КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! БАЛДАР ИЗДЕЛҮҮДӨ

"12 жаштагы бала изделүүдө...", "10 жаштагы кыз мектепке кеткен боюнча дайынсыз...", "14 жаштагы бала үйдөн чыгып кеткен боюнча дайыны жок...". Мына ушундай жаңылыктарды байма-бай эле окуп жүрөбүз. Жоголуп кеткен балдардын көпчүлүгү өздөрү качып кетерин тажрыйба көрсөтүп келет. Бирок ар кандай себеп менен балдарды уурдап кеткен, жоголгон балдардын жансыз денеси табылган фактылар да бар. Ал эми ата-эне үчүн баласынын дайынсыз кеткенинен өткөн жаман нерсе болбосо керек?

1 ЖУМАДА 4 БАЛА ЖОГОЛГОН

2017-жылдын 3-апрелинде саат 12лер чамасында Асел Төрөбекова аттуу 2006-жылы туулган кыз Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы үйүнөн сабакка кеткен боюнча дайынсыз экендиги кабарланган. Андан кийин аны эч ким көргөн эмес, бирок сумкасын Чоң Чүй каналынын жээгинен көргөндөр чыккан. Мындан улам аны издөөгө суучулдар да тартылып, 3 күндөн кийин анын жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылган. Бул боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы азырынча чыга элек. Эгер Аселдин киши колдуу болгондугу аныкталса, анда кылмыш иши козголот.



2017-жылдын 4-апрелинде милиция кызматкерлерине Москва районундагы Беловодское айылынын тургуну кайрылып, 2003-жылы туулган Ислам Куттубек уулу менен 2006-жылы туулган Байболот Мырзабаев аттуу бөлөлөр дайынсыз экендигин билдирген. Бул экөө 2-апрель күнү кечки саат 11лер чамасында үйдөн чыгып кетишкен боюнча кайтып келишкен эмес. 7-апрель күнү дайынсыз болуп жаткан бул балдар Бишкек шаарынан аман-эсен табылган. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, жоголгон балдар компьютер оюндарын ойноо үчүн үйүнөн качып кетишкен. Алар таенесинин колунда турушчу. Экөөнүн тең ата-энелери ажырашып кетишкен, биринин апасы Орусияда иштеп жүрсө, экинчисиники Бишкек шаарында иштечү. Экөө уюлдук телефондорун 4 миң сомго сатып жиберишкен да, акча түгөнгүчө интернет клубдарда компьютер оюндарын ойношкон. Бул күндөрү алар ар кайсы интернет клубдарда уктап жүрүшкөн экен. Ислам мурда да үйүнөн качып, кайрылып келгени маалым болду.

2017-жылдын 4-апрелинде саат 7:40тар чамасында 2002-жылы туулган Марлен Алтынбаев үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Ал Токмок шаарындагы медреселердин биринде билим алчу. Марлендин апасы Гүлзат Асанбекованын айтымында, уулу кат жазып, классташына калтырып кеткен. Анда "Мени кечиргиле. Бул жактагы балдар таш боор, мерез экен. Ошолорду бир нерсе кылгылачы. Силер бул катты окуган маалда мен Кыргызстанда болбойм" деген мааниде жазылган.
Марлен тууралуу маалымат билгендер болсо, төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюңуздар: 0556 07 47 20, 0776 56 03 23, 0312 60 72 26

"ЖОГОЛГОН БАЛДАРДЫ ТААП АЛЫП БАРСАК, КАЙРА КАЧЫП КЕТКЕН УЧУРЛАР БАР"

ИИМдин Жашы жете электер менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Абдрахманов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кыргызстанда жылына орточо 700-800 бала жоголуп турат. Анын 80 пайызы үйүнөн качып кеткендер. Качып кеткендердин көбү атасы же апасы жок үй-бүлөнүн балдары. Өткөөл мезгилде өспүрүм ар кандай жолдорго барышы мүмкүн. Мисалы, апасы менен жашап жаткан өспүрүм аны менен урушуп кетип, атасын же башка туугандарын издеп кетип калат. Жоголгон балдар табылганда ата-энесине алып барып беребиз, бирок кээ бирлери кайра качып кеткен учурлар бар. Андай өспүрүмдөр каттоого алынат.
Ошондой эле компьютер оюндарына азгырылып, үйүнө барбай жүргөндөр да көп. Бир жолу төмөнкүдөй окуя болгон. Бишкек шаарында рейд жүргүзүп, түнкү саат 2лерде интернет клубга кирсек, мектеп формасын кийген өспүрүм компьютердик оюн ойноп жатыптыр. Текшерсек ал Сокулуктагы үйүнөн качып кетип, бир жумадан бери изделип жаткан экен. Мен "эмне үчүн ушул убакка чейин үйүңө барбай жүрөсүң, сени издеп жүрүшпөйбү" деп сурасам, ал "интернеттен мени издеп жатышканын окудум. Сүрөттөрүмдү да көрдүм. Ата-энем мага компьютер оюндарын ойноого уруксат бербейт, ошондуктан ойноп алайын дегем" деп жооп берген.
Азыр мыйзам бар, ага ылайык кышында кечки саат 10, жайкысын 11ден кийин 18 жашка чейинкилер улуулардын коштоосунда гана көчөгө чыгышы керек. Эгер андан кеч көчөгө чыкса, ал өспүрүмдүн ата-энесине 500 сом айып пул салынат. Мындай дагы кайталанса, анда ал өспүрүм каттоого алынат.

ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН БАЛДАР АЙМАКТАР БОЮНЧА:



2001-ЖЫЛДАН БҮГҮНКҮ КҮНГӨ ЧЕЙИН ТАБЫЛБАЙ ЖАТКАНДАР:



"БАЛДАРДА АТА-ЭНЕСИНЕ ИШЕНИМ БОЛУШУ КЕРЕК"

Гүлүмкан Сейитова, психолог:
– Туура эмес тарбия алганда, катуу кармаганда, ата-эне тараптан жетишсиз көңүл бөлүнгөндө бала үйдөн качышы ыктымал. Негизинен үйдөн качып кеткен балдар көп узабай кайтып келишет, бирок мындай учур олуттуу абалдан кабар берет.
Бош убакытты кантип өткөрүү тууралуу балдар менен чогуу чечкениңиз оң, баланын бош убактысы кызыктуу жана пайдалуу нерселер менен өткөнү жакшы. Балаңыз өзүнүн көйгөйлөрүн ачык айтса, сизге чоң ишеним жаратып жатканы деп түшүнүңүз. Айрыкча бала көңүлүндө сактап жүргөн нерсесин айтканда кунт коюп угуңуз жана сиз менен кеңешейин деген каалоосун өчүрбөңүз. Ошондо гана бала өзүн колдойт деп ишенип, кандай гана көйгөйү болбосун сизге айтат. Балада кандай гана өзгөрүү болуп турбасын, ата-эне аны кылдат байкап турууга тийиш.

«Супердин» сурак бурчу

Балаңыздын коопсуздугу үчүн кандай чараларды көрөсүз?

Съездбек Искеналиев:
– Азыр бир кызым мектепте 3-класста окуп жатат. Дайыма "бейтааныш адамдар чакырса барба, ар кандай кызыктыруучу момпосуй, белектерди берсе алба" деп айтып мектепке жиберебиз. Кызым өзү дагы сак жүрөт. Анткени бир жолу бейтааныш бирөөлөр алдап чакырып алып, алтын сөйкөсүн чечип алышыптыр. Уюлдук телефон колдонгонун да чектеп, ким менен сүйлөшүп жатканын текшерип турабыз.


Алик Кадыров:
– Менин 4 балам бар, улуусу 3-класста окуп калды. Өзүм учурда Орусиянын Якутск шаарында иштеп жүрөм. Ал эми үй-бүлөм Кыргыз мамлекетинде. Азыр заман коркунучтуу болуп калбадыбы, мекенимде жүргөндө балдарымдын кайда жүргөнүн, баскан-турганын, кимдер менен мамиле курганын көзөмөлдөп турчумун. Азыр деле үй-бүлөм менен байланышкан сайын ушул сыяктуу акыл-насааттарды айтып турам.


Назгүл Исакова:
– Мен учурда Москва шаарында иштеп жүрөм. Үй-бүлөм да бул жакта, 3 балам бар. Экөөсү чоңоюп калды, алардын коопсуздугунан көп деле коркпойм. Ал эми кичүүсү 6-класста окуйт, анын баскан-турганын көзөмөлдөп турам. Жаш бала оюнкарак келет эмеспи, оюнга алаксып кечиксе сарсанаа болобуз. "Көчөгө чыкканда тааныбаган адамдар менен сүйлөшпө, көчөдө жаткан буюм-тайымдарды алба" деп дайыма кулагына куюп турам.


Эрлан Таджибаев:
– Акыркы учурларда балдар жоголуп жатат деген окуяларды көп угуп жатабыз. Бишкек шаарында тургандыктан мындай жаңылыктар жүрөктүн үшүн алат. Мектепте мугалимдер баланы ата-эненин колуна гана тапшырышат. Анан үйдөн да балама күнүгө "бирөөнү ээрчибе, бейтааныш адамдар менен сүйлөшпө, мектептен мугалимдин уруксатысыз эч жакка чыкпа" деп эскертип турабыз.


Алтынай Молдонасирова:
– Мен кесибим боюнча мугалиммин, ошондуктан балама мисал менен түшүндүргөнгө аракет кылам. "Сенин жаныңа бир унаа келип токтоду. Ичиндеги бейтааныш киши "45-үй кайсы жакта, билесиңби? Унаама отуруп көрсөтүп бербейсиңби?" десе, "ал үйдү билбейм, көрсөтүп да бере албайм" деп жооп бер" дейм. Анткени адамдар балдардын ишенчээк экенин билип, түрдүү жолдор менен алдашы мүмкүн.


Мүзүр Мамбетов:

– Учурда балам 4-класста окуйт. Күндө үйдөн чыгып баратканда катуу эскертүү берем. "Бейтааныш бирөөлөр менен таанышууда этият бол. Эгер адамдардан күмөн санап жаткан болсоң дароо мага телефон чал" деп турам. Балдарымдын коопсуздугу үчүн көргөн чарам – бул эскертүү. Анткени балдар эсинен бат эле чыгарып, унутуп коюшат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жаш балдардын жоголуп кетүүсү көбөйүүдө. Себеп эмнеде?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан