БЕЙОНСЕНИН ИНСТАГРАМЫНА ЖАРНАМА КЫЛУУ 1 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫ ЧАПЧЫЙТ

Популярдуу америкалык ырчы Бейонсе Инстаграм баракчасында эң таасирдүү атактуу болду. Ырчынын менеджери Бейонсенин баракчасына өздөрүнүн кызматтарын жарнама кылгысы келген компаниялар 1 миллион доллар төлөшү керектигин жар салганын чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Айта кетсек, Бейонсе 2 ай мурун кош бойлуу экенин жазып, сүрөтүн жүктөгөн соң Инстаграмда эң популярдуу жылдызга айланган. Бул сүрөт 11 миллионго жакын "лайк" топтоп, Селена Гомес жараткан рекорддон ашып өткөн. Мындан улам анын окурмандарынын саны күнүгө 2000ге өсүүдө. "Мурда ал сүрөттөрдү аз жүктөсө, азыр мамилесин өзгөртүп, күйөрмандарына көбүрөөк ачыла баштады",- дейт Бейонсенин өкүлү.





Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Nazikbaigazy
2017-04-10 11:00:39
Охоооо бир миллион
0
Bak.taalai
2017-04-12 00:05:40
Nazikbaigazy,бир эмес он бир
-4
SansaNePredaiJohna
2017-04-10 11:29:27
кош бойлуу ачык суроту жарыялоо - бул извращение же акча учун абийирсиз иш
+6
Lion.
2017-04-10 12:53:12
SansaNePredaiJohna, аа бирок европада, америкада баары эле ушинтип калышкан
0
Umnitsa
2017-04-11 11:13:48
SansaNePredaiJohna, буларга боло берет.. Бейонсенин баласы төрөлбөй атып акча таап атат экен да.
+7
ziash85
2017-04-10 12:50:11
Ана сага
0
Musulmanka.
2017-04-10 19:59:25
Ушул сурот жуктоо, класс алуу, подписчики коп болуу да бир ооруу окшойт деп ойлоп калдым. Себеби, саат сайын, мунот сайын деле сурот жуктой беришет Кыргызымдын артисттери да. Туалетке барып келсе да, тошогундо уктап жатса да, эмне тамак жеп атканынан бери ж.б.у.с. Эл козундо, эл оозунда болгондон кийин озун кандай алып журууну да билуу керектелет. Обу жоктонуп эле корунгон жерде суротко тушо беруу да маданиятсыздык.
+2
Nyr_91
2017-04-12 00:18:53
Кош бойлуу жарым жыланач болуп суротко тушуп элге жарыялоо туура эмес деп ойлойм, бул жашоодо акчадан дагы маанилуу нерселер барда, тушсун, чыгарсын бирок кийимчен болсо, анан коз тийет, соз тийет деп дагы коркушпайт экен, бир нерсе болуп баласы жашабай калса эмне болот кудай сактасын.
0
Kunbeken
2017-04-14 14:00:32
Буларда уят мес да бизде уят ошондуктан бизге кереги жок мындай маалыматтардын... Буларды туурап канчасы чыгат эми...
0
Higuain9009
2017-04-14 16:40:44
Роналдунун баракчасына кунуно 100;300 минге чейин адам кошулатго
0
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан