
– Ата-энеңиз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз...
– Жашоого алып келген ата-энебизге кандай жакшы сөз айтсак жарашат да. Мени да ушундай даражага жеткирген атам Отунбаев Исак сот болуп иштеп, пенсияга чыккан адам. Ал эми апам Даниярова Салиха мектепте башталгыч класстарга билим берип эмгектенген. Уул-кыздарынын бактысына азыр апабыз маңдайыбызда.
– Канча бир туугансыз?
– Мен сегиз бир туугандын экинчисимин. Кыздардан жетөөбүз, эң кичүүбүз гана эркек.
– Сиздей айбаттуу саясатчы айымыбыздын өмүрлүк жолдошу тууралуу билгибиз келет...
– Эми кандай десем... Мен 1979-жылы 29 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум билимдүү, окумуштуу киши болчу. Көп жылдар бою Илимдер академиясында эмгектенген. Биз турмуш кургандан кийин менин иштериме байланыштуу Америкада, Москвада жашап келгенбиз. Себебин эч кимге айткым келбейт, түшүнбөстүктөн улам 1987-жылы экөөбүз эки башка жол тандап кеткенбиз.
– Окумуштуу болсо эл тааныса керек, жолдошуңуздун аты-жөнү ким эле?
– Эми анын аты-жөнүн айтуунун зарылдыгы деле жоктур.
– Канча балаңыз бар, балдарыңызды өзүңүз эле тарбияладыңызбы?
– Атай деген уулум жана Карачач деген кызым бар. Уул-кызымды өзүм эле тарбиялап чоңойттум. Кызым турмушка чыккан, уулум үйлөнгөн.
– Келин алган турбайсызбы, кандай кайнене болуп жатасыз?
– Атайды үйлөнгөндөн кийин эле бөлүп койгом. Бири-бирине көнүшсүн деп. Алар үйдө болгон күндө деле келинди тескеп, кайненелик милдетти аткарууга убактым болбойт. Эртең менен эрте кетип, кечинде кеч барып дегендей.
– Үстүбүздөгү жылдын 9-февралында Орусияга барып, “Эхо Москвы” ("Москва жаңырыгы") радиосуна маек берип келгениңизди эшиттик. Жаңылбасам, 2005-жылы да ошол датада, ошол радиого чыккан экенсиз. Бул жөн гана дал келүүбү же...
– Жок, мен бардык нерсени пландап, атайлап жасабайм. Аны өзүм деле байкаган эмесмин. Бирок ошондой дал келүү болуп калыптыр. Анда Орусиянын Федерациялар кеңешинин башчысы Сергей Мироновдун чакыруусу менен барган элем. Бардым, маек курдук. Кыргызстандын бүгүнкү ыплас саясаты тууралуу кененирээк айттым. Биздеги өзүм билемдик саясатты азыр сокур деле көрүп, дүлөй деле угуп жаткан мезгил да...
– Айрым эркектерге караганда эч нерседен тайманбай, болгонун болгондой айтып саласыз. Коркпойсузбу?
– Эмнеден коркоюн?! Чындыкты айтканым үчүнбү?! Биз, адамдар, чындык үчүн күрөшүп жашашыбыз керек. Келечекке жол бүгүндөн башталат эмеспи. Анан ал унчукпаса, бул унчукпаса, аларга кошулуп мен башымды жерге салып үндөбөй отурсам, анда кыргызга ким күйөт? Биз эгемендүү өлкө катары келечекке барабыз десек, анда чындык үчүн күрөшүүбүз абзел. Эгерде андай кадамдарга бара албасак, өлкө катары келечегибиз болбойт.
– Учурунда Акаев менен жакшы мамиледе жүрүп, кийин ал кишиге каршы оппозицияга өтүп кетишиңизге эмне себеп болгон?
– Ал киши жаманбы, жакшыбы, кыргызга кызмат кылган киши. Бирок 1997-жылдардан баштап кадр саясатына үй-бүлөсүнүн, аялынын аралашуусу ал кишини ушундай күнгө алып келди. Биздин өлкө жаңыдан эгемендүүлүктү алган жылдары мен Орусияда элем. Анан мени Акаев чакыртып жибериптир. Келсем “өзүңүздүн өлкөгө кызмат кылып бериңиз” деген сунушун айтты. Башка өлкөгө кызмат кылганча, өз өлкөмө кызмат кылайын деп Акаевдин сунушуна макул болуп, Кыргызстандын Америкадагы алгачкы элчилигин мен ачкам. Элге кылган эмгекти эл баалаган жакшы, "мен минткем, тигинткем" деп мактанып элге көрүнгүм келбейт.
– Эже, өкүнгөнүңүз эмне?
– Кайдыгерликке өкүнөм. Биз учурда көзүм көрбөсө мейли, эмне болсо ошол болсун болуп калдык. Жерибиздин бермети болгон Ысык-Көлдү көрүнгөн өлкөгө бөлүп-кесип берип жатабыз. Кечээ эле Акаевдин колтугуна башын катып, Үзөңгү-Кууштун сатылышына "макул" деп добуш бергендер бүгүн кыргызга күйгөн киши болуп, бизге жармашып жүрүшөт. Жакында эле эл байлыгы болгон “Түндүкэлектр” ишканасын арзыбаган 3 миллион долларга сатып жибердик. Аябагандай арзан кетти. Ошол “Түндүкэлектрдин” ток жүргүзгөн зымдарынын узундугун эсептеп көрсөк, экватордун жарымына барабар экен. Албетте, ушундай бийликтин эл байлыгын каалагандай калчап жатканы өкүнтпөй койбойт.
– Аялзаты катары үй оокаттарды жасаганды бүт эле билсеңиз керек...
– Сөзсүз да. Учурунда биз жасабаган иш калган жок десем туура болот го. Бардыгын билем, бирок азыр жасабайм, жасаганга убактым да жок. Канча өлкөдө болдум, эл аралык дипломатияда иш алып барууда тажрыйбам мактанарлык эле. Эми ошол тажрыйба менен элиме кызмат кыла турган курактамын да…
– Рахмат, эже, убактыңыз канчалык тар болсо да, мүмкүнчүлүк таап маектешкениңизге. Жүрөгүңүздө кыргызга деген сүйүүңүз өчпөсүн!

БЕЙНЕСИНЕ ШИЛТЕМДЕР

  • Туулган жылы – 1950-жыл,
    23-август.
  • Орусиянын М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн.
  • Философия илимдеринин кандидаты.
  • Кыргыз, орус, англис, немис жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт.

Аркалаган кызматтары:

  • 1975-1981-жылдары Кыргыз улуттук университетинде доцент, диалектикалык материализм кафедрасынын башчысы;
  • 1981-жылы Ленин райкомунун 2-секретары;
  • 1983-жылы Фрунзе шаардык комитетинин 2-секретары;
  • 1986-1989-жылдары КРнын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары;
  • 1989-1991-жылдары СССРдин Тышкы иштер министрлигинин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын төрайымы;
  • 1992-жылы КРнын Вице-премьери, Тышкы иштер министри;
  • 1992-1994-жылдары КРнын АКШ жана Канададагы элчиси;
  • 1994-1997-жылдары КРнын Тышкы иштер министри;
  • 1997-жылы КРнын Улуу Британия жана Ирландиядагы элчиси;
  • 2002-2004-жылдары БУУнун Баш катчысынын Грузиядагы атайын өкүлүнүн жардамчысы;
  • 2004-жылы "Ата Журт" оппозициялык кыймылынын тең төрагасы;
  • 2007-жылы ЖКнын депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү;
  • 2009-жылы СДПнын парламенттеги фракция башчысы;
  • 2010-жылдын 7-апрелинен тартып убактылуу өкмөттүн башчысы, Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин төрайымы.
P.S. Айта кетчү нерсе, Роза айым менен маек бир ай мурун даярдалган. Бирок тымызын кысымдардан улам жарык көрбөй келген.
Амантур Султанкулов
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
ylduska
2010-04-15 12:30:36
Эн биринчи озубузду ондошубуз керек "Акелеп-жакелеп" чондорубуздун баркын озубуз эле которуп алып атабыз кошомат кылып, эгерде жакшыраак орунга олтуруп калсак жоготкубуз келбей взятка бере баштайбыз.
0
Debi
2010-04-15 18:12:21
Путинди карагылачы, кадыр-баркы президент менен тен катары, керек болсо ойдо, Акаев менен Бакиев ошентип кетсе болбойт беле? Биздин алгачкы президенттерибиз, кишини уят кылбай.(Акаев Бакиевдин фонунда чиркин, апапак эле болуп калды го, Бакиев кылгандан ошо кишиге жакшылык кылды ушинтип)Абийири аштай тогулуп жатса да тырмышып байлыктан башын чыгара албай, байлык учун жанын сайып журот. Роза эжебиз президент болуп калса, болуп жаткандардан сабак алып, адамгерчилигин байлыкка, мансапка алмашпас де
0
Debi
2010-04-15 18:14:10
деген умут зооор. Жумуштагы орус туугандардын алдында жер каратпай, (болбой эле жер карабай атам, эми коросунор кыргыз элин деп) Кана эми, Роза эже!
0
ylduska
2010-04-16 13:07:25
Менин дагы бугун конулум чокту, бизде издеген башка улуттун адамдары кете башташты. Алар жакшы адамдар болчу. Биздин ойлонбой марадерлук кылып, рейдерлик иштерди кылган кээ бир адамдардын айынан.
0
Kyrgyzzz
2010-04-16 15:13:57
Суротко укмущ тущуптур го "Розанын династиясы" куйоолору менен 15-16 кызматты ээлещсе.Путиндин баркы президенттей эмес эле президент,бирок,комускодо.Эмки щайлоодо президентке келууну коздоп атса керек.Розанын тажрыйбасы жакщы эле,бирок,билип болбойт.Бийлик адамды кор,дулой кылып койот.Адамды бийлик берип сынащ керек.Байкап туралы4ы эмне жумущтар аткарар экен 4ын4ыл эжекебиз.
0
Debi
2010-04-16 22:10:56
Келгиле, бири-бирибизге жылуу, жакшы создорду айтабыз, эч кимди жамандабайбыз. Бироонун жаман ишин корсок, барып озуно, бетине айтабыз. Укпай койсо Кудайга койдук. Биз милдеттен кутулдук.
0
Chippolino
2010-04-17 02:30:00
KUDAIM SURANAAAAAAM,KYRGYS ELIME TATYKTUU PREZIDENT BERE KOR...Beri ele jagy kazaktardan emnebiz kem? Bizdin biylikte gana emes,eldin kobundo,ozgocho maroderlordo NAMYS degen jok ekeni dalildendi!But duino juzuno shyldyn bolduk!Nemezterdi karagan betim,emi jer karap ele kaldy:(!!!Kudai za chto???Kachan KGnin bagy achylat?!
0
Chippolino
2010-04-17 02:35:52
Bais, MEN SAGA TOLUGU MENEN KOSHULAM!!!!Opposiziya eldi oiloso ,ozdoru kokuroktorun kyrgys eli uchun okko tosushpait bele!Beikunoo eldi paidalanyshty!Alardyn shoru kimge?Bakiev ketkeni ketti,oshogo okshogon dagy biroo kelet da.Al tuugandaryn toiguzgancha dagy 5 jyl.Bergen interv'yularychy .Tantyraktashyp.Ehhhh
0
nurhan
2010-04-17 16:20:47
"Алтын баштуу катындан,бака баштуу эр артык"
0
Debi
2010-04-17 17:34:22
Шаси, МЕН САГА ТОЛУГУ МЕНЕН КОШУЛАМ. Жакшы тилек жарым ырыс дейт. Менимче бийликке келгендерди сынагыча эл озунун тилегин, ишенимин ондошу керек. "Булар деле ошентет" деп озубузду ынандыра берсек, ошол тилегибиз келет. Андыктан ойду, тилекти тазарталы.
0
nurhan
2010-04-17 22:33:51
Эми эмнеге тегим"Туштуктоон" деп калган эжекебиз?....
0
italia
2010-04-18 01:32:22
Мен мактанбайм деп койгону кайсы да анан мен мынткем мен анткем дейт. Баары еле биринчи ушинтип каяктагы бир жомокторун обешанияларын айтып келишет азыр ишенуу да кыйын болуп калды. Эми Роза эжебизди коробузго кандай иштерин может аял киши Кыргызстанды оноп кететир деген чон умутубуз бар.
0
italia
2010-04-18 01:39:55
Деби мен сага кошулам. Же болбосо Польшаны президентин карагылачы, андан коро биздин президентер ушинтип олсо кичине жакшы аты калмак да.Азыр мынтип экоо тен качып кетип отурушат биздин акчалар менен.
0
tumarchik
2010-04-18 19:18:17
Bakievtin 7-bir tuugany bar ele emi bul ejebiz 8-bir tuugan bolup chykty. Ee tuugandar kachan bizdin bilikke bir tuugandary az je baldary jash biroo kelet. Erten ele Atai chykpasa boldu Aidar,Maksimdei bolup. Karachachy Bermetei bolup. Roza eje suranych sizden bir tuugandarynyzdy baldarynyzdy politikaga ileshtirbeniz. Bashka opozitsiya liderlerine da tiesheluu soz!
0
info
2010-04-19 09:08:14
Урматтуу окурмандар, бул жерде макалага гана пикирлеринизди билдирсениздер. Ал эми талкууну форумдун тиешелуу болумдорунон кылсаныздар болот.

0
№ 388, 10-15-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан