БИР БҮРКҮМ

  • Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН Орусияга расмий сапары июнь айында болот. Бул маалымат өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Москвада болгон жолугушуусунда маалым болду.

  •  Бишкектеги "Ататүрк-Ала-Тоо" университетинин аталышы "Ала-Тоо" деп өзгөртүлдү. Ошондой эле мурунку ректору Осман Гөкалптын ордуна парламенттин экс-депутаты ЖАНГОРОЗ КАНИМЕТОВ ректор болуп дайындалды.

  • 4-апрелде Кыргыз мамлекетинин мусулмандарынын VI курултайында муфтий болуп кайрадан МАКСАТ ТОКТОМУШЕВ шайланды.

  • Украинанын Коопсуздук кызматы Жогорку Кеңештин депутаты ИРИНА КАРАМУШКИНАГА Украинанын аймагына кирүүгө тыюу салды. Тараган маалыматта парламент депутаты Марат Аманкуловго да тыюу салуу маселеси каралып жатканы айтылган. Мындай кадамга эки эл өкүлүнүн Орусия менен Украинанын ортосунда талашка түшкөн Крымга жасаган сапары себеп болгон.

  • 2016-жылы жаш балдарга тиешелүү 842 кылмыш иши катталган. Алардын ичинен 44ү жаш БАЛДАРДЫ ЗОРДУКТОО фактысы болгон. Аталган маалыматты Башкы прокуратурадан маалымдашты.

  • Президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси ИКРАМЖАН ИЛМИЯНОВ Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды. Буга чейин аталган кызматты парламент депутаты Канатбек Исаев ээлеп турган. Маалыматты Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

  • Базарларда ӨРТ коопсуздук эрежелерин так сактабагандарга 500 миң же 1 миллион сом айып пул салуу сунушталууда. Бул ойду 5-апрелде парламент депутаты Акылбек Жамангулов билдирген. Анын маалыматына караганда, учурда айып көлөмү 10-20 миң сомго барабар. 

  • Өлкөдө ар кандай себептер менен психиатр жана психотерапевт врачтарынын көзөмөлүндө турган 6 миңден ашуун адам болсо, анын миңи ДЕПРЕССИЯГА кабылгандар. Аталган маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

  • Кыргыз мамлекетинде демократиянын көрсөткүчү 2016-жылы 6 балл болуп, АВТОРИТАРДЫК режимдеги өлкөлөрдүн катарын толуктады. Андан мурунку жылдагы көрсөткүчтө 5,89 баллга жеткен. Аталган изилдөөнү "Freedom House" бейөкмөт уюму чыгарып, "Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр-2017" аталышындагы жылдык докладында маалымдаган.

  • 13-14-апрелде Бишкек шаарында ЖККУ жана ЕАЭБдин САММИТИ өтөт. Аталган жыйынга Орусия, Беларусь, Казакстан жана Армениянын өлкө башчылары келери маалым болду.

  • 2016-жылы өлкөдө 11 251 айдоочу МАС УЧУРУНДА кармалып, анын 3 миңи гана айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан