Корей ашканасы ачуу татымалдар кошулган, эти аз, чөп-чары менен жашылчасы көп тамактардан турат. Мындан сырткары туздалган жана маринаддалган өсүмдүктөрдү, анын тамырларын, балык, деңиз азыктарын алардын дасторконунан табууга болот. Ал эми суусундуктары – ар кандай чөптөрдүн топтомунан демделген чай, күчтүү кара кофе.
Бул ашкана тууралуу көп жылдардан бери Бишкекте жашаган Пак Тэён айым жакындан тааныштырып, негизги тамактарынын рецепттери менен бөлүштү.
РАМЁН
Кореяда гана эмес, Бишкекте да өтүмдүү болгон рамён – курамына эт, жумуртка, козу карын, көк пияз жана ачуу татымалдар кошулган кесме шорпо.
Керектелүүчү азыктар:
Рамён кесмеси – 1 даана
Жумуртка – 2 даана
Эт – 100 грамм
Көк пияз – 2-3 талча
Кооздоо үчүн жашылчалар
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач эт менен жумуртканы өз-өзүнчө сууга бышырып алабыз.
2. Эми 2-3 стакан сууну мискейге куюп, ал кайнап чыкканда рамён кесмесин жана аны менен кошо бир баштыкка салынган татымалдарды салып, 5 мүнөт кайнатабыз.
3. Шорпону чоң чыныга куюп, үстүнө сууга бышкан жумуртканы, этти кесип салабыз. Үстүн майда тууралган көк пияз, болгар калемпири менен кооздоп коёбуз.
КИМБАП
Кимбап – кургатылган деңиз капустасынын (нори) ичине сууга бышырылган күрүч, жумуртка куймагы, сабиз, колбаса оролуп жасалган тамак. Япондордун сушисине окшош. Айырмасы, күрүчкө уксус кошулбай бышырылат жана курамына балык кошулбайт.
Керектелүүчү азыктар:
Күрүч – 200 грамм
Нори – 4 даана
Колбаса – 50 грамм
Сыр – 50 грамм
Болгар калемпири – 1 даана
Бадыраң – 1 даана
Сабиз – 1 даана
Салат жалбырагы, көк пияз
Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач күрүчтү сууга бышырып алабыз.
2. Колбаса, сыр, бадыраң, сабиз, болгар калемпирин ичке, узун кылып туурайбыз.
3. Эми чий килемченин үстүнө норини салабыз. Норинин бетине бышкан күрүчтү салып, ортосуна тууралган жашылчаларды, колбаса, сырды жана көк чөптөрдү тизип, чий килемченин жардамы менен оройбуз.
4. Даяр болгон кимбапты 5-6 бөлүккө кесип, дасторконго койсоңуз болот. Кимбап кунжут даны кошулган соя соусу менен чогуу берилет.
ЧАПЧЕ САЛАТЫ
Чапче – корейлердин дасторконунда такай кездешүүчү даам. Кээде негизги тамак катары берилсе, кээде закуске катары берилет. Ал күрүч унунан жасалган, айнектей тунук танмён кесмесинен даярдалат.
Керектелүүчү азыктар:
Танмён кесмеси – 100 грамм
Эт – 100 грамм
Козу карын – 100 грамм
Сабиз – 1 даана
Шпинат – 1 боо
Татымына жараша туз, кара мурч, соя соусу, өсүмдүк майы, кунжут даны
Даярдоо ыкмасы:
1. Эт менен козу карынды узун-узун кылып туурап, татымына жараша туз, кумшекер, соя соусун жана сарымсак кошуп 20 мүнөткө маринаддап коёбуз. 2. Жашылчаларды даярдайбыз: шпинатты жууп, кайнак сууга 30 секундага малып алабыз. Сабизди сүргүчтөн өткөрсөк, пиязды жарым шакек түрүндө туурайбыз. Ал эми ачуу калемпирди ичке туурасак, көк пиязды кол менен эле жулуп-жулуп идишке салабыз.
3. Танмён кесмесин туздуу кайнак сууга салып, 10 мүнөттөй кайнатып бышырып алабыз. Бул кесмени корей азык-түлүктөрүн саткан дүкөндөрдөн таба аласыз.
4. Казанга майды куюп, кызыган кезде этти, 1-2 мүнөттөн кийин козу карынды, сабизди, пиязды салып кууруйбуз. Куурулгандардын үстүнө ачуу калемпирди, көк пиязды, шпинатты, бышкан кесмени салып, соя соусунан куюп аралаштырабыз. Чапче салаты даяр!
МУЗДАК КУКСИ
Кукси – корейлердин улуттук тамактарынын бири. Өздөрү "куксу" деп аташат. Анын курамын кесме, даамдуу шорпо, эт жана жашылчалар түзөт.
Керектелүүчү азыктар:
Кесме – 300-400 грамм
Суу – 3 литр
Уй же тоок эти – 400 грамм
Бадыраң – 300 грамм
Помидор – 2 даана
Пияз – 1 баш
Сарымсак – 3-4 тишче
Жумуртка – 2-3 даана
Капуста – 250-300 грамм
Сабиз – 2 даана
Укроп, ашкөк – 1 тутам
Өсүмдүк майы – 6-7 аш кашык
Татымына жараша туз, кумшекер, мурч, уксус, соя соусу, майдаланган кориандр
Даярдоо ыкмасы:
1. 3 литр сууну кайнатып, муздагандан кийин татымына жараша туз, 1-2 аш кашык кумшекер, 3-4 аш кашык соя соусун жана 1-2 аш кашык уксус кошуп аралаштырабыз. Буга сүргүчтөн өткөрүлгөн 1 бадыраңды, майда тууралган 1 помидорду, укроп, ашкөктү кошобуз да, муздаткычка салып коёбуз.
2. Этти узун-узун кылып кесип, майда тууралган пияз менен бышканча кууруп алабыз. Татымына жараша туз, кара мурч кошууну унутпаңыз.
3. Сабиз, капуста, бадыраңды өз-өзүнчө туурап, татымына жараша туз, кумшекер, уксус, мурч, майдаланган кориандр, сарымсак жана майга куурулган пиязды кошуп салат даярдап алабыз.
4. Жумуртканы чагып, бир чымчым туз салып аябай чалабыз да, жука кылып куймак бышырабыз. Куймакты рулет түрүндө ороп, ичке-ичке туурайбыз.
5. Кесмени туздуу сууга бышырып, муздак сууга чайкайбыз. Аны чоң чыныга салып, үстүнө муздаткычтагы шорподон куюп, бетин куурулган эт, жумуртка рулети, тууралган жашылчалар менен кооздоп коёбуз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg