ЖЭЭНБЕКОВГО ЖАГЫНГАНДАР ЖУМУШТАН АЛЫНДЫ

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигинин 5 жооптуу кызматкерин иштен алды. Буга жол кызматкерлеринин жумуш эрежелерин сактабай иштеп жатканы тартылган видеотасма себеп болгон. Анда "Сооронбай Жээнбеков келет экен" деп жол кызматкерлери суу толгон көлчүктөрдү чайыр менен толтуруп жатканы көрсөтүлгөн. Көлчүктөрдү кургатпай туруп чайыр менен толтуруу акчаны шамалга сапыруу менен барабар. Аталган видео интернетте талкууга алынып, сындала баштаганынан улам Жээнбеков 10-апрелде жыйын өткөрүп, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго аталган буйрукту ким бергенин иликтеп, жазага тартууну тапшырган.
Жээнбеков бул факт боюнча иликтөөнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тапшырган. Учурда өлкөнүн негизги жолу болгон Ош-Бишкек жолунун да абалы начар. Ал оңдолушу үчүн сөзсүз премьер же президент өтүшү керекпи?

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан