"ГЕЗИТ АРКЫЛУУ ТААНЫШЫП, ҮЙ-БҮЛӨ КУРДУК"

Гезиттеги дагы бир кызыктуу рубрика "Таанышуу бурчу". Ал аркылуу бактысын таап, үй-бүлө кургандар да жок эмес. Каармандарыбыз Закир менен Айпери гезит себепкер болгон махабат баянын айтып беришет.

ЗАКИР БӨРҮБАЕВ:

– 2010-жыл болчу, анда 23 жашта элем. Өзүбүз Өзгөндөн болобуз. Жума күн болсо керек эле, үйгө "Супер-Инфо" гезитин сатып алып келгем. Окуп бүтүп, эң акыркы барагындагы "Таанышуу бурчун" көрүп калдым. Азыр эсимде жок, максаты – үй-бүлө куруу деп жазылган беле, же достукпу, айтор, эмнегедир Айпери деген кызга чалып көрүүнү чечтим. Чалсам "мен гезитке жөнөткөн эмесмин, сиңдим тамашалап жиберип коюптур" деп койду. Бир топ убакытка чейин экөөбүз эки башка айылда жашагандыктан, жолукпастан, телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Жылдызыбыз келишип, кийин аны жолугушууга чакырдым. Эсимде, Өзгөн шаарындагы кафелердин биринде жолугуп, жакындан таанышканбыз. Айпери уялып тамак жебей койгон. Ошондон тартып 6 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Кийин мен "чоң той бербей эле сени алып качып кетейин" десем ишенген эмес. Бирок алып качып кеттим. Мына, чогуу түтүн булатканыбызга 6 жыл болду, 1 уул, 1 кыздуу болдук. Эл катары Орусияга барып иштеп, акча чогултуп Бишкектеги "Дордой" базарынан контейнер алдык. Учурда базарда соода кылып иштеп жатабыз. Бактылуу, эмгекчил жаштардын катарын толуктап жүрөбүз.

АЙПЕРИ АЙДАРБЕК КЫЗЫ:

– Мындан 7 жыл мурун мен жогорку окуу жайдын 1-курсун бүтүп, айылга каникулга барганымда сиңдим менин номеримди гезитке таанышуу үчүн чыгарып жибериптир. Эми толтура жигиттер чалды, кээ бирлери менен таанышып койдум, кээ бири менен уруша кеттим, кыскасы, телефонум тынбай эле калды. Закир чалганда, билбейм эмне үчүн, сүйлөшүп калдым. Жолуккан соң бири-бирибизди жактырып калдык өңдөнөт, сүйлөшүп кеттик. Мени ала качкан күн эсимде, тамашалап эле "сени ала качып кетсемби" деп жаткан. Чындыгында, мен аны ала качат деп деле ойлогон эмесмин. Жолугушуудан соң үйгө узатып келип, подъездге кирерде эле машинага салып ала качып кетти. "Отурбайм" деп кыйла чаң салдым, бирок Закирге көнүп калган окшойм, акыры моюн сунуп бердим. Кудайга шүгүр, ошондо Закир менен сүйлөшүп калганыма өкүнбөйм. Азыр дагы "Супер-Инфону" көргөн сайын "бизди табыштырган гезит" деп күлүп калабыз. Учурда бактылуу ата-эне болдук, элден кем эмес ынтымактуу жашап жатабыз.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Lekarstvosvoegomuja
2017-04-10 10:31:11
Кармашкан колунар узулбосун
+5
Angel92
2017-04-10 12:22:13
Йоооо....Менин айылдаштарым го...
Бактылуу болгула!
+3
bosmos777
2017-04-10 16:02:40
Бактылуу болгула!
+3
medik-kyz
2017-04-10 21:39:26
Бактылуу болгула
+2
nurperi8981
2017-04-15 16:06:27
Значит Кыргыздар Москвага барып келсе анан эл катарына кошулат экенбиз да ?! Биз качан ЭЛКАТАРЫ болуп уй машина контейнер же мал же туруктуу жумуш табат экенбиз? Эл катарындагы элдер совет бергилечи. Кыргызстанда элкатарында болуу мумкунбу
+1
Doni097
2017-04-16 20:43:33
Бактылуу болгула!!
0
Aisuluu160790
2017-05-10 09:33:32
Бактылуу болгула табышкан жаштар
+1
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-13 13:14:54
Эл катарына кошулуш учун созсуз эле байлык керекпи байлыгын жок болсо кошпойбу эл
+1
Shekeev969798
2017-05-16 09:10:49
Bolunbo.kyrgyz, ха ха жардынго
0
Sonku
2021-01-07 17:56:16
Мен 38 ге чыктым бирок 2-жолу үйлөндүм биринчиси 23 тө эки бала бар аларды эптеп 10-жыл бактым экинчисин бир жылдан кийин эле алгам ал кезде 28 элем Эми мен сыздаганым 2 чим сулуу бирок андан бетер мерез чыкты андан 3 балам бар эми кандай кылам жалгыз өтүп кетемби мен сүйсөм жалгыз гана бирөөнү сүйө турган адаммын жеңил ойлуу дегендерге жети өлчөп бир кесип дегендей эгер меникиндей тагдырды ким башында болсо же мага жардам берем десе жооп күтөм менин номерим 0556-864-800
0
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан