(Башы өткөн сандарыбызда)
– Ур, саба, кааласаң теп! Сен мени каалаганыңдай кордоп үйрөнүп калгансың! Менин бир туугандарым бар болгону менен, алардан жардам ала албасымды билесиң. Атамдын жоктугун, апамдын болсо жардам бере албасын билесиң. Бардык кордуктарыңа чыдап, сүйөрүмдү да билесиң. Сен мени ошондуктан кордойсуң!
Мен жинди болгон немедей кыйкырып, талааны жаңырта ыйлай баштадым.
– Токтот, Малика, жинди болдуңбу?!
– Токтобосом эмне кыла-сың?! Эми мени өлтүрүп таш-тасаң да баары бир! Мени колдой турган, жардам бере турган эч ким калбады...
– Малика, эсиңе кел!
Бактияр мени эсиме келтире албай убараланып, анан жини менен бетке дагы бир жолу чапты. Мен топурак кучактай жыгылдым. Жүзүм куурайларга тилингенин, ачышып чыкканынан сездим. Билегимден кармап тургузарда колумду сууруп алдым. Ал жинденген бойдон мени ичке тээп жибергенин өзү да байкабай калды.
– Жок дегенде мага сен түшүн, Малика!
– Магачы, мага ким түшү-нөт?!
Ордумдан туруп баратып байкабай ташка чалынып кетип, чалкамдан жыгылдым. Жаныма келген Бактиярды дагы тээп жибереби деп коркуп, ичимди баса калдым.
– Бактияр, теппе, бала...- дедим энтигип.
– Эмне?.. Бала?..
Бактияр жаныма отура калып кийимимдин чаңын кагып, чачымды жыйнады.
– Бала дедиңби?!
– Бактияр, жаным, менин боюмда бар...
– Сенин...
Ал башымды өйдө көтөрүп, жүзүмө тигилди.
– Эмнеге мурун айткан жоксуң?!
– Өзүң кокустан эле шаардан кетип калдың. Билерим менен эле сага айтканы келбедимби. Болбосо, он жылда да келбейт болчумун! Сен кабар албай кеттиң! Кокус үйлөнтүп коюшса, сенсиз кантип төрөөрүмдү ойлодум.
– Эми эмне кылабыз?! Ушул эле жетпей турду эле!
Бактияр оор үшкүрүп алды.
– Биз бул наристени күттүк эле го... Биз ушул күндү күтүп жүрдүк эле го, Бактияр!
– Же эрте эмес, же кеч эмес! Орто жолдон бутубузду тушап, кайдан пайда боло калды?!
Бактияр асманга тигиле карады. Анын менден көз жашын жашырып жатканын байкадым. Көзүнөн аккан бир тамчы жаш менин жүзүмө тамды. Ошентип, экөөбүздүн көз жашыбыз жуурулушуп кетти.
– Малика, жаным, жүрчү, бир аз эс алып алалы да, калганын кийинчерээк сүйлөшөлү.
Бактияр муну айтканы менен, ордунан козголуп да койгон жок. Менин шайым кетип, алсырадым. Бактиярдын да жүрөгү сыздап турду. Ата-энеси, мен, анан күнөөсүз наристе... Мунун баары көз алдына тартылып, бирок туңгуюктан чыгар жол таба албай нестейип отурду. Ал мени кучагына бекем кысты.
– Малика, сен акылдуу кыз-сың, сен гана мени түшүнө аласың, жаным! Мени кечир! Албетте, сени башкага кыя албаймын, сени гана сүйөм! Бирок азырынча мени түшүнүп тур. Мен да кыйналып кеттим. Баланы алдырышыбыз керек...
– Эмне?! Эмне дедиң?!
Мен чочуп кеттим. Азыр эле бирөө баламды ичимден сууруп алчудай болуп, тепкиден улам ооруксунуп турган ичимди мыжыга кармадым.
– Жок! Сени кечсем да, баланы кече албаймын!
– Мен эле балага тойгон үчүн ушинтип айтып жатат дейсиңби?! Башка аргабыз жок!
Бактияр жалына баштады.
– Бизге ата-энең жардам берет, жүрү, аларга айтабыз,- деп ыйламсырадым.
– Жок, эгер алар угушса, туула турган баланы эмес, туулуп калган мени да кечиришпейт!
– Алдырбаймын, алдырбаймын! Алыска кетемин, алыска кетип төрөп келем! Тилемчи болсом да багып алам! Сен ата-энеңден калба! Мени болсо үйдөгүлөр кечип коюшкан! Өмүр бою үйгө бара албаймын, сенин үйүң да мен үчүн жабык! Эми менде баладан башка ким бар?! Сен жалганчысың, алдамчысың! Коркоксуң!
– Кетпейсиң, төрөбөйсүң дагы!
– Ишиң болбосун, эми мага буйрук берип сүйлөөгө акың жок, уктуңбу?! Өзүм билем, эмне кылышты,- дедим калчылдаганым басылбай.
– Угасың, айтканымды кыласың!
Бактияр жиндене кыйкырды.
Түйүлдүк болсо да жанымдын сыздаганын ичимдеги наристе сезип, тырышып жаткандай туюлду.
– Малика, мени кечир, жаным! Сага кол көтөрүүгө аргасыз кылба, мени түшүнчү! Сени биротоло таштап кетпеймин!
Бактияр мени кучагына кысып, чачымдан сылады. Мен да жаш балача шолоктоп, аны кучактадым. Ал унчукпай мени тургузду да, кайра артына көтөрүп жөнөдү.
Кыйла жүргөнүбүздөн кийин жепирейген алачык көрүн-дү. Бактияр мени арыктын боюна түшүрүп, өзү алачык тарапка кетти.
– Эч ким жок экен, жүрү, кароолчу кетип калыптыр. Эми бул алачык биздики. Кабанаак ити бар, сак бол!
Айткандай эле алачыктын жанында килейген ит жатыптыр. Бир кулагын тикчийтип, башын өйдө көтөрүп, ачуулуу ырылдады. Бирок ит болсо да боору оорудубу, кайра “билгениңерди кылгыла” дегенсип башын катып жатып алды.
Чоң атабыздын алачыгына келгенсип, биз алачыкка кенен жайгаштык. Чырак менен ширеңке да табылды. Мен чай даярдаганча Бактияр чоң дарбыз көтөрүп келди. Тең ортодон бөлдүк да, жей баштадык. Дарбызды бири-бирибизге жегизип, азыр эле болуп өткөн ызы-чууну унутуп койгонсудук. Дарбызга тойгон Бактияр алдыма жата ичимди аяр кармады.
– Бул жерде биздин уулубуз жатат, ээ?- деди аянычтуу үн менен.
– Уул же кыз экени белгисиз. Бактияр, мүмкүн, эгиз болсочу?
– Чын эле эгиз болуп калсачы?
Жумагүл Жолматова
(Уландысы кийинки саныбызда)