«КЫРГЫЗСТАН СУЛУУСУ-2017» ТААЖЫСЫ САТЫЛДЫБЫ?

5-апрелде «Кыргызстан сулуусу-2017» сынагына келген көрүүчүлөр залга кире албай ызы-чуу салып ыйлап турган кызды байкашса керек. Ал сынактын финалынан четтетилип калган катышуучу Алтынай Абдымомунова болчу. Алтынай бийкечтин айтымында, сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы аны эмне себептен сынакка катыштырбай койгонун түшүндүргөн эмес. Калыс болгон Айгерим Расул кызы болсо калыстардын упайы эске алынбай, жеңүүчү кыз алдын ала тандалганын айтып чыкты. Бул сынактын уюштуруучусунун кылган мамилесине, сынактын деңгээлине нааразы болгон кыздар Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине арыз жазышканын айтып редакциябызга кайрылышты.

Алтынай Абдымомунова, сынактан четтетилип калган катышуучу: «МЕНИ КИРГИЗБЕШ ҮЧҮН КҮЗӨТЧҮ ЖАЛДАПТЫР»

- Таттыбүбү мага 4-апрелде түн ичинде гана «сынактан четтетилдиң» деп телефон номеримди «кара тизмеге» кошуп салды. 5-апрелде сынак өтчү тойканага саат 3тө барып алып кире албай турдум. Кыздар сахнага чыга баштаганда ыйлап баштадым. Мени киргизбей жаткан күзөтчүлөрдүн боору ооруду окшойт «бизди атайын сени киргизбеш үчүн жалдашты» дешти. Ызы-чуу салып киргенимде Таттыбүбү келип, мени сөгүп салып басып кетти. Азыркыга чейин эмне үчүн сынакка катыштырбай койгонун түшүндүрбөй жатат. Балким, мага берилген билеттерди сата албай калганым үчүндүр? Мүмкүн болушунча сатканга аракет кылдым. 1-апрелде 30 билет берген, аны 500 сомдон сатышыбыз керек болчу. Ал «ата-энеңерден сурайсыңарбы, билеттин акчасын толук төлөшүңөр керек» деп туруп алды. Мен бул сынак үчүн 30 миң сомдой акча сарптадым. Ал мени «орун сатып алам деп аракет кылган» дептир, бул калп. Кыздар чогулуп Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине арыз жаздык.

Сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы менен сынактан четтетилген Алтынай Абдымомунованын WhatsApp`тагы сүйлөшүүсү.


Айпери Мелисбек кызы, сынактын катышуучусу: «БЕГИМАЙГА МАССОВКА БОЛУП БЕРДИК»

- Кыздар 3-4 билет гана сатып, калган сумманы өз чөнтөгүнөн төлөп беришти. 5 мүнөт даярдыкка кечиккен бир кызды 15 сантиметрлик бийик шиш така менен 50 жолу отуруп-тургузуп аябай кыйнаган. Ал ыйлаган боюнча кетип, кийин келбей койгон. Таттыбүбү аны карап шылдыңдап каткырып тим болгон.
Бегимай сынакка бир нече күн калганда даярданууга келбей жоголуп кетти. Дубайда жүргөн сүрөтүн соцтармактагы баракчасына илген. Кетери менен даярдык токтоп, аны 2 жума күттүк. Ошондуктан 21-мартта өтчү сынак 5-апрелге жылган. Себеби Бегимай жалпы бийге даярдана элек болчу. Мындан улам анын жеңери белгилүү болуп калды. Биз болсо келишимге кол коюп берип салгандан кийин кете алган жокпуз. Көрсө, Таттыбүбү бизди Бегимайга массовка болуп беришибиз үчүн чогултуптур.

Даяна Ашырматова, сынактын катышуучусу: «АРЗУУБЕК АТТУУ КАЛЫС ОРУН САТЫЛГАН ДЕГЕН»

- Таттыбүбү «билеттин акчасын алып келбесеңер финалга чыгарбайм» деп даярдануудан кийин түнкү 11 жарымга чейин кетирбей кармап отурду. Андан тышкары сынакка катышуу үчүн 5 миң сомдон төлөгөнбүз. Бегимай катышарын билгенде мени сынактан чыгарып, акчамды кайтарып берүүсүн сурандым. Мени өзүнчө чакырып «сынактан баш тартпа, сенде чоң мүмкүнчүлүк бар» деген. Көрсө, ал эптеп кетирбештин айласын кылып бардык кыздарга ошентип айтчу экен. Бул сынакта калыс болгон Арзуубек аттуу дизайнер Алтынай экөөбүзгө «кыздар, Бегимай Карыбекова орунду сатып алган, катышуудан баш тарткыла» деген. Биз аны «ушак болуш керек» деп ойлодук.
Экинчи орунду алган кыз талантын көрсөтүү тапшырмасында стрип-пластика бийлеп берди. Бул биздин деңгээлби? Интеллектуалдык суроолорду берген алпаруучу кыз Бегимайга акырын туура жообун айтып койду. Ошентсе да ал Сүймөнкүл Чокморовду «кыргыздын алгачкы журналисти, согушка катышкан» деп элди күлдүрдү.

Таттыбүбү Самидин кызы, сынактын уюштуруучусу: «БЕГИМАЙГА ЖАН ТАРТТЫМ»

- Алтынай баш байгени сатып алууну каалаган. Даярдыкка 2 ай ичинде 4 жолу гана келди. Мен аны финалга катыштырмакмын, бирок ал 2 жарым саат кечикти. Кечиккени үчүн ким болсо да сынактан четтетмекмин. Айрымдар «Алтынай Бегимайга атаандаш болгону үчүн алып салды» деп айтып жатышат. Табитте талаш жок, бирок бул жерде кеп табит тууралуу эмес. Маселе, Кыргыз өлкөсүн ким татыктуу көрсөтө алат? Мына ошондо. Ошондуктан Алтынай Бегимайга атаандаш эмес болчу. Мен Бегимайга уюштуруучу катарында эмес, Кыргыз жеринин жараны катары жан тарттым. Себеби «Дүйнө сулуусу-2015» сынагына катышкам. Ал жакка кандай кыз барыш керек экенин жакшы билем. Урматтуу Айгерим Расул кызы, ошол күнү сага көңүл бурулбай, башка калыстар оюң менен эсептешпей койгону үчүн кечирип кой. Айгерим 1-орунга башка кызды сунуштаган, бирок башка калыстар бир добуш менен Бегимайды тандашты.
Кыздарды отуруп-тургузуу – бул шакабага алуу эмес, ал тартип. Башка уюштуруучулардай эле билетти катышуучулар аркылуу саттырдым. Себеби катышуучулардын залда отурган күйөрманы болушу зарыл. 3-4 кыз эле толук сатпаса, калганы 2-3төн эле сатышты. Бирок мен аларды сынактан чыгарып салган жокмун.

Таттыбүбү Самидин кызы, "Кыргызстан сулуусу-2015" сынагынын жеңүүчүсү.


Бегимай Карыбекова, сынактын жеңүүчүсү: «МЕДАЛДЫН ЭКИ БЕТИНЕ ТЕҢ ДАЯР БОЛЧУМУН»

- Эгерде кыздар менин утарымды, сатып алганымды билишсе, эмне үчүн сынактан баш тартышкан жок? Жеңеримди билгендери, даярдык учурунда өзүмдү башкы талапкер катары татыктуу алып жүргөнүмдүн белгиси. Мен деле бардык катышуучулар сыяктуу медалдын эки бетине тең даяр болчумун. Кудайдын буйругу экен, сынактын программасынын алкагында озуп чыгып, алдыңкы байгеге ээ болуп отурам. Мени «суроого жооп бере албай калды» деп видеолорду интернет тармагына таратып жатышат. Мен болгону элдин сүрүнөн коркуп адашып калдым. Катышуучу кыздардын баары эле суроолорго окшош деңгээлде жооп беришкен.

Бегимай Карыбекова, "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын жеңүүчүсү.


Динара Абдыкадырова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чуу жараткан "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (56)
love.me.again
2017-04-18 01:09:24
Таттсыс ххх экен. Эбул кыз германияда жашайт ошого кыргызча акчаны билбейт деп айткан.нак айылдык эле кыз экен го. Кантип айтты таттысы кейпи да бир бале экен. Жакпады ушу таттысы мыйзам бобнча жорп берсин качпай
+3
azamat1978
2017-04-18 06:20:23
Ыймандуу,нисаптуу,акылдуу, намыстуу,болгулачы кыргыз кыздары ошондо силер дуйнодогу эн сулуу аял заты болосунар.
+2
karonalaif
2017-04-18 06:24:17
Акчан болсо танкасын акчан жок болсо манкасын женуучу кыз акчаны кобуроок берсе керекда!Бегимай прям сулуу деле емес екен обычная Девушка!Сынакта мынданда сулуу жана акылдуу кыздар бар еле деп ойлойм
0
Surgut777
2017-04-19 00:53:18
Сулуу кыздар силерге кенешим ак уйго митинкке чыккыла
0
abdillaevna-96
2017-04-19 06:47:28
Башка мамлекеттер мн иштешип жургон адамдын сурдодум дегени окшошпой калыптырда кичине баланы алдагандай болуп
+2
farida.kg.1991
2017-04-19 12:24:20
Татту сен келбетине эмес характеринди ондоп жылуу мамиле кылышты үйрөн ошондо сен сулуу көрүнөсүн.
+4
jamakeev2015
2017-04-19 15:08:26
Бирин кайың,бирин тал,бирин өлүп бириң кал.Ушундай кантип болсун ит эле болупсунар
+4
morelubvi
2017-04-19 19:37:38
Айгерим молодец!Кыжырды кайнаткан сулуулар конкурсу толуп кетти,саны бар сапаты жок.Кыргызстан Сулуусун ушундай денгээлде отуп жатса башкасы олуптур.Ушу ызы-чуудан кийин ойлонуп конкурс откоруп калышат.Ырас кылдын.
+4
Izdeim_seni.
2017-04-19 21:16:14
Тойканада откону кызык экен. Ушул сынакты уюштуруучулврга айтарым казактардын "казак аруусу"сынагын бир коруп анан сабак алсанар ошол туугандардан
+3
basyz-kaman
2017-04-20 15:26:13
Бегимайга жан тарттым деп ачык эле мойнуна алыптыр, демек мурдатан эле ким жеңээри чечилген экен. Конкурстун таза өтпөгөндүгүн эске алып сот башка катышуучуларга моралдык жана материалдык чыгым төлөттүрүп бериш керек. Негизинен бизге мындай конкурстардын кереги жок болчу.
+4
kaniulia
2017-04-20 17:43:45
Ооо кудай ушу Чубак ажы президент болсо экен,кыргыз кыздары кайда баратат эмне болуп баратат мындай уюштыруу кереги жок бизге ХХХ башын коргозуп.Кыргыздар качан эле ушуну кылчу, бул нерсе башынан Европа тараптыкы да
-1
strangergirl
2017-04-20 19:15:53
Бирнчиден кыргызча суйлобогондору эн чон кемчиликтери, экинчиден "рас" болуптур. кыргызча суйлобосонор ушундай болот, учунчудон сулуулар сынагынын таптаза отконун коргон да эмесмин, уккан да эмесмин....
+3
Nora
2017-04-21 06:33:48
Kyrgyzdardyn suluusun tandasak dagy korupciya bar turbaiby, emmi kyzgyz bolgon son baardyk jagynan top kelgen kyzdy tandasa jakshy bolmok, suluu bolup turup ХХХ bolso, een jonokoi suroolorgo joop bere albagan kyzdy, duino suluusuna jonotup otursanar, al jerde da ХХХ bolup joop bere albai tursa shermende ele bolobuz da.
+1
ElzatNur
2017-04-24 04:45:54
Ушул кыздарга караганда мен сулуу экенмин. Неге кыргызча суйлошпойт. Мамлекет эмне учун конул бурбайт тилге. Жада калса кой деле, уй деле озунун тилинде суйлойт. Коп улуттар мн иштешем. Баары оз тилин сатпайт. Биз эле кыйратып салгансып орусча суйлой беребиз. Арыз жаздык деп коюшат. Чала болуптур. Таттысына да, силерге дагы, уят болуп Бегимайына дагы. Биринчи кыргыз тилинерди, дилинерди, дининерди уйронгуло. Женишке эч кимиси татыктуу эмес экен. Бул менин жеке оюм.Кыргызстанга Катардан салам!!!
+1
Jaziko80
2017-04-24 09:55:18
Кыргызстан сулуусу болгон адамдын ички дуйносуда сулуу болуш керек деп ойлойм.
+2
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан