Айгерим Расул кызы, ырчы: «КЫРГЫЗСТАН СУЛУУСУ» СЫНАГЫ АКЧА ТАБЫШ ҮЧҮН ЭЛЕ ӨТКӨРҮЛДҮ»

Айгерим Расул кызы чыгармачылык, жеке ишкерлик менен алектенип, 1 кызды тарбиялоого да жетишип келет. Учурда дагы бир кесиптин ээси, тагыраак айтканда, продюсерликте өзүн сынап көрмөкчү. Эмесе, ырчынын акыркы жаңылыктарына саресеп салып, маектешип көрөлү.

– Кандайсың, Айгерим? Маегибизди сен калыс болгон «Кыргызстан сулуусу-2017» сынагынан баштасак. Коомчулукка нааразычылыгыңды ачык жарыялап чыгууга эмне түрткү болду?
– Жакшы. Бул тууралуу уюштуруучунун өзүнө айтайын дегем. Бирок ал телефонун өчүрүп, байланыштан качып жаткандыктан баарын коомчулукка айтууга туура келди. Кыргыз өлкөсүнүн атын чет өлкөдө тааныта турган кыздарды тандоонун, сынактын, уюштуруунун деңгээли аябай төмөн болгону ачууңду келтирет экен. Алсак, кыздар чыкчу подиум кичинекей, жарыгы жок. Кыздардын беттери жакшы көрүнбөйт. «Кыргыз бийи» деп баарын чыгарып койду же алар көрүнсөчү. Анан да талантын көрсөтүүдө кээ бирлери жерге жата калып стриптиз бийлеп киришти. Эл аралык сынактарга катыша тургандарды да ушинтип тандайбы? Биздин баа бергенибиз эсепке алынган жок. Жөн эле жазып жаттык.
Ал эми жеңүүчү болгон кызга келсек, ал жадакалса «Сүймөнкул Чокморов ким болгон?» деген суроого жооп бере алган жок. «Чокморов куугунтукта жүргөн, журналист» деп залдагы элди күлдүрдү. Анын жеңүүчү болгонуна каршылыгым жок, бирок андан да мыкты, суроолордун баарына жооп берген сулуулар бар болчу. Аны алдын ала дайындашкан деп ойлойм. Себеби калыстар чечим кабыл алуу үчүн чогулганда уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызынын башынан жеңүүчүлөрдү тандап койгону белгилүү болду. Республикалык масштабдагы «Мисс Кыргызстан» деген сынакты ушундай жаш, эч кандай тажрыйбасы жок кыздын тандоосуна ким уруксат берди деген суроо жаралат.

– Өлкөнүн атынан дүйнө сулуулары менен ат салышчу сулууну кимдер тандашы керек деп ойлойсуң?
– Бизде Маданият министрлиги бар. Башка өлкөлөрдө мындай чоң сынактарды бир гана Маданият министрлиги чечет. Улуу муундагы маданият өкүлдөрү бир нече сыноодон өткөрүп, татыктууну тандоо керек эле да. Биринчи Улуттук каналдан «Кыргызстан сулуусун тандайбыз» деген жарнакты байма-бай кетириш керек болчу. А бул кыз Инстаграм баракчасынан өзүнө керектүүлөрүн тандап алды. Андай сынактар чоң масштабда Опера жана балет театрында, Улуттук филармонияда, Спорт ордосунда өткөрүлүшү керек эле. Бул сынак акча табыш үчүн эле өткөрүлгөнү билинип калды. Анан дагы 17 кызга 15 миң сомдон билет саттырганда деле 255 миң сом болот экен. Жакшы бизнес кылыптыр. Бирок ушунча акча чогултат экен, жок дегенде, подиумга жарык коюп койсо болмок. Кыскача айтканда, сынактын кемчиликтери аябай көп болду.
Дипломдорду тапшыруу учурунда байкасам, эч бирөөнүн кол тамгасы же мөөр басылганы жок. Кыскасы, жөн эле бир кагаз. Мыйзамсыз сынак десе дагы болот. Мен атайын Ош шаарынан сынак мамлекеттик деңгээлде өтөт деп келген элем. Бирок сынак мектеп деңгээлинде болду. Уялганымдан акырына чейин тура албай чыгып кеттим.

– Уюштуруучу «ыраазычылык кагазы берилбей калганы үчүн залдан чыгып кетти» деп жатат...
– Ал шылтоо. Ыраазычылык кагаздар демөөрчүлөргө берилди. Калыстарга эмнеге берилмек эле? Берилген күндө дагы мөөрү жок, кол тамгасы жок, бош кагаздын мага эмне кереги бар? Бул айтканы күлкүнү келтирет. Ыраазычылык барактар толтура, жыйылып турат. Ага муктаж болгонум жок.

– Калыстар тобуна кандайча чакырылып калдың?
– «Мисс Кыргызстан» болуп жаткандан кийин Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Талас облустарында сынак уюштурулуп, тандалган кыздарды борборго алып келип «Мисс Кыргызстанга» даярдаш керек болчу. Калыстар тобу баары Таттыбүбү менен иштеген адамдар. Арасында достору дагы бар. Өзүнүн оюн ишке ашырыш үчүн улуу муундан калыстык кылууга эч кимди чакырбаптыр. Мени чакырганынын себеби, калыс дагы болуп, ырдап дагы берет деп чакырган экен.

– Сөзүбүздү жеке ишмердүүлүгүңө бурсак. Кыздардан турган топтун аталышы жана азыркы тапта эмненин үстүндө иштеп жатышат?
– Топтун атын дагы эле тандай элекпиз. Кыздар болсо сахнага чыгууга даярданып жатышат. Вокал, хореография, харизма, сахнада өзүн алып жүрүү боюнча сабак алып жатышат. Кыздардын баары секелек, 15-18 жаштагы кыздар болгондуктан, 5 жылдан кийин турмуш курчу убакыт дагы жетип калат экен. Ал жагын да ойлоп койгом.

– Өзүң продюсер болсоң, ырчылыкты таштайсыңбы?
– Жок, таштабайм. Топ түзүү – бул менин көптөн берки самап жүргөн кыялым. Азыр оңой иш жок. Өзүм жалгыз эмесмин, менеджер, жардамчыларым бар. Жеке чыгармачылыгыма да көңүл буруп, клип тарттырып жатам. Буюрса, баарын чогуу алып кетем.

– Интернет айдыңында арыктатуучу каражат колдонуп, салмак таштаганың тууралуу жарнамалар жүрөт. Аларды эмне максатта чыгардың?
– Ал мен жасаган иш эмес. Бул интернет аркылуу акча жасаган шылуундардын иши. Бир гана мени эмес, башка өлкөдөгү белгилүү ырчылардын дагы атын колдонуп акча жасашат экен. Дароо эле интернет жаатындагы адистерге кайрылдым. Юрист, программисттер менен сүйлөшсөм, аларды табуу мүмкүн эместигин айтышты. Мисалы, Алла Пугачёваны дагы ошол каражаттан арыктады деп чыгышканда эч ким таппаптыр. Бул интернет шылуундарды табуу кыйын экен. Дүйнө жылдыздары таппай жаткандан кийин мен кантип тапмак элем?
Мындай маалымат тараган соң миңден ашык айым мага ал арыктатуучу каражатты сатып алышкандарын билдиришкен. Башында ушундай маалымат чыкканда «ишенбегиле» деп айтып чыккам. Бирок ошого карабай көпчүлүгү алып ичип көрүшүптүр. Колдонгондон кийин «арыктаган жокмун» деп жазгандары болду.

– Маегиңе рахмат!

Интернетте Андрей Малаховдун "Пусть говорят» берүүсүнө да катышты деген жалган маалымат жайылып кеткен.


Бактыгүл Момбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Чуу жараткан "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (49)
azimbek74
2017-04-18 10:06:56
Бири кыргызча суйлой албайтго, булар россиянын сынактарына барыш керек го
+6
jazka8586
2017-04-18 10:39:09
Детский сад
+5
nurbekasr
2017-04-18 13:16:46
Ок сулуу болбой сүмүрөн бөлгурлар.Эми орусча сөгүнгөнүн кантейин,биз эркектер да антип сөгө албайбыз.Эми мен Айгеримге башкасына деле тартбайым,бирок Айгерим чындыкты айткан го.Тигилер чын чычалайт болушуптур да.Колунардан пок келбегенден кийин эмнеге өткөрөсүнөр дейим да.
+4
knjavlet
2017-04-18 14:19:26
заманын менен айланып кет. чыныгы сулуулар эл арасында эле журот. жарыя кылбай. максат бай куйоого тийуу го
+5
Mekush87
2017-04-18 15:40:22
Ооба Айгерим чындыкты айтыптыр.Бул конкурсту кайра откоруш керек.Кеп сулуулукта эмес,баардык жагынан топ келишкен акылдуу кыз болушу керек.
+2
aa93
2017-04-18 16:16:08
Айгерим азаматсын! Айрыкча турмушка чыккандан кийин жакшы жакка озгоруп баратасын. Ийгилик сага!!!
+6
Summersunshine
2017-04-18 18:15:17
Качан кыргыздар кыргызча суйлоп башташат?
+3
Mers124
2017-04-18 18:30:19
Суроого кыйын жооп бергендер тандалса, акылдуу кыз деп өткөрүш керек болчу да. Суроого жооп бере албаса эле сулуу кыз болбой калабы
+1
Asel_D_96
2017-04-18 19:53:20
Айгерим сен таланттуу жана бетке айткан тартынбаган кызсын, Бирок озундун деле бийлегенин келбетиң менен эне стусунду бузуп турат ошонуңду оңдосоң жакшы болмок
+6
egemberdievagulbara
2017-04-18 23:40:09
Азаматсын Айгерим ийгилик каалаймын.чындыкты айтып чыгыпсын.
+8
farida.kg.1991
2017-04-19 12:00:18
Татыбүбү Самидин кызы сулуулугунду иттей характерин бузуп коет экен. Сырты жалтырак ичи калтырак деп ушуларды айтса болот.
+7
morelubvi
2017-04-19 19:41:29
Айгерим азаматсын.Жаштарга гана эмес улууларга да улгу болдун.Улууларбыз деле ар кайсы конкурста жюри бп отурушат Бетти калын кылып чындыкты бекитип.Сенден кийин уялып калышаар башкалар.
+5
Bagdayim
2017-04-20 14:51:09
Бейиш сулууларга эмес,ыймандууларга убада кылынган.Андыктан акыретин да ойлоп коюшса болмок биздин сулуулар.
+4
radostmoya
2017-04-20 18:01:59
Интервью берип отурган кыздардын бетин жууп салса менин мышыгым да сулуураак. Конкурсту менимче, чоң эле адамдар маданияттын кызматкерлери өткөрүшсө болмок. Бул сулуу отура берсин таажысын кучактап
+4
Bella1
2017-04-22 00:37:39
Ушул сулуулардын чыры бүтпөдү го.((
0
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан