HI-TECH NEWS

АЗЫКТЫН САПАТЫН АНЫКТАЙ ТУРГАН ТЕСТ ОЙЛОП ТАБЫЛДЫ

АКШнын ойлоп табуучулары азыктын сапатын көз ирмемчелик убакытта аныктай ала турган колдонмону чыгарышты. Адатта азыктардын сапатын текшерүү үчүн жытын, өңүн карап көрүшсө, эми бул "табылганы" колдонмо катары уюлдук смартфонго көчүрүп алып, азыктардын сапатын текшерсе болот. Ойлоп табуучулардын бири Тимоти Свэггердин айтымында, колдонмону ачып, аны азыкка жакындатканда пайдалуу же зыяндуу экенин билүүгө болот. Учурда бул аспаптын иштешин текшерүүнүн акыркы этабы жүрүп жатат.

ЭМИ ӨСҮМДҮКТӨР КАРАҢГЫ ЖАЙДА ӨСТҮРҮЛӨТ

АКШнын "Urban Crops" компаниясы караңгы жайларда өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн жолдорун ойлоп табышты. Окумуштуулар мындай шарттагы өсүмдүк өстүрүүчү имарат катары Бельгиянын Кортрейк шаарындагы эски килем фабрикасын тандашкан. Мурун күнөсканаларда, башкача айтканда, күн тийген жерлерде өстүрүүгө мүмкүн болсо, эми өсүмдүктөр бул нерсенин жардамы менен күн тийбеген караңгы жерде дагы өсүшүнө шарт түзүлдү. Өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн бул жолу "тик ферма" же "тик айыл чарба" деп аталат. Компаниянын директорунун айтымында, мындай жол менен өсүмдүктөрдү жыл мезгилинин каалаган убагында өстүрсө болот. Дагы бир артыкчылыгы, ошол жердеги өсүмдүктөргө суу аз кетип, витаминдүү болору айтылууда.

"GOOGLE" КОМПАНИЯСЫ МААЛЫМАТТЫН ТАКТЫГЫ ҮЧҮН КҮРӨШӨТ

"Google" компаниясы такталбаган маалыматтардын үстүндө иштеп, колдонуучуларга бир гана ишенимдүү маалымат булактарды тандоосуна жардам берет. Бул функция былтыр күзүндө эле америкалык жана британдык Google News, iOS, Android системдеринде жеткиликтүү болгон. Аты белгилүү компаниялар өзүнүн баркын түшүрүп албоо үчүн маалымат жайылтууга чейин алган маалыматты бир канча жолу текшеришет. Ал эми интернетке ар кайсы булактан ар кандай маалымат тарап, адамдар кайсынысына ишенерин билбей калышат. Адистер систем өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтө баштаган мезгилде жайылтууну туура көрүштү. Ойлоп табуучулардын айтымында, бул функция бардык тилде иштейт.

УУРУЛАРДАН САКТАГАН РЮКЗАК ЧЫКТЫ

"Korin Design" компаниясынын адистери ClickPack Pro аталышындагы уурулардан сактаган уникалдуу рюкзакты чыгарышты. Рюкзактын башкы өзгөчөлүгү – анын ичиндеги буюмдардын уурдалуусуна жол бербегендиги. ClickPack Pro сумкасын бычак менен кессең да кесилбейт. Ал бекем кездемеден жасалып, жаан жааганда ичиндеги буюмдар да суу болбойт. Ал сыртынан код менен кулпуланган. Ошондой эле анда кол чатырды ыңгайлуу кылып орнотуп алуу мүмкүнчүлүгү, банк карталарын салуучу бөлүк, смартфонго электр кубатын берүүчү USB уячасы бар. Телефон электр кубатын алышы үчүн да рюкзактын ичинде атайын портативдик аккумулятор орнотулган. ClickPack Pro`нун баасы болжол менен 119 долларды түзөт.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
barsa30
2017-04-17 09:26:09
рюкзактын өзүн эле уруп кетчүлөр бар .
+3
datkayimjan
2017-04-21 12:59:32
Осумдуктордун карангы жайда остурулгону табияттын законун озгорткондук
0
gulzat75.75
2017-04-22 04:40:34
Тан калаарлык
0
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан