ФИЛИПП КИРКОРОВ МЕНЕН ТИМАТИ ЭЛДЕШТИ

"Орус поп музыкасынын падышасы" атыккан Филипп Киркоров менен рэп ырчы Тимати мурдагы пикир келишпестикти унутушуп, чогуу жарнамалык роликке тартылышты. Эске салсак, эки ырчынын кастыгы 2012-жылдан бери уланып келген. Бирок 1-апрелде Тимати социалдык тармактагы баракчасына элдин бүйүрүн кызыткан видеоролик жүктөдү. Анда Тимати камерага өзүнүн продукциясын мактап сүйлөп жатканда анын жанына жетекчиси келип, көп сайрабай бургер жасап кардарга жеткирип берүүнү буюрат. Тимати даярдалган бургерди берип жатып ошол кардар Филипп Киркоров экенин көрүп, бургерди ага бергиси келбейт. Киркоров анын колунан бургерди тартып алып "акыры баары өз ордуна келди" деп керсейип столуна басып кетет. Столдо Филипп мырзаны Григорий Лепс күтүп алат. Ал ырчынын бир эле бургер алып келгенине таң калып "магачы?" деп сураганына Киркоров "сен күтүп тур, мен бул учурду 3 жыл күткөм" деп мыйыгынан күлүп жооп кайтарат.
Эске салсак, 2012-жылы "МузТВнын" сыйлык берүү аземинде жеңиштер туура эмес ыйгарылганына нааразы болгон Тимати интернет баракчасына ой-пикирин калтырган. Аталган сыйлыктын "Эң мыкты видеоклип", "Эң мыкты концерттик шоу" наамына ээ болгон Филипп Киркоров рэперге жооп кайтарган. Кайым айтышуулар андан ары уланып, экөө душманга айланганы бар. Эми Тимати амалкөйлүк кылып бул видеоролик аркылуу эки коёнду бир ок менен атып өлтүрдү. Мурдагы душманы менен тил табышуу аркылуу өзүнүн "Black star burger" деген продукциясын жарнамалап алды. Бул видео 2 күндө
25 миллиондон ашуун каралды. Ырчылар элдешкенин дагы бир ирет даңазалоо үчүн чогуу дуэт жаздырып, клип тарттыруу үчүн Венецияга учуп кетишти.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
barsa30
2017-04-10 09:52:06
Тиматинин башы иштейт экенда бир гана рэпер эмес.
+12
taalay25
2017-04-11 20:52:59
barsa30,еврей да
-2
nazarnew
2017-04-10 17:22:48
Акыры шампунь менен кир жуугуч машина достошуп тынышыптыр да
+1
Lekarstvosvoegomuja
2017-04-12 10:18:52
Тиматинин " black star burger"ин жегим келип журоот
0
bond02
2017-04-14 07:54:30
Lekarstvosvoegomuja,эмнесин кааласан жей бер да.
0
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан