КАНЖАР КАДЫРАЛИЕВ ЖАНАР АКАЕВДИ КАМАТАМ ДЕЙТ

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди Ош шаардык прокуратурасынын мурунку кызматкери Канжар Кадыралиев "пара алган, сотторго басым жасаган" деп айыптап чыкты. Бул айыптоо Жанар Акаев Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан чыгарылгандан кийин коомчулукка жарыяланды. Аталган билдирүүнү айыпталуучу Кадыралиев 30-мартта өткөн сот отурумунда билдирген. "Менин үй-бүлөмдөн 15 миң доллар алган. Буга далил телефон сүйлөшүү, сүрөт, видеолор бар",- дейт Кадыралиев. Анын адвокаты Икрамидин Айткуловдун билдиришинче, Жанар Акаев президенттин маалымат катчысы болуп турганда Кадыралиевдин үй-бүлөсүнөн, жабырлануучунун туугандарынан ири суммада пара алган жана сотторго басым жасаган. Жактоочу Кадыралиевдин сөздөрүн расмий кайрылуу деп кабыл алып, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгошу керек деди. Башкы прокуратура аталган иш боюнча адвокаттар кайрылса карала тургандыгын билдирди.
Бул боюнча депутат Жанар Акаев "Кадыралиев ушундай жол менен сот жоопкерчилигинен качууга аракет кылып жатат" деп жооп кайтарды. Ошондой эле ал "аброюма шек келтирди" деген жүйө менен Кадыралиевдин үстүнөн арыз жазарын айтат. 4-апрелде Кадыралиевге нааразы бир үй-бүлө "Кадыралиев үйүбүздү тартып алып, Оштогу кафебизди да өзүнө өткөрүп алган. Акаевге пара берди деген маалымат жомок" деп айтып чыгышты.
Эске салсак, Канжар Кадыралиевдин үстүнөн көп адамдар арызданып, 2014-жылы Башкы прокуратура "бейбаштык", "өзүм билемдик" жана "зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. 2 жылдан бери бул кылмыш иштери боюнча иликтөө, тергөө, сот процесстери жүргүзүлүп келе жатат. 2016-жылы Жогорку сот Кадыралиевди үй камагында калтыруу чечимин кабыл алган. 2 жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин Кадыралиевдин Акаевди күнөөлөп чыкканы кызуу талкуу жаратты. Айрымдар бул ишти Акаевдин бийликти сындап, фракциядан чыгарылышына байланыштырып, "Кадыралиев ыңгайлуу учурду өзүнүн пайдасына колдонгусу келип жатат" деген пикирлерин айтышууда.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан