МАЛИНАНЫН ПОЛЬКА, ПОЛЯНА СОРТТОРУ МОЛ ТҮШҮМ БЕРЕТ

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда малина өстүрүп байыгандар көп. Эгер сиз ишкерликтин бул түрүн тандасаңыз, анда алгач сортун туура карап алганыңыз оң. Бул боюнча "Green Life Dan" компаниясы кеңеш берет.

ЖЕР ТАНДОО

Малина көлөкөнү көп жактырбайт, жарыкты сүйөт. Ошондуктан аны өстүрүүгө жарык жакшы тийген, нымдуулук жетиштүү болгон, борпоң топурактуу, отоо чөбү жок жер тилкеси ылайыктуу. Ал эми 1-1,2 метр тереңдиктен суу чыккан жерге тигүү сунушталбайт. Себеби ашыкча нымдуулук өсүмдүктү чиритип жиберет.

ОТУРГУЗУУ

Эгер малина өстүрүүнү кааласаңыз, анда анын полька, поляна сортторун тандаганыңыз оң. Анткени бул эки сорт башкаларга караганда суукка чыдамдуу, кар жааганга чейин мөмө берет. Орто эсеп менен бир түбүнөн 5 килограммга чейин түшүм алууга болот. Мөмөлөрү 5-6 грамм чыгат, ширелүү жана таттуу.
Малинанын көчөтүн жазында, күзүндө аралыгын 0,5-0,7 метр, ал эми удаа кеткен катардын ортосун 1,5-2 метр кылып отургузуу керек. Чуңкурдун диаметри 40-50 сантиметр, тереңдиги 30-40 сантиметр болот. Андан соң чуңкурдун жарымы жер семирткич менен толтурулат да, көчөт 2-3 сантиметр тереңдикте көмүлөт. Жаңы отургузулган ар бир көчөткө 5-6 литр суу куюу керек.

Көчөт алууну каалагандар үчүн:

Бизде малинанын полька, поляна сорттору, карлик жана жарым карлик алма, алмурут, кокон гилас, бий алма, алча, өрүк, шабдалы, грек жаңгагы, бадам, кара өрүк, жүзүмдүн түрлөрү бар.

Бишкек шаары, Садырбаев (Баха) көчөсү, 149. Байланыш телефондору: 0772 351 323, 0777 72 79 17, 0550 07 84 27
Өлкөнүн түштүк аймагы боюнча Ош шаары, ХБК кичи району: 0553 090 630, 0778 420 744, 0773 881 280, 0553 18 60 90

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
cico
2017-04-19 14:23:34
Сүрөттөгү кулпунайго малина эмес
+1
Chyngyz_kg
2017-04-19 15:09:40
cico, кулпунайга окшош сорту экен.
+1
ayjan_90
2017-04-19 23:22:13
Малинанын кани кадамжайго
0
Lion.
2017-04-21 01:37:07
ayjan_90, Чычкан капчыгайы. Малина море
0
naka11
2017-04-21 23:52:26
Кулпунай деген клубниканын кыргызчасы да сүрөттө болсо малина эле го.
0
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан