Композитор Тарас Асанакуновдун жубайы Айнагүл Өмүрканова: "ТАРАС АЛЫСКА ГАСТРОЛГО КЕТКЕНДЕЙ ТУЮЛАТ"

1990-жылдардын башында кыргыз эстрадасында өзгөчөлүк, бурулуш болгон десек жаңылышпайбыз. Эсиңиздеби, ал жылдары Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Динара Акулова, Расул Маматкулов деген ысымдар биринин артынан бири белгилүү болгон. Айчүрөк айымдын "Роза гүлү", "Кызыл гүл", Алина Жетигенованын "Кыздын сыры", "Таалайым" сыяктуу ырлары бий аянтчаларында жаңырып турган. Мына ошол ырлардын обону композитор Тарас Асанакуновго таандык. Керемет обондору менен бир топ ырчынын багын ачкан Тарас Асанакунов 52 жашында, 2013-жылы дүйнө салган.

"ИНИМ ОБОНДОРУН АЛГАЧ МАГА ЫРДАТЫП КӨРЧҮ"

Маектешүүгө атайын Балыкчы шаарынан келген бир тууган эжеси Айнагүл Асанакунова композитордун балалыгы, чыгармачылыгы тууралуу эскерип отурду:
– Тарас Балыкчы шаарында 1961-жылы 18-июлда туулган. 3 эркек, 1 кыздын кенжеси. Ошол кездеги деңгээл боюнча айтсам, интеллигенттин үй-бүлөсүндө чоңойду. Атабыз Ысык-Көл облусу боюнча башкы зоотехник, апабыз эсепчи эле. Тарасты Бишкектен украин аял төрөткөн экен. Апам акушерге ыраазычылыгын билдирүү максатында "баламдын атын сиз коюп бериңиз" десе, ал киши Тарас коюптур. Иним кичинесинен эле өтө назик, бирөөгө катуу айтпаган жан эле. Мен 3 эркектин арасындагы жалгыз кызмын да, сиңдилүү болгум келип, Тараска кийимдеримди кийгизип, ээрчитип көчөгө бир маал чыгып келчүмүн. Кошуналар көңүлүмдү көтөрүшүп, "Айна сиңдисин ээрчитип жүргөн турбайбы" деп калышчу.
Мешке жагалы деген отунду колуна ала коюп, көргөндөрүн уйкаштырымыш болуп жамактамайы бар эле. "Апам минтип жатат, Айна тигинтип айтты" деген сыяктуу. Апам баласынын шыгын байкаса керек, 3-класстан борбордогу Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке алып келген. Каникулда үйгө барганда балдарга окшоп ойночу эмес. Отуруп алып сүрөт тартат, ыр жазат. Ошол кезде индейлер тууралуу кинолор мода болуп жаткан. Көрсө, индейлер тууралуу оюнан чыгарып китеп жазып жүрүптүр. Дептерине алардын сүрөтүн кошо тартчу.
Жогорку класста окуп калганда обон чыгара баштады. Мектепти аяктагандан кийин Искусство институтунун композитордук бөлүмүнө тапшырган, ошондон тарта обончулук таланты өөрчүдү. Кандай обон жаратпасын биринчи мага ырдатчу. Мен жакшы ырдачумун, бирок ырчы болоюн деген ой болгон эмес. 5-курсунда жаштар арасында бүткүл союздук сынакка "Өлбөстүк" деген симфониясын жазып 3-орунду алган.
Тарастын ырларына жаштар бийлей баштады. Эң биринчи хит болуп, бий аянтчаларында жаңырган "Сейилдеп жайкы кечте, бульварда жай барам. Кошулуп күлкү кепке, музыка айланат..." деген саптары бар Расул Маматкулов аткарган "Мен бийге чакырсамбы" деген ыры. Расул Маматкулов 50 жылдык концертин бергенде "менин багымды ачып, жүзүмдү элге тааныткан ыр" деди. "Обону Тарас Асанакуновдуку" деп айтабы деп күттүм эле, айткан жок. Тарастын атын элге катуу "дүң" кылган ырлардын бири Айчүрөк Иманалиеванын аткаруусундагы "Роза гүлү" болду.

"ЧАЙ КОЮП КЕЛГИЧЕ ЖҮРӨГҮН МЫЖЫГЫП КАЛЫПТЫР"

"Тарас жүрөгүм ооруп жатат деп айтчу эмес. Биринчи жолу жүрөгүм деп жыгылып, бизди таштап кете берди" дейт жубайы Айнагүл Өмүрканова:
– Балыкчыга барып окуп, андан кийин балдар дүкөнүндө иштеп калдым. Бир жолу Тарас дүкөнгө бирдеме алганы кирип, таанышып калдык. Чачы узун, бети ак, жакшынакай жигит экен деп ойлоп койгом ичимден. Анда Тарас чоң соода дүкөндүн өздүк көркөм чыгармачылык тобунда иштечү. Обончу экенин билген эмесмин. Бир жылдай сүйлөшүп жүрдүк, анан ала качып кетти. Мурун турмуш курганын айткан эмес. 18 жашында Багдагүл деген өзү менен чогуу окуган кызга үйлөнүптүр. Андан бир кыз, бир уулдуу болгон. Биздин дагы бир кыз, бир уулубуз бар. Жанында кыздар көп, айлап гастролдо жүрсө кантип кызганбайм?! Гастролго көпкө кеткенде тултуңдап 3-4 күн сүйлөбөй калмайым бар эле.
Уктап жатып кээде "кагаз!" деп кыйкырып жиберчү. Алгач оорусу кармап жатабы деп коркуп кеткем. Андан кийин уктап жатып түшүндө да кайрыктар келерин билдим. Ал бир нерсе чиймелеп, иштеп жатканда мен балдарды ыйлатпайын, алаксытпайын деп жан талашчумун. Күндүз балдарым менен сыртка чыгып кетчүмүн. Обондорду бат эле чыгарып койчу. "Роза гүлү" ырынын обону 1990-жылдардын башында жаралды. Анда биз батирде турчубуз. Асан Жакшылыков агай келип, экөө түнү бою уктабай иштеп, Асан байке эртең менен кеткени эсимде.
Тарастын эмгектери бааланган жок. Композиторлор союзуна мүчө болоюн деп арыз жазган, 15 жылдан кийин чакырып, мүчө болдуң деп күбөлүк беришкен. Аябай сүйүнүп, жаңы дем менен иштейм деп билек түрө киришип жаткандан көп өтпөй каза болуп калды. 2013-жылы 24-январда экөөбүз тең жумуштан келип, телевизордон жаңылыктарды көрүп жатканбыз. Бир маалда көкүрөгүн мыжыгып эле "кысылып жатат" деп калды. Колу-бутун укалап, суу бердим. Сыртка да чыгып келди. Чай берейинчи деп ашканага барып, кайра келсем эле жүрөк тушун мыжыгып жатып калыптыр. Эмне кыларымды билбей калчылдап калдым. "Тез жардам" келгиче каза болуп калды. Уулум экөөбүз жанында элек. Кызым жок болчу. Кызым көпкө өзүнө келе албай, оозу-мурду кыйшайып ооруканага жатып чыкты. Кызы менен атасы аябай жакын болчу. Азыр кызым Жамиля атасынын ырларын ырдайм деп 2 ырын жаздырды. Атасы убагында "ырчы эмес, аскер адамы болосуң" деп ырдатчу эмес. Кызым өзү аракет кылып, атасынын жарыкка чыкпай калган ырларын алып чыгам деп жатат.
Тарастын каза болгонуна азыр деле ишене албайм. Алыска гастролго кеткендей туюла берет. Бул оору биринчи жолу кармады да, арабыздан Тарасты жулуп кетти...

"ЖАКШЫ ЫР БОЛБОСО, ЫРЧЫНЫН БАГЫ АЧЫЛБАЙТ"

Чыгармачылыкта тыгыз иштешкендердин бири Айчүрөк Иманалиева төмөндөгүлөргө токтолот:
– Мен Тарас менен 1990-жылы таанышып калдым. Жаштар театрында иштегениме бир апта болгондо "таланттуу композитор бар экен" деп Тарасты жумушка чакырышты. Ал Мерген Турган, Алина Жетигенова, Медер Кадыршаев, Чолпон Алсейитова, Расул Маматкулов сыяктуу жаштарды кошо ала келди. Көп өтпөй сөзү Асан Жакшылыковго таандык "Роза гүлү", андан кийин "Тоо булагым арманым", "Жаштык таңы", "Жылдыздар берметтей", "Эңсей берем" деген ырларды жазып берди.
Тарас жоош, үнүн катуу чыгарбаган адам эле. Сездимби, билбейм, Улуттук каналда "Улуттун сыймыгы" автордук көрсөтүүмдө Тараска арнап атайын берүү даярдадым. Ошол жерден кыргыздын корифейлери "Тарас кыргыз эстрадасынын Гагарини" деп баа беришти. Буга мен толук кошулам. Кыргыз эстрадасына чоң бурулуш жасаган, элдин кулагына тез сиңип кете турган кайрыктарды жараткан адам болду. Таланттуулар көп, бирок муундан муунга сиңип кеткен ырларды чыгарыш ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бир да ырын акыга жазган жан эмес эле. Жакшы ыр болбосо, ырчынын багы ачылбайт. Ошондуктан мен бул кишиге чын ниетимден ыраазымын.

"Иним кичинесинде жоош, тартиптүү, катуу сүйлөбөгөн бала эле, кийин деле өзгөргөн жок".


"Тарастын 25 жылдык чыгармачылык кечесинде Айчүрөк Иманалиева куттук сөзүн сүйлөөдө".


"Тарас уулу Эмилдин үйлөнгөнүн көрбөй калды. Уул-келиним, кызым жана неберем Жайсана".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Айчүрөк, Алина, Расулду жылдыз кылган Т. Асанакуновду эскерүү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Rasul_Rahmanaliev
2017-04-17 13:27:34
Эх өмүр өтөт тура билинбей, убакыт учат илинбей....Таланттуу адамдарды өз убагында барктап алсак гана......
+6
ekaterinburg
2017-04-17 15:03:40
Ушинтип таланттуу,кичи-пейил,эл тааныган адамдарды жараткан бат эле алып кетет турбайбы арабыздан.Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!Калган омурун бала-чакасына берсин!Оомийин.
+3
Kroxa
2017-04-17 20:22:20
Эмгеги бааланбай калганын кара,кечее чыккан ырчылар эл артистин алып атышат..
+9
tursunbaev78
2017-04-17 21:20:12
Жаткан жери жайлуу болсун балдарынын өмүрүн берсин
+2
AIZAD
2017-04-19 15:49:12
Расул Маматкулов ырдаган ырдын обону Т.Асанакуновко таандык экенин билбепмин, албетте айтпаса билбейбиз да. Эжеси нааразы болгону деле туура!бир чети
+5
marina10kg
2017-04-21 10:11:08
ооба эскеруу кечесин кылып,чыгармалары менен таанылган ырчылар ырларын ырдап беришсе,сагынган хит болгон ырларды угуп угармандар да бир кубанып калар элек.
+1
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан