ОКУУЧУЛАР "МЕКЕНИМ – ОРУСИЯ" ДЕП ОКУШУУДА

1-2-класстардын Алиппе китебинде "Биздин мекенибиз – Орусия" деген тексттер бар. Бул боюнча 13-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева айтып чыкты. Ал мындай маалыматтар көз карашы калыптанып келе жаткан жеткинчектер үчүн чоң мааниге ээ экенине көңүл буруу керек дейт. "Муну окуган балдарда "биз Кыргыз өлкөсүндө жашайбызбы же Орусиядабы?" деген суроо пайда болот. Билим берүү жана илим министрлигинин методисттери кайда карап отурушат?"- деди Алтыбаева. Ошондой эле бул маселени көзөмөлгө алуу маанилүү экенин белгилеген. Буга чейин парламентте сөз болгон Алиппенин сүрөтү интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жараткан. Мындай сынга министрлик "бул китеп кошумча адабият катары окутулат" деп жооп берди.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан