МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭМИ ӨЗДӨРҮ КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ
2014-жылдын 31-декабрында Чүй облусундагы Беловодское айылынын тургуну Аганес Жалетяндын үйүнө ууру кирип, 19 миң сом акчасын уурдап кеткен. Үй ээси бул тууралуу милицияга арыз жазып, көп өтпөй милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелип ошол эле айылдын тургундары Абдусамат Мусаев, Саринжи Манапбек уулу жана Нариман Чоноев кармалып, кылмышты моюндарына алышкан. Бирок кийин кылмышка шектелип кармалгандар Москва РИИБинин 3 кызматкери алардын баштарына желим баштык кийгизип, коркутуп-үркүтүп кылмышты моюндарына алдырышканын айтып, ал милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазышкан. 2015-жылдын апрель айында прокуратура тарабынан шектүү катары кармалган жарандарды кыйнады деген шек менен Изат Мастеркулов, Таалай Иманалиев, Бекназар Ажыбаев деген милиция кызматкерлерине Кылмыш жана жаза кодексинин 305-беренеси (кыйноо) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө аяктаганда иш Москва райондук сотуна өткөрүлүп берилген.
«МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ЖООП БЕРҮҮЛӨРҮ КЕРЕК»
Башкы прокуратуранын кыйноолорго каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Кетиренов буларга токтолду:
– Бул милиция кызматкерлери кылмышка шектелип кармалган жарандарды 33 саат мыйзамсыз камап, кыйнап күнөөнү моюндарына алдырышкан. Тергөөдө алар далилденген. Эми кылган иштери үчүн мыйзам чегинде жооп берүүлөрү керек.
«БУЛ ОКУЯ БАШКАЛАРГА ДА САБАК БОЛСУН»
Жабырлануучулар окуя тууралуу айтып берүүгө батынышкан жок. Ал эми жабырлануучулардын бири Абдусамат Мусаевдин апасы Михрай Мусаева окуя тууралуу буларды айтып берди:
– Бул уурулук 2014-жылдын 31-декабрында болуптур. Ошол күнү уулум сүйлөшкөн кызы жана достору менен бирге үйдө болчу. Аны кошуналар да билишет. Январь айынын баш ченинде милиция кызматкерлери үйгө келип, «балаңыздан түшүнүк алабыз. 10-13-январь күндөрү каякта болду эле?» деп сурашты. Балам ошол убакта сүйлөшкөн кызынын үйүндө болчу, алып келсек, уулумду милиция кызматкерлери машинасына салып кетип калышты. Ал күнү шаардын бардык ИИБине телефон чалып, баламды таппай койдук.
Эртеси уулум бейтааныш номер аркылуу чалып, Москва РИИБинде экенин, милиция кызматкерлери сабап, башына баштык кийгизип кыйнап «күнөөнү моюнга аласың» деп жатышканын айтты. Аны уккан соң облустук прокуратурага милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазып, экспертиза дайындаттык. Экспертиза жүргүзгөн адистер текшерип, чын эле абалы начар экенин көрүп «Тез жардам» чакыртышты. Башында уурулукка шектелип кармалгандар бири-бирине каршы көрсөтмө беришиптир. Бирөө «үчөөбүз чогуу киргенбиз» десе, балам Нариманга каршы көрсөтмө бериптир. Кийин үчөөнү беттештиришсе Саринжи менен Нариман баламды уурулук кылган убакта болгон эмес деп айтып чыгышты.
СИЗОдо 9 күн жаткандан кийин үчөөнү тең бошотуп, милиция кызматкерлерине каршы жазылган арызды алгыла дешти. Аны алгандан кийин күнөөсү жок бошотулганы тууралуу документ бергиле десем беришти. Окусам, кылмыш иши козголуп, үй ээсинин тосмо арызынын негизинде кылмыш иши жабылды деп жазылып туруптур. Ошондуктан прокуратурага барып, кайра арыз жазууну туура көрдүм. Себеби биринчиден уулума мыйзамсыз кылмыш иши козголгон, экинчиден кылмышты моюнуна алдырыш үчүн уруп-сабашкандыгы экспертизада тастыкталган.
Андан кийин милиция кызматкерлери бизге телефон чалып коркутуп-үркүтүп да жатышты. «Балаңардын кийинкисин ойлогула» деген сыяктуу коркутуулары бар, аны биз диктофонго да жаздырып алганбыз. Балам 16 жашында «каракчылык» беренеси менен айыпталып, жатак абакка кесилген. Биз ага катуу көзөмөл кылып жатканбыз, мурда кылмыш кылган деп бир нерсе болсо эле кармай берген болбойт да? Мен уулумдун укугун коргоо менен бул окуя башка милиция кызматкерлерине да сабак болсун деп жатам.
«ДУБАЛГА БАШТАРЫН УРГУЛАП, АНАН БИЗДИ САБАДЫ ДЕП АРЫЗ ЖАЗЫШТЫ»
Ал эми 3 адамды кыйнап кылмышты моюнуна алдырган деп айыпталып жаткан милиция кызматкери Изат Мастеркулов окуяны төмөнкүчө айтып берди:
– 2015-жылдын башында уурулук фактысы катталып, ал кылмышка шектүү катары алгач Абдусамат Мусаев менен Манапбек уулу Саринжи кармалган. Тергөөчү аларды түнкү саат бир жарымдарга чейин суракка алган. Бири-бирине каршы көрсөтмө берип жатып, дагы бир адам кармалган. Тергөөдөн кийин үчөө тең медициналык экспертизадан өткөрүлүп, ичимдик ичкен-ичпегени, денесинде көк ала тактардын бар-жогу текшерилген. Эгер биз аларды сабап, тепкилесек, анда экспертиза сабалды деп жыйынтык чыгарбайт беле? Экспертиза жасаган кызматкер келип, 6-апрелде сотто көрсөтмө берди. Кылмышка шектелип кармалгандар СИЗОго киргизилгенде ал жакта жаткан бирөө «дубалды сүзүп башыңарды жаргыла да, милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазгыла. Ошентсеңер силерди бошотот» деп айтыптыр. Ошентип акыл үйрөткөн жаран дагы сотко келип ошону айтып берди.
Эми алар бизди коркутуп-үркүтүп жатат деп арызданышыптыр. Анан дагы «коркуткандарын диктофонго жаздырып алдык» деп жатышат. Булар болгону өздөрүнүн жалгандары чыгып калбаш үчүн ушундайга өтүштү. Балким, өздөрү бирөөгө сүйлөттүрүп коюшкандыр, аны ким билсин.
«КЫЛГАН ИШИН МОЮНГА АЛЫШЫП, ТОСМО АРЫЗДЫН НЕГИЗИНДЕ ИШ ЖАБЫЛГАН»
Жогорудагы уурулук ишин караган Москва РИИБинин тергөөчүсү Бишкек Мадалканов болсо «сот менин күбө катары көрсөтмө берүүмө каршы болуп жатат» дейт:
– Январь айында уурулук фактысы катталып, кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр кармалган. Ошондо мага Таалай Иманалиев деген опер кызматкер «жактоочунун көзүнчө сурак ал. Булар жалаа жабышы мүмкүн, бирөөсү мурда да милициянын үстүнөн арыз жазган» деп айткан. «Мына биз тийген жокпуз, өзүң көрдүң» деп айтып, чыгып кеткен. Мен кылмышка шектелип кармалгандардан жактоочуларынын көзүнчө сурак алгам. Алар кылмышын моюндарына алышкан жана «силерге опер кызматкерлер тарабынан кол тийүү болгон жокпу?» десем, «жок» деп жооп беришкен.
Кийин эле ушундай ызы-чууну башташты, эгер опер кызматкерлер буларды урганы чын болсо, анда эмнеге мага же жактоочусуна ошол убакта айтышкан эмес? Ал убакта медициналык экспертиза да көк ала жок экендиги тууралуу жыйынтык чыгарган. Кылмышка шектүүнүн туугандары жабырлануучудан суранып тосмо арыз жаздыртышкан, ошондуктан иш кыскарган.
«АКЧАҢДЫ ТӨЛӨП БЕРЕБИЗ ДЕШКЕНИНЕН ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРГЕМ»
Үйүнөн акча уурдаткан жабырлануучу Аганес Жалетян окуя тууралуу буларга токтолду:
– Буга чейин Жаңы жылды дайыма чоң атабыздыкында тосчубуз. 2014-жылдын 31-декабрында да үй-бүлөбүз менен саат 8-9дарда чоң атамдын үйүнө барганбыз. Өзүбүздүн үйдө эч ким калган эмес. Ошол бойдон таңкы саат 4тө келип, үйгө ууру киргенин билдик. Уурулар үйгө терезеден киришкендиктен айнеги ачык экен, булганып да калыптыр. Карасам, үйдөн 19 миң сом акча жоголуптур. Ошол замат милиция чакырып, арыз жаздым. Көп өтпөй кылмышка шектүүлөр кармалды. Кармалгандардын экөө: Нариман менен Саринжи мурун менин фермамда иштеп кетишкен, алар менин үйүмдү жакшы билишет. Кийин үйгө алып келишкенде алар кантип үйгө киришкенин, акчаны кайдан алганын туура, так көрсөтүп беришкен.
Андан көп өтпөй эле мага кармалган жигиттердин биринин туугандары келип, тосмо арыз жазып берүүмдү суранышты. «Биздин баланын күнөөсү жок, акчаны кайтарып берели» дегенинен, «күнөөсү жок болсо, анда эмнеге акча алып, тосмо арыз жазып беришим керек» деп болбой койгом. Андан кийин кылмышка шектелип кармалган Нариман менен Саринжинин эжелери келип, «ич ара бүтүрүшөлү. Балдар жаштык кылып коюшту. Акчаны бир айга жеткирбей төлөп беребиз. Тосмо арыз жазып бериңиз» деп келишкенинен, кошуна эмеспизби деп өзүмдүн унаама салып милицияга барып арызымды жазып берип келгем. Мына ошондон бери акчадан да, өздөрүнөн да дайын жок. Башка жакка көчүп кетишиптир. Эми кайра милицияга арыз жазайын деп жатам, 19 миң сом талаада жатыптырбы?!
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg