"Эмне кыларымды, кимге кайрыларымды билбей акыры ушул гезитке кат жазууну туура көрдүм. Балким, гезит аркылуу жардам болуп калар..." Бизге келген кат ушинтип башталат. Каттын ээси Элнура айым менен жолугуу үчүн борбор калаабыздын четиндеги айылдардын бирине бардык. Ал жакта каарманыбыз 14 жаштагы майып уулу менен батирде турат экен. "Башымдан өткөн окуяларды уулум укпай эле койсунчу" деп аны башка бөлмөгө жетелеп чыгарып коюп, каарманыбыз кебин баштады...
"ЖАЗГА ЧЕЙИН ЧОГУУ ЖАШАЙЛЫ, АНАН АЙЫЛГА АЛЫП КЕТЕМ ДЕГЕН"
– Өзүм Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан болом. Кесибим ашпозчу, 20 жашымда борборго келип официант болуп иштеп калдым. Батирде кыздар менен чогуу жашап жүрдүм. Жаш экенбиз да, жигиттер менен таанышабыз, сейил бактарга барабыз. Анан бир жигит менен таанышып калдым. Жакшы күндөрдү өткөрдүк, ойнодук, күлдүк дегендей. Жазында таанышкан элек, билинбей кыш мезгили кирип келди. Жигитим "жазга чейин чогуу эле жашап туралы, азыр мал арык, жазында семирет, ошондо айылга барабыз да, той беребиз" деди. Жаштык кылыптырмын, анын сөздөрүнө алдандым, макул болуп чогуу жашай баштадык.
Аз эле жашадык, кийин өзүмдү жаман сезип дарыгерге барсам, кош бойлуу экенимди айтты. Кубанып келип жигитиме кабарласам сүйүнгөндөй эле туюлган, балким, мага ошондой сезилдиби билбейм. Ал мен тууралуу ата-энесине айтып, аларды көндүрүп келмекке Таласка кетти. Ошол бойдон ал адамды көргөн жокмун. Кандай капыстан пайда болгон болсо, ошондой күтүүсүз менин жашоомдон жоголуп кетти. Сүйүү көзүмдү көр кылган тура, ал жигиттен "Таластын кайсы айылынан болосуң, дарегиңди бер" деп деле сурабаптырмын. Катуу ойлонуп жүрүп балам 7 айлык болуп төрөлүп калды.
"ТӨРӨГӨНҮМДҮ ҮЙДӨГҮЛӨРГӨ АЙТКАН ЭМЕСМИН. АЙЫЛДАШ КЫЗЫМ КӨРҮП КАЛЫПТЫР"
– Балалуу болгонумду ата-энеме айта албай, бала багуучу жалдап, өзүм иштей баштадым. Бир күнү балам менен ЦУМ жакта жүргөнүмдү айылдашым көрүп калып, апама "кызыңыз турмушка чыккан окшойт, бала көтөрүп жүрөт" деп айтып коюптур. Анан үйдөгүлөр айылга кел деп чакыртышты. Баламды таштап, эч нерсе болбогондой бардым. Апам "кызым, сен бизди уят кылып кандай жоруктарды баштап жүрөсүң?" деп калды. Аргасыздан айтышка туура келди, анын үстүнө ал учурда баламдын ден соолугу начар экенин түшүнүп калган элем, аны да айттым. Бул тууралуу атама да жетти, 5 күндөй атам сүйлөмөк турсун мен тарапты карагысы келген жок. Бирок аяды окшойт, "адам жашоосунда 1 жолу катуу жаңылат, алып кел, биз карайбыз. Болбосо оорукчан бала менен жашооң кыйын болуп калат" деди.
Уулумду алып келдим, ата-энем аны дарыгерлерге көрсөтө башташты, көрсө, шал оорусу менен төрөлүптүр. Эсимде, бир жолу ооруканада отурганбыз, бир тууган сиңдим келип "балаңды алып кет, арам балаңдын айынан ата-энебиздин кан басымы көтөрүлүүдө же аларды өлтүргүң келип жатабы?" деди эле, уялганымдан өлбөгөн 4 шыйрагым калды. Бирок ата-энем уулумду бербей алып калышты. Шаардан дары-дармекке деп акча алып келсем, апам "өзүң дарылан, аман болсок биз балаңды бутуна тургузабыз" деп урушар эле. Аттиң, пейили кенен алтындарым. Бирок балам 2 жашка чыкканда атамдын кан басымы көтөрүлүп, башына кан уюп дүйнө салды. Балам 5 жашка чыкканда апамдын дагы кан басымы көтөрүлүп кара жер жамынып жатып калды. Бир туугандарым "сенин арам балаңдын айынан" деп мени күнөөлөшөт.
Айла жок уулумду шаарга алып келдим. Ишенсеңиздер, 7-8 жашына чейин колума көтөрүп чоңойттум. Маршруттук таксиге түшсөк дагы жонума көтөрүп кирем, көтөрүп чыгам. Азыр эми деги эле көчөгө көтөрүп чыга албайм. Ата-энем убагында баланы өздөрүнүн атына жаздырып алышкан, көзү өткөндө бир тууган иним жооптуу адам (опекун) катары дайындалган болчу. Бир жерге барып жардам сурасаң эле "сен кимиси болосуң?" дешет, "эжесимин" десем, "опекуну кайда?" деп териштире башташат. Уулумду алып коюшат деп чочулап ушул убакка чейин эч кимге кайрылган да жокмун.
"АТА, АПА, МЕНИ КЕЧИРИП КОЮҢУЗДАРЧЫ..."
– Ата-энем убагында туура айткан экен, оорукчан бала менен жашоом кыйын эле өтүүдө. Дени сак балалуулар деле турмушка чыга албай жүрүшпөйбү. Менин уулумдун кимге кереги бар? Өткөн жашоомду эстеп өзүмдү өзүм жемелейм. Мен ошондо ал жигиттин кептерине алданбай, акылым менен болгондо, балким, ата-энем тирүү болмок. Себеби өмүрүндө оорудум деп айтпаган адамдар эле. Аларга куран окуган сайын кечирим сурайм. Ата, апа, алтындарым, мени кечирип коюңуздарчы... Бир жигитке алданып жашоом талкаланды...
Турмушта жалгызмын, батирде уулум экөөбүз турабыз, ал 14 жашта. Азыр баскан сайын салмагы бутуна оор келип, буттары ийрейип баратат. Азыр уулум "кел, жуунтайын" десем уялып көнбөй баштады. Анын үстүнө мага да аны көтөрүш кыйынга турууда. Көп баспайт, эшикке чыгалы десек короодон чыга электе чарчап калат. Тамак-ашын даярдап, дарысын көрсөтүп, горшокту үйгө алып кирип берип жумушка кетем. Жакшы жашоого ар бирибиз умтулабыз да. Жок дегенде насыяга акча алып жакшы жумуш баштасам деп ойлоном. Бирок үй-жайым жок болсо насыяны мага ким бермек эле?!
Кебимдин соңунда учурда шаарга окуйм, иштейм деп келген кыздарга кайрылгым келет. Кыздар, эч качан сулуу жигиттердин таттуу кептерине ишенбегиле, силердин туура эмес кадамыңар өзүңөргө гана эмес, ата-энеңерге, урук-тууганыңарга кайгы, көтөрө алгыс сыноолорду тартуулаарын унутпагыла. Ар дайым жети өлчөп, бир кесип, акылыңар менен иш кылгыла. Менин жашоомду кайталап калбагыла.
Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg