Өмүрбек Бабанов: "БИРИНЧИ МИЛЛИОНУМДУ 27-28 ЖАШЫМДА ЖАМБЫЛДА ИШТЕП ЖҮРҮП ТАПКАМ"

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов 11-апрель күнү ал тууралуу айтылып жаткан маалыматтарды тактоо максатында маалымат жыйын өткөрдү. Анда бизнесинин тарыхын жана үй-бүлөсүнүн ири мекемелердеги акциялары тууралуу айтып берди. Акыркы учурда президенттик шайлоого катышууну ниет кылган саясатчыларды каралоо жүрүп жатканын айтып, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун айланасындагы сындар боюнча жооп берди. "Бишкекте курулуп жаткан "Азия Молл" соода борбору менин тууганыма тиешелүү. Ал соода борбордун курулушуна буга чейин
25 миллион доллар жумшаган.
37 миллион долларлык мүлктү күрөөгө коюп, насыя алды. Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду "Азия Моллдон" башка дагы соода борборлоруна ошондой эле насыяларды берген",
- дейт Бабанов. Андан сырткары насыя алуудагы талаптарга туура келгени үчүн акча бөлүнүп жатат деп кошумчалады. Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары "аталган фонддон мамлекеттик жогорку кызматта турган адам же анын жакындары жеңилдетилген насыя албоого тийиш" деп чыгышкан эле.
Миллиондорду кантип жана качан иштеп тапканына да токтолуп, "Биринчи миллионду Казакстанда, Жамбылда мунай тармагында иштеп тапкам. Ал учурда мен 27-28 жашта элем. 1998-жылы декабрда Бишкекке келдим, 1999-жылы тыйыным бар болчу, унаага май куюучу жайларды куруп баштаганбыз. Ошондо "Альянс" компаниясынын айлантуудагы акчасы 150 миллион доллар болгон. Ал мезгилде 36 жашта элем",- деп билдирди. Ошондой эле ал мамлекеттик бир да мүлктү менчиктеп албаганын айтат: "Бабановдун үй-бүлө мүчөлөрү, жакын туугандарыбыз бизнес менен алектенишет. Эч кимиси, анын ичинде мен дагы бир да мамлекеттик менчикти жеке менчикке өткөрүп алган эмеспиз",- дейт депутат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан