Бир эле кадр, бир эле сүрөттүн ичине адам чыдагыс азап-тозок же үмүт берген зор кубаныч батып кетет. Бул да болсо фотосүрөтчүнүн таланты. Төмөндө бизди кайдигер калтырбаган фотосүрөттөрдүн өзгөчө тарыхына токтолдук.
"ҮМҮТТҮН КОЛУ"
Америкалык Жулия Армаска 5 айлык кош бойлуу кезинде курсагындагы наристесинин омурткалары туура эмес өсүп жаткандыктан бала кыймылсыз төрөлүшү мүмкүн экендиги айкын болот. Бирок бир жол бар болчу. Ымыркайга курсакта жаткан кезинде операция жасалса, дени сак төрөлүүгө мүмкүнчүлүгү бар эле. Албетте, коркунучтуу. Бирок Жулия Армас хирург Жозеф Брюнерге толугу менен ишенип, операцияга макул болгон. Жозеф Брюнер эненин курсагын бир аз ачып, төрөлө элек ымыркайга ийгиликтүү операция жасайт. Операция аяктап калган мезгилде ымыркай колун энесинин курсагынан чыгарып хирургдун бир манжасын бекем кармап калган. Бул төрөлө элек ымыркайдын анын өмүрүн сактап калган хирургга айткан ыраазычылыгы сыяктанат. Жозеф Брюнер бул анын өмүрүндөгү эң толкунданткан учур болгонун айтып келет. Учурда хирургдун колун курсакта кезинде кыскан ымыркай аман-эсен чоңоюп жатат. Баса, бул сүрөттү Майкл Клэнси аттуу фотосүрөтчү тартып, "Үмүттүн колу" деп атаган.
КИМ КУЗГУН?
Бул сүрөт "Судандагы ачкачылык" деп аталат. Аны 1993-жылы түштүк африкалык Кевин Картер аттуу фотосүрөтчү Судан мамлекетинде тарткан. Бул убакта аталган өлкөдө адамдар ачкачылыктан азап тартып жатышкан. Кевин Картер кичинекей айылдан ачкадан өлүп жаткан адамдарды тарта берип тажайт да, ары жактагы талааны аралай басат. Талаада ачкалыктан алы кетип калган кара терилүү кыз акыркы күчүн жыйнап сойлоп келе жаткан. Кевин фотоаппаратын даярдап тартмакчы болуп туруп калган кезде кыздын жанына анын өлүмүн күтүп турган кузгун келип конот. Чырк... Мына, укмуштуудай сүрөт даяр! Муну белгилүү гезиттер сатып алышы керек. Айтор, ушул сындуу ойлорго жетеленгенби, Кевин Картер кызга көңүл бөлбөстөн басып кетет. Бул сүрөт чынында эле Судандагы адам чыдагыс абалды көрсөткөн сүрөткө айланып, өзгөчө сүрөт үчүн берилүүчү АКШнын абройлуу "Пулитцер" сыйлыгын алат. Бирок "байкуш ач калган кыз эмне болду?" деген суроого Кевин Картердин жообу жок болчу. Ал аны таштап басып кетпеди беле. Болбосо жакын жерде эле ачка калгандарга жардам берип жаткандардын лагери бар болчу. Фотосүрөтчүнүн бул кылыгын көпчүлүк сынга алган. Сүрөткө "Эки кузгундун ортосунда" (бири кадимки кузгун, бири андан айырмасы жок фотосүрөтчү) деп бейрасмий ат койгондор чыккан. Сүрөт тартылгандан бир жылдан соң Кевин Картер өз өмүрүн кыйып, жарыкчылык менен коштошкон.
"ӨМҮР ӨБҮШҮҮСҮ"
Бир караганда бул сүрөт кыжыр келтирген сезим жаратышы мүмкүн. Бирок жаман ойлордон алыс болуп туруңуз. 1967-жылдын июль айынын ысык күнүндө АКШнын Флорида штатында Рэндалл Чемпион жана Жей Томпсон аттуу электромонтёрлор оңдоо иштерин жүргүзүп жатышкан. Капысынан электр тогу өтүп жаткан зымга Рэндаллдын колу тийип кетип, ал эс-учун жоготуп, жүрөгү токтоп калат. Кесиптешинин өмүрүн сактап калуу үчүн Жей Томпсон жасалма дем алдырууга аракет кыла баштайт. Дал ушул учурда фотосүрөтчү Рокко Морабито аларды объективге илген. Бул сүрөт кезинде абдан популярдуу болуп, "Өмүр өбүшүүсү" деген ат менен "Пулитцер" сыйлыгына татыган. Айта кетчү жагдай, Жей Томпсондун аракети менен Рэндалл Чемпион аман калган.
"АТА, МЕНИ КҮТӨ ТУРСАҢ"
Гитлер баштаган Германияга каршы согушка аттанган канадалык аскерлердин поездге түшүп кетүү алдындагы маршы. Сүрөтчү Клод Деттлофф аскерлерди тартып жаткан маалда Жек Бернард аттуу катардагы аскердин уулу Уоррен Бернард апасынын колунан чыгып, атасына "ата, мени күтө турсаң" деп талпынган. Мына дал ушул абалды фотосүрөтчү кармап калган. Согуш учурунда бул сүрөт далай гезит-журналдарга жарыяланганы маалым. А сүрөт "Ата, мени күтө турсаң" деп аталат. Баарынан кызыгы, фотосүрөтчү Клод Деттлофф баягы катардагы аскер Жек Бернард согуштан кайтып келген соң уулу менен жолугушканын да тартып алган. Ал сүрөт "Үй-бүлөнүн биригиши" деген атка конгон.
"КОМБАТ"
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тартылган эң белгилүү бул сүрөт "Комбат" деп аталат. Бул сүрөттү ар бирибиз жок дегенде бир ирет көргөнбүз. Аны советтик фотосүрөтчү Макс Альперт атайын согуш талаасында жүрүп тарткан. Сүрөттөгү адам ким экендиги азыркыга чейин талаш жаратып келет. Ал бул сүрөт тартылгандан бир нече ирмемден кийин окко учуп каза болгон. Айрымдар сүрөттөгү адам украиналык Алексей Ерёменко десе, айрымдар орусиялык Павел Петров деп айтып жүрүшөт. Фотосүрөтчү өз эмгеги тууралуу: "Фашисттер чабуул жасап жатышкан. Бир убакта менин жанымдагы бир офицер өйдө тура калып колун көтөрдү да, "Мекен үчүн алга!" деп кыйкырды. Мен аны тартып калууга жетиштим. Аз өтпөй комбат (батальондун командачысы) өлдү деп айтып калышты. Сүрөттү ошондон "Комбат" деп атагам",- деп айтканы бар.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg