СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Коридордо шаша-буша чуркап бараткан Рустамды агайы Шамил Исламович токтотуп калды.
– Рустамчик, Рустам, шайтан десе, репетиция болуп жатса кайда жүрөсүң?
– Кечирип коюңузчу, агай...
Рустам күнөөлүүдөй башын жерге салды. Ал түнкүсүн апасынан жашырынып автобекетте жүк түшүрүп иштей турган. Муну агайы деле билчү. Эки-үч күн репетицияга келбей койгон башка студент болсо ким билет, эмне кылып жиберерин, бирок Рустамга унчуга албады. Анын күнөөлүү болуп турганы да ичин жылытып жиберди. Деги эле студенттердин арасынан Рустамды өзгөчө жакшы көрчү.
– Мейли, анан сүйлөшөлү, азыр сен бара бер. Бир аздан кийин мен да барам, бир адамды күтүп жаткан элем. Тигине, ал дагы келип калды,- деп ары жакта келаткан узун бойлуу, сымбаттуу адамды утурлай басты.
– Макул.
Рустам агайынын колундагы ачкычты алып, ары жакка жүгүрүп кетти.
Шамил менен саламдашкан Иман болчу. Кийинки кездерде Гүлнаранын жүрөгү ооруп жүргөнүнөн улам Шамил жакшы тааныш врач бар дегенинен келген эле. Иман күлүмсүрөй кол узатты.
– Кандай, Иман? Гүлнара кандай?
– Жакшы эле. Анда-санда жүрөгүм деп калат. Өзүңдүн үй-бүлөң кандай?
– Жакшы эле. Жүрү, кабинеттен сүйлөшөлү.
Ал-жайды сүйлөшүп жай бараткан экөөнүн көңүлүн кайсы бир бөлмөдөн угулган музыка буруп жиберди. Иман шак токтой калып кулак төшөдү. Музыка жакын эле жерден угулуп жаткандай. Иман дем тартпай тыңшап калды.
– А-а, муну менин Рустамым ойноп жатат. Көптөн бери репетицияга келбей калганынан күүсүнөн тая түштүбү десем жок...
Шамил чындап эле кубанып турду.
– Музыканы өтө жакшы түшүнсө керек?
– Албетте, өзгөчө таланттуу бала. Курстун көзгө басар студенти. Жакында Алматыга...- деди сыймыктана бакылдаган Шамил сөзүн бүтүрбөй.
– Жүрү, жакын барып угалы да,- деп жиберди Иман.
Жаш баладай өрөпкүй түшүп, Шамилди дегдеңдете жетелеп алып музыка чыккан жакты көздөй жөнөдү. Эшик саал ачылып турган экен. Иман кең залдын ортосунда кыл кыякта ойноп отурган жигитти көрдү. Жүрөгү опколжуй түштү. Ал эми жигит бар дүйнөнү унутуп койгондой, жан дили менен ойноп жаткан экен. Ар бир кайрык жүрөгүнөн сызылып жаткандай эргип, өзүнчө бир кооз дүйнөдө жүргөндөй.
Иман калтырап кетти. Көздөрү чала жумулган жигиттин жүзүн эми даана көрдү. Эмнегедир анын кыл кыякта ойноп жатканы, чала жумулган көздөрү кимдир бирөөнү эске салгандай. Бул жигитти бир жерден көргөндөй. Кайдан көргөнүн эстей албай жатты. Бирок жүрөгүнө ушунчалык тааныш.
Шамил Имандын бир нерсе деп жиберерин сезип, колунан кармай калды.
– Чүш... Ойной берсин.
Жигит ойноп жатты. Иман эшикти акырын жаап, ойлуу бери бурулду.
– Ким бул? Бир жерден жолуктурган сыяктуумун...
– Кандай окуучум бар экен?
Имандын күңкүлдөгөнүнө маани бербей, Шамил өзүнчө сыймыктанып жатты. Ананчы, Рустамы залкар музыкант Иман Асановичтин көңүлүн өзүнө буруп жатса.
– Жакшы окуучуң бар экен. Бул жигитте чоң талант бар экени байкалат. Бирок...
– Эмне, бирок?
– Шамил, сага бул жигит кимдир бирөөнү элестетип жаткан жокпу?
– Жок, эмне болду?
– Эч нерсе.
Иман башын чайкады да, тез коштошуп кете берди. Атүгүл Гүлнаранын врачы тууралуу сүйлөшүүнү да унутуп койду. Шамил ийинин куушуруп, аны караган бойдон эч нерсени түшүнбөй кала берди.
Тепкичтерден тез-тез аттап бараткан Иман капилеттен жүрөгүнө бүлүк түшүргөн жигитти элестетип баратты. «Кайдан көрдүм эле?.. Кайдан көрдүм эле бул жигитти?.. Эмнегедир бардыгы тааныш. Кыл кыякта ойношу да, колдору да. Кызык...” Кайдагы бир жигитке ушунчалык беймаза болгонуна Имандын жини келип турду. Бирок чала жумулган көздөр, узунунан келген колдор, чачтар жүрөгүн эзип, тынчтык бербей жатты. Өз ойлору менен алек болуп баратып, алдыда келаткан аялга урунуп алды.
– Кечиресиз!
Ыңгайсызданган Иман аялга назар таштап койбой кете берди.
– Иман!
Шалдая түшкөн аялдын көмөкөйү катып, калтырай шыбыраганын Иман уккан да жок. «Ошол... Ай, Кудай ай! Өзү го...» Көздөрүнө жаш толгон Айша кайра-кайра ушинтип сүйлөй берди. Кымбат адамы эч нерсени сезбей узап баратканына Айшанын жүрөгү сыздап жатты.
– Айша эже, сизге эмне болду?
Кулагына угулган үндөн улам чочуп кеткен Айша уулунун курсташы Айнураны көрүп, карбаластай түштү.
– Менби, мен... Тиги эски таанышымды көрүп... Эмне, окууңар бүттүбү? Рустам кайда?
– Аны агай алып калды. Азыр келет. Баса, эже, бул сизге. Туулган күнүңүз менен!
– Рахмат, алтыным! Өмүрлүү бол! Айнуранын колундагы кутучаны алып, Айша болочок келинин алкап койду.
Бүгүн Айшанын туулган күнү эле. Ошого карата балдары менен шаар аралап, сүрөткө түшүп коёлу деген. Институтка келгени да ошондон болчу.
– Айша эже, тигине, Рустам менен Шамил агай. Какие они серьёзные...
Кыткылыктай күлгөн Айнура чуркап барып Рустамдын моюнуна асылды.
– Чүш... Апам...- деп Рустам Айнурага акырын шыбырады.
– Ну и что?
Айнура мурчуңдап таарына кетти. Аңгыча жетип келген Шамил Айшага күлө карады.
– Айша Кадыровна, кандайсыз? Бул шайтандарды карасаң деле! Ай, азыркы жаштар...
– Коюңузчу, жаштарда...- деп Айша күлө сүйлөдү. Апасын көрөрү менен Рустамдын көңүлү ачыла түштү.
– Апа, көп күттүңүзбү?
– Жок, кулунчагым, анча деле күтпөдүм. Топчулан, суук тиет.
Айша уулунун жакаларын кымтып, өнтөлөй кетти.
– Жок, Айша эже, сиз эми уулуңузду кичине баладай көрбөңүз. Кана, Рустам Иманович, сиздин ийгилигиңиз жөнүндө апаңыз менен бөлүшүүгө убакыт жетти го дейм.
– Жок, азыр эмес, агай.
Рустам кысылып кетти. Апасына бул маанилүү жаңылыкты өзү айткысы келди эле да.
– Жок, азыр эле айтышың керек. Апасынын туулган күнүнө мындан артык белек болобу? Угуп туруңуз, Рустам тандалган окуучулардын катарында Алматыга сынакка бармай болду!
– Ураа!
Айнура Рустамды чопулдатып өпкүлөп жиберди.
– Мен билгем... Сени тандашарын билгем!
Айша эмнегедир бул жаңылыкка кубанган жок. Кубангандын ордуна кандайдыр бир тынчсыздануу, кооптонуу эне жүрөгүнө бүлүк салып жиберди.
– Апа!
Уулунун суроолуу көз карашын көрүп, Айша уялып кетти.
– Мен эмне болуп турам?.. Куттуктайм, балам! Бул да болсо ийгилик. Кап, оозума да сөз келбей... Келчи, өөп коёюн!
Айша Рустамдын чекесинен өөп алды.
– Чоңоёт деген ушул да... Балапаным десе.
Бирок Айшанын дилинде сызылган тымызын өкүнүч бар эле. «А-а, кулунум ай, канчалык алыстатайын десем да, баары бир ата жолу менен кетмей болдуң го... Ал жол кандай татаал экенин билсең... Мейли эми, узун жаның аман жүрсө болду...» деген ойлор уюлгуп жаткан эле. Кайрадан салмактуу кадам таштап, артын кылчайып карап койбой кетип бараткан Имандын элеси көз алдына тартыла түштү.
– Апа!
Айша дендароо болуп турганын сезип, калп эле күлүп калды.
– Мен эмне болуп турам?
– Эмне туруп калдык анда, басалы, ээ?
Рустам апасын аяй карап, төртөө ээрчише узап баратышты.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
safina
2010-04-13 15:40:03
качааан бутот ээээ бутуруп жанысын баштасанар боло
0
italia
2010-04-18 17:58:36
Эмнеге ушундай кыска жазышат я?
0
№ 388, 10-15-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан