– Саламатсыңбы, Айгүл? Кызың торолуп, кылыгы чыгып калгандыр...
– Жакшы, рахмат. Ооба, кызым торолуп, 3 айга толдук. Үн чыгарып, колу-бутун сербеңдетип, жамынтып койгон төшөктү тээп салганга жарап, күлүп калды. Кызым төрөлгөнү үйүбүз бир башкача шаңга бөлөндү. Күн сайын бир кылыгы чыгып, баарыбызды кубантып жатат. Жаңы кылыгын байкап калсак, "минтип калыптыр, анан колун мындай кылбадыбы" деп эле айтып түгөтө албай жатабыз.
– Атын Айбийке деп ким койгон?
– Айдай сулуу, айдай бийик болсун деп атын атасы койгон. Дүйнөдөгү жылуу, жакшы сөздөрдүн баарын атасы кызына арнап эркелете берет. "Сүйүүм сага өтүп кетти го, кызым" деп жыттап-жыттап алат. Кызым ким келип колуна алса эле бара берет, эч кимден чочуркабайт. Атасы эртең менен жумушка кетип жатып Айбийкени өөп кетет, кечинде босогону аттаары менен кызын сурайт да, жанына жөнөйт.
– Тун кызың эмеспи, бала багууда кыйналган жоксуңбу?
– Башында 2 ай кыйналдым. Уйкудан калдым. Анан төрөттөн кийин калыбына келүү деген да оңой нерсе эмес экен. Бирок жанымда сиңдилерим болду. Апам да бат-баттан келип каралашып турат. Азыр баары жакшы, ден соолугум калыбына келди.
– Кызың кимге окшош?
– Кичинекей бала чоңойгуча бир нече жолу өзгөрөт эмеспи. Азыр кызым атасына окшош. Көргөндөр "атасынын эле көчүрмөсү го" деп жатышат.
– Бешик той берип, ага-туугандан бата алдыңарбы?
– Торолуп калдык, күн да жылыды дегендей. Кудай буюрса, жакын арада ага-тууган, жакшы санаалаштарды чакырып, бешик той берели деп жатабыз.
– Кызың менен көчөгө сейилдеп чыгып жатасыңбы?
– Жок, азырынча көчөгө көп чыкпайбыз. Оорутуп аламбы деп корком. Күндүн көзү көрүнсө эле кызым экөөбүз көчөгө чыгып сейилдейли деп отурабыз. Балалуу болгондон кийин ата-эне "балам жесин, балам ичсин, балам кийсин" деп калат экен. Көзүмө жакшы көрүнгөн кийим болсо эле кызыма сатып келе берем. Күн жылыса ошолорду кийгизип алып сейилдегим келип жатат. Кызыма кийим алган сайын өзүмө алгандай сүйүнөм.
– Кошумча тамак бересиңби?
– Жок, бере элекмин, эмизип эле жатам. Азырынча кошумча тамак бербейм. Дарыгерлер деле 6 айга чейин эненин сүтүнөн өткөн тамак жок дешет го.
– "Эне болуу – чоң бакыт, аялдын жашоосу түп тамырынан бери өзгөрөт" дешет. Сенде кандай өзгөрүүлөр болду?
– Эне болуу өзүнчө бир бакыт, ийгилик экен. Эне болгондон кийин ар бир аялзатынын бийик, ыйык болорун түшүндүм. Аялзатына кордук көрсөтүп, уруп-соккон эркектер азыр көбөйбөдүбү. Эне болгондон бери ошондой эркектерди адам катары көрбөй калдым. Аялзатын сыйлабаган эркекти дагы эне 9 ай көтөрүп, омурткасы сыздап, анан бул жарыкка алып келди да, туурабы? Эне болуу – бул баатырдык касиет десем жаңылышпайм.
Кош бойлуу кезде депрессия болуп, бир башкача болуп жүрсөм, азыр менден өткөн бактылуу аял жок. Бакыт көздөн да билинет окшойт. Мени менен баарлашкандардын көбү эле "көзүңдөн бакыттын нуру чачырап жатат" деп калышат. Мурункудай тарсылдабай, мүнөзүм да жумшарды. Көчөгө чыксам 2 саатка жетпей кайра үйгө жетип келем. Анткени баланын курсагы 2 саатта ачып кетет эмеспи. Тойлор учурда азыраак. Кээде 3-4 тойго барышым керек болгондо 1 тойдон чыгып, 2-тойго кызымды эмизип коюп барып жүрдүм. Бир жакка чыкканда бат эле сагынып кетем десең. Эне менен баланын байланышын Кудайым бир башкача жараткан экен. Кээде жанымда уктап жатса да сагынып кетем. Атайын тийишип жатып өзүм ойготуп алам.
– Мырзалар балалуу болгондон кийин "рахмат, мени ата кылдың" деп жубайына ыраазычылыгын билдирип, белек-бечкек берип жүрүшөт. Силерде бул жагдай кандай өттү?
– Эне болгондон кийин Жакшылык мени мурункудан да баалап, балалуу болдук деп аябай сүйүндү. Мурун кыздуу болгусу келип, кыз күтүп жүргөн эле. "Эркек болуп калсачы?" десем, "жок, кыз болот" дей берчү. Жолдошумдун каалоосу күч болгон экен, Кудайым бизге кыз берди. Жолдошум өзү төрөгөндөй аябай сүйүндү. "Мени кыздуу кылганыңа рахмат" деп алтын топтомдорду белек кылды. Мага кандай белек бергени деле маанилүү эмес, кеп көңүлдө да.
– Артка бир аз кылчайсак, жолдошуң экөөң кантип таанышып калдыңар эле?
– Ырчы Нурбек Дайырбек уулунун үйлөнүү тоюнан таанышып калганбыз. Анда үй-бүлө болуп каларыбызды деле билген эмеспиз. Бирок дос катары телефон аркылуу сүйлөшүп калып жүрдүк. Баарын убакыт көргөзөт дегендей, анда-санда телефон чалуубуз бат-баттан чалууга айланып кетиптир. Ошентип мамилебиз кыз-жигит статусунан өтүп, үй-бүлөгө айланды.
– Жолдошуң тууралуу токтоло кетсең, эмне иш менен алектенет?
– Учурда курулуш компанияларынын биринде эмгектенет. Чыгармачылыктан алыс болгону менен, өнөр адамдарын сыйлайт, баалайт. Мени менен таанышканда ырчы экенимди деле билген эмес. Чыгармачылыгыма такыр аралашпайт, бирок ойлорун айтып, колдоо көрсөтүп турат.
– "Жаш өткөн сайын эч кимди жактырбай калат" деп коюшат го. Жакшылык эмнеси менен тартып алды?
– "Жаш өткөн сайын жактырбай калат" дегенге кошулбайм. Болгону ал адам өз теңин, жүрөгүнө жаккан адамын таппай жүрөт болуш керек. Мага сезим келди. Ал сезим сүйүүгө айланды. Жакшылык экөөбүз 3 жыл сүйлөшүп, төртүнчү жылы баш коштук. Жакшы күндөр көп болду. Жолдошум мени жакшы мамилеси, мүнөзү, адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү менен тартып алды. Ошентип Нарындын Жумгал районуна келин болдум. Негизи эле эмнегедир ушул аймак мени өзүнө тартып турчу. Көрсө, сезген окшойм дебейинби.
– Бала бакканга жардам бергендер болсо чыгармачылыгыңа мурункудай эле көңүл бөлүп жатыптырсың да...
– Так эле ошондой көңүл буруп жатам деп айта албайм. Балалуу эне баары бир 1-орунга баласын коёт болуш керек. Учурда кандай темада ыр жаздырсам деп ойлонуп жатам. 3 теманын ортосунда тандоо жүрүп жатат. Кызым жөнүндөбү, сүйүү тууралуубу же Ата Мекен темасын алып чыгамбы, чече элекмин.
– Айбийкеге удаа эле балалуу болууну пландаштырган жоксуңбу?
– Удаасынан эле кызыма окшош дагы кыздуу болгум келип жатат. Бирок ага ден соолугум жол бербейт. Анткени операция жолу менен төрөгөндө жок дегенде 3 жыл эс алыш керек эмеспи.
– Рахмат маегиңе, жаңы чыгармаларды күтөбүз. Кызың оорубай чоңоё берсин.
Cүйүн Кулматов
star@super.kg