СУРАМЖЫЛОО САЯСАТТА ЭЛГЕ ЖАҢЫ ЖҮЗДӨР КЕРЕГИН КӨРСӨТҮҮДӨ

Быйыл күзүндө өлкөдө президенттик шайлоо өтөт. SUPER.KG порталы бир нече айдан бери президенттик шайлоого карата сурамжылоо өткөрүүдө. Анын кезектеги 2 апталык айлампасында олуттуу өзгөрүүлөр орун алып, алдыңкы бештикке Чубак Жалилов, Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Сапар Исаков жана Өмүрбек Бабанов чыкты.
Буга чейинки айлампалардагыдай эле, сурамжылоодо биринчи орунду Чубак Жалилов ээледи. Бишкекте муфтийди шайлоо иш-чарасында Чубак Жалилов "Кыргыз мамлекетинин жараны катары президенттикке талапкерлигимди коюшум толук мүмкүн, бирок ал азыр коюп жатат деген сөз эмес" деп билдирди. Ага чейин видео кайрылуу аркылуу элге салам жолдоп, муфтийликке талапкерликтен өзүн алып саларын билдирген эле. Сөзүнүн аягында "молдонун окуусун окуган адамдар сөзсүз эле муфтий болушу шарт эмес, алар депутат дагы, президент дагы боло алат" деп Чеченстандын мурдагы башчысы Ахмад Кадыров менен учурдагы Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоганды мисалга келтирген. Анын бул сөзү саясатчыларды ойлонтуп койду.
Эки жума аралыгында Бишкекте экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги болуп, анын аягы 5 суткага камоолор, бир нече кылмыш ишинин ачылуусу менен жыйынтыкталды.
Мындай окуялар бир нече айдан бери кескин өзгөрбөй келе жаткан сурамжылоонун жыйынтыктарына таасир берип, Жапаров президенттикке талапкер катары катышабыз деп турган Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров өңдүү саясатчыларды басып өтүп экинчи орунга жетти.
Алмазбек Атамбаевдин командасынын өкүлү, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков акыркы күндөрү убактылуу "көлөкөгө өткөн" Өмүрбек Бабановду, учурда абакта жаткан Өмүрбек Текебаевди артка калтырып, бул айлампада 4-орунду ээледи. Рейтингдеги мындай өзгөрүүнү учурдагы саясий абал менен байланыштырууга болот. Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери саясий аренада келе жаткан саясатчылардан эл жарытылуу жакшылык көрбөй, көңүлү калды. Андыктан Жалилов, Исаков өңдүү жаңы адамдарга үмүт артылып жаткан өңдүү. Добуш берүүчүлөр көбүрөөк жаңы муунга ыктай турганы да байкалып жатат.
Мурунку сурамжылоонун жыйынтыктарында бештиктен түшпөгөн, учурда УКМКда камакта отурган Өмүрбек Текебаев бул ирет 6-сапка жылды.
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянова, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана экс-акыйкатчы Турсунбек Акун 1 пайызга жетпеген добуш топтошту.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан