ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫ: ДӨӨ-ШААЛАРДЫН ТИРЕШИ, ДОРТМУНДДАГЫ ЖАРДЫРУУ

Футбол боюнча Европанын клубдар арасында эң беделдүү мелдеши – Чемпиондор Лигасында апта ортосунда чейрек финалдык оюндар өттү. Анда финалдык оюнга тете 2 беттеш өзгөчө көңүл бурдурду.

МЕССИНИН СЫЙКЫРЫ КОНОКТО АЛСЫЗ

«Ювентус» - «Барселона» 3:0


Голдор: Дибала (7-мүнөт, 22-мүнөт), Кьеллини (55-мүнөт)

Италиянын чемпиону «Ювентус» каталондук «Барселонаны» өз үйүндө кабыл алып, чыныгы күчүн сынады. Мессинин ордун баса турган аргентиналык Паоло Дибала беттештин негизги каарманына айланды. Анын 1-таймдагы 2 таамай соккусу менен экинчи бөлүктө Кьеллинин голу оюнга чекит койду. Месси баштаган «Барселона» конокто канчалык алсыз экендиги «ПСЖ» менен болгон оюнда көрүнгөн. Экинчи жолу ири эсепте утулган каталондуктар эми өз үйүндө кайра эрдик жасай алабы, жооптук беттештин негизги суроосу.

ТЕРАКТТЫН ИЗИ МЕНЕН

«Боруссия Д» - «Монако» 2:3


Голдор: Дембеле (58-мүнөт), Кагава (84-мүнөт), Мбаппе (19-мүнөт, 79-мүнөт), Бендер (өз дарбазасына (35-мүнөт)

Дортмунд шаарында Чемпиондор Лигасынын оюну башталарына бир канча саат калганда жергиликтүү команданын автобусунун жанынан жардыруу катталган. Андан улам «Боруссиянын» коргоочусу Марк Бартра жаракат алып, оюн кийинки күнгө жылдырылган. Бул окуядан кийин футбол талаасына чыгуу дортмунддуктар үчүн татаал эле, себеби теракттын изи оюнчулардын элесинен бир эле күндө кетип калган жок. Өз дарбазасына киргизип алган 3-гол муну айгинелейт. «УЕФА үчүн адамдар эмес, футбол маанилүү окшойт» деп билдирди оюндан кийин «Боруссия» машыктыруучусу Томас Тухель.

РОНАЛДУДАН ЖҮЗ ГОЛ

«Бавария» - «Реал» 1:2


Голдор: Видаль (26-мүнөттө), Роналду (47, 77-мүнөттөрдө)

Учурдагы Европадагы эң күчтүү клубдардын тиреши күйөрмандар үчүн чыныгы майрам болду. Карло Анчелоттинин шакирти Зинедин Зидан бул жолу устатынан мыктылыгын көрсөттү. 1-таймда Артуро Видаль «немис машинасын» алга сүрөгөнү менен, 11 метрлик айып соккусун жаза басты. «Реал» экинчи бөлүктө күчтөнүп, анын лидери Криштиану Роналду эки жолу айырмаланды. Муну менен ал жалпы Чемпиондор Лигасында 100 гол жаратты. Жооптук беттеште «Бавария» Анчелоттинин намысын сактабаса, немис футболу уят эле болгону.

ЖОМОК КАНДАЙ УЛАНАРЫ БЕЛГИСИЗ

«Атлетико» - «Лестер» 1:0


Гол: Гризманн (28-мүнөттө)

Англия чемпиону «Лестер» конокто мадриддик «Атлетикого» барды. Күйөрмандар бул клубдун жомогунун уландысын күтүп келишет. Бирок мунун уландысы кантип уланары али белгисиз. Мадриддин өзүнүн ханзаадасы бар. Жалгыз голдун автору Гризманн аталган оюнда «Атлетикого» жеңиш алып келди. 1:0 анчейин кооптуу эмес, жооп кайтаруу кезеги эми Жейми Вардиде.

Жооптук беттештер 18-19-апрелде өтөт

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Patriot...kg
2017-04-17 10:31:21
Сонун жасыпсын.
Анан Реалга ийгилик
0
sansho
2017-04-17 12:43:37
Фуууууу дагы футболбу. Кызыктуу башка нерсени жазгылачы
-8
Arsenal2
2017-04-18 22:04:54
sansho,фудболдон башка кызыктуу нерсе барбы
0
Timon
2017-04-17 13:53:42
апрель айы уйкусуз айлардан болуп жатат...))жооптук оюндарды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз..ким кайсы клубду сүрөп жаткан болсо баарына ийгилик...
0
JemesRodrigues
2017-04-18 09:33:42
Реал-Бавария 3:0 же 3:1 болот бугун
+1
tilek-x
2017-04-19 13:12:44
Реал-Бавария 4-2 болду уррааа!!!
+1
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан