БИР БҮРКҮМ

  • Кыргыз улуттук университетинин мурунку ректору ЧЫНАРА АДАМКУЛОВА Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын ректору болуп дайындалды.

  • Миграциялык маалым катты алуу жана Кыргыз Республикасынын визасын чет өлкөлүк жарандарга тапшыруу маселелерин чечүү үчүн Мамлекеттик МИГРАЦИЯ кызматынын Т.Э. аттуу кызматкери 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. Маалыматты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

  • 1937-жылкы РЕПРЕССИЯНЫН 80 жылдыгына карата 18-апрелде Бишкекте жөө жүрүш өтөт. Ал Таш-Дөбө айылынан башталып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жыйынтыкталат.

  • Ош облусунун дарыгерлер тобу "Ден соолук кербени" долбоорунун алкагында апрелден сентябрь айына чейин айыл-кыштактарга барып калкка АКЫСЫЗ медициналык жардам көрсөтүшөт.

  • Өлкө боюнча экстремизм жана ТЕРРОРЧУЛУККА айыпталып абакта 185 адам жазасын өтөөдө. Анын жетөөсү аял, 17си чет өлкөлүктөр. Аталган маалыматты Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.

  •  Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өкмөткө казак алфавитин ЛАТЫН тамгаларына өткөрүү боюнча тапшырма берди. Бул демилге 2025-жылга чейин аткарылуусу шарт деп жазылат маалыматта.

  • Кыргыз мамлекетинде уруксаты жок иштеп жаткан 4 МЕДРЕСЕ ишин токтотту. Буга алардын эрежелерди сактабаганы себеп болгон. Бул тууралуу өлкө мусулмандарынын дин башкармалыгынан маалымдашты.

  • 2015-2016-жылдар аралыгында мыйзамсыз ПАСПОРТ берүү жана жасоо фактысы боюнча 228 кылмыш иши козголгон. Аталган иштердин 98и Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ишке ашырылган.

  •  Бишкек мэриясы 2017-жылдагы майрамдарга карата атылуучу фейерверк, САЛЮТТАР үчүн бюджеттен 1,2 миллион сом коротууга даяр. Бул боюнча тендер жарыясы мамлекеттик сатып алуулар порталына киргизилген.

  • Өлкөдөгү 340 ишкана БАНКРОТКО учураган. Анын ичинде Майлуу-Суу, "Кристалл" заводу жана кагаз комбинаты да бар. Маалыматты экономика министри Арзыбек Кожошев тастыктады.

  • 12-апрелде Оштун Алай районундагы №92843 аскер бөлүгүнүн Т.А. аттуу ЖООКЕРИ ок жаракатынан каза болду. Бул боюнча кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Маалыматты Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан маалымдашты.

  • Кыргыз өлкөсүндө 2016-жылы ЭМЧЕК БЕЗИНИН РАГЫНА байланыштуу 613 учур катталып, анын 40 пайызы оорунун акыркы баскычына туура келген. Бул боюнча Улуттук онкология борборунан маалымдашты.

  • Орусиянын Тюмень облусунда жашаган 25 жаштагы Кыргыз мамлекетинин жаранынын иши сотко өттү. Ал "2 жашар баласын ыйлаганы үчүн сабап ӨЛТҮРГӨН" деп айыпталууда. Окуя ушул жылдын февраль айында болуп, атасынын соккусунан улам ымыркай мээсинен жаракат алып, каза болгон.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан