КӨЗҮ АЧЫКТАР ТАЙМАШЫ

Аста-пыр-алла

Кримавторитет атка конгон Рыспек Акматбаевди Көк-Жар айылындагы мечиттен чыгып келе жатканда 2006-жылдын 10-майында атып кетишкени эсиңизде бардыр. Алгач мына ошол мечитти сүрөткө тартып алдык. Анан сүрөттү тескерисинен каратып, “бул эмне болгон имарат жана бул жерде кандай чуулгандуу окуя болуп өткөн?” деген суроо менен көзү ачыктарга кайрылдык. Анда биздин каармандардын кимиси туура жооп бере алганын төмөнкү материалдан билиңиз.


Асел Каракойчиева

Көзү ачык Асел биздин тапшырманы алгач жөн салды гана айта баштады. Беш мүнөт убакыт өткөндөн кийин “коё турчу, мен азыр жакшылап айтып берейин” деп ак халатын кийип, жоолугун салынып, колуна теспесин кармады.

– Бисмилахи-рахмони-рахим. Сүрөттө Ак үйгө окшогон имарат турат. Бирок тоолуу жерде жайгашыптыр. 24-марттагы окуя ушул жерде болгондой. Адамдар бири-бирин таш бараңга алып жатышат. Атышуу да болуптур. Суранам, Алла Таала, ушул сүрөттө эмне катылганын айтып берчи!
Негизи, мен сүрөт оң бетинен турса, карап алып айтып берет элем. Бирок силер жүрөгүмдү такыр эле лакылдатып, сүрөттү тескерисинен коюп жатпайсыңарбы. Бул жерден атагы чыккан белгилүү бир адамды атып кетишиптир. Атып туруп качып кетишкен. Качкандар кармалышпайт. 2006-жылдын башында болгон. Эки баласы бар адам экен. Жүрөккө атышыптыр. Өлгөн адамдын баш тамгасы “К” окшойт. Тебетей кийген, намазга жыгылган адам. Кылмыш дүйнөсүнө аралашкан сыяктанат. Мекенибиздин күн чыгыш жагынан болот экен. Кийинчерээк сакал койгонбу, мурут койгонбу, билбейм. Бул буюртма өлтүрүү экен.
Каза тапкан адам чоң каргышка калган. Бул адам бир эмес, бир нече адамга күйүт алып келген. Тигине, кафенин алдынан бирөөнү жетелеп баратат, ресторандын алдынан бирөөнү атып салышты. Мунун баары бир адамдын буйругунун негизинде аткарылган. Ошолордун кесепетинен катуу каргышка калган. Бул адамда бир тууган деле калбай калган. Бир туугандар ортосунда чоң суммадагы акча талаш болгон. Ата-энеси бар. Баласы эки машинанын ортосунда кыпчылып каза тааптыр. Бул Рыспек Акматбаев эмеспи, ыя?


Нургазы

Бул адам өз атын кыска эле Нургазы деп тааныштырды. Парапсихолог, көзү ачык Нургазы сүрөткө түшүүдөн баш тартты. Мунун себебин: “Азыр магия менен алектенгендер көп. Магиянын жардамы менен сүрөттү карап туруп адамдын тагдырын чечип коюуга болот. Анткени мен магиянын оң жана терс жактарын он жылдан бери изилдеп жүргөн адаммын. Ошондон улам сүрөткө тартпай эле кой”,- деп түшүндүрдү.

– Көрүстөн сыяктуу нерсе го? Репрессияга кабылган адамдардын сөөктөрү жаткан жерби? Манас атанын күмбөзү да сыяктанып жатат. Чыңгыз Айтматов туурасында сөз болгон жокпу, ыя? Бул имаратта үч же эки эшик бар экен. Мечит же чиркөө окшойт (көзүн жумуп алып унчукпай көпкө отурду). Бул жерде ислам дининин окуусу, машыгуусу өтүптүр.


Айзада Зулпу кызы

Алдын ала телефон чалып макулдашып алгандан кийин баш калаадагы базарлардын бирине бардык. Айзада айым жардам сурап келгендерди бир контейнерде тейлейт экен. Үчүнчү болуп кезекке турдук. Биз сүрөттү алдына койгондон кийин кебезди майдалап тытып, өрттөдү. Шамдарын жакты. Анан көзүн жумуп алып айтып берүүчүлөрүнөн жардам сурап, дуба окуду.

– (Сүрөттү алаканына коюп алып) Ассалому алейкум, ассалому алейкум, ассалому алейкум. Сүрөттөгү имаратта көпчүлүктүн ой-мүдөөсү аткарылат. Көп киши кирип-чыккан, жан дүйнөнү тазалачу жер. Жаңы курулган тарыхый имарат. Имарат курганга көптөгөн акча сарпталган. Ал эми бул жерде болгон окуя терс энергияны эмес, оң энергияны алып жүрөт экен.
Бир адамга байланыштуу окуя болгону менен, көп адамдын катыштыгы бар. Окуя өлүмгө байланыштуу. Бирок эмнегедир ал адам жамбашынан ылдый сакталып турат. Тарыхта калган же таасири бар адам. Артына бир нерсе калтырып кеткен. Башка маалымат кармай албай жатам. Убактыңар болсо бир аз отуруп тургула, аныктама киргизем. Картадан жардам сурайынчы азыр. Бул окуя Кыргызстанды жакшы жагынан чет жерге тааныткан. Чоң акчалар жумшалган чоң той болгон. Чоң суммадагы акча туура эмес пайдаланылгандыктан, бир адам чоң стресске кабылган. Өкмөттүн да кийлигишүүсү болгон. Милиция кызматкерлери да жүрүшөт. Бул адам азыр арабызда жок. Ал жөнүндө өлгөн деген да, тирүү деген дагы сөз жүрөт.


Каным Исаева

Каным айым катылган сүрөттүн сырын башка көзү ачыктар сыяктуу төлгө таштардын жардамы менен тапканга болгон күчүн жумшады.

– Бул жерге жакшынакай кийинген, маданияттуу адамдар көп келишет экен. Бир нече кабаттуу чоң имарат. Кыргызстандын элинин жашоо-турмушу, бүтүндөй маселелери чечилчү жер. Мисалы, Ак үй сыяктуу. Бул имарат адамдардын сыйынуучу жайы окшойт.
Ачык айтып, ак сүйлөгүлө, бул жерде эмне болгон? Имараттын алдында чоң көтөрүлүш болгон. Ал окуя кыргызстандыктардын баарынын эсинде калган. Мындан бир нече жыл мурун имараттын ичинде иштеген адамдар да өз ара ызы-чуу болушкан. Азыр деле андай пикир келишпестиктер анда-санда болуп турат. Убагында бул үйдүн артында машиналар жардырылган. Алдында адамдар желек көтөрүп, ары-бери басып жүрүшөт. Имараттын ичинде иштеген адамдын тагдыры тууралуу да элестер чагылдырылууда. Ал эл бийлеген, көрүнүктүү адам экен. Анын иштеген ишинде ызы-чуу чыгыптыр. Жаңы бийликтин келиши да сүрөттөлүп жатат. Феликс Куловду жана азыркы президентибизди да көрүп жатам. Имаратка жакын жерде атышуу болгон. Дүкөндөр өрттөлгөн.


Айымбүбү Атамырза кызы

Катылган сүрөттүн сырын көзү ачык Айымбүбү теспесинин жардамы менен ачыкка чыгарганга аракет кылды. Жыйынтыгы кандай болгонуна өзүңүз күбө болуңуз.

– Бул жерде теспенин таштары сол жакка ооп жатат. Үйдүн ичи караңгы. Бөйрөгү бөксө, кабагы караңгы төлгө түштү. Сүрөттөгү үйдө жакшылык болгон эмес. Мындай каргашанын болушуна үч адам күнөөлүү. Аягы көз жаш менен бүткөн. Бийиктеги кайсы бир адамдын кайгысы сүрөттөлүп жатат. Теспедеги таштын аягы 8 менен бүтүп жатат, бул иш эч качан ачылбайт. Эгер аягы 12 менен бүтсө, анда сыр ачыкка чыкмак. Маңдайдагы 4 таш – мээнет. Бирок дайыма чыр жакка жүргөн мээнет. Кыскасы, чырлуу төлгө түштү. Сүрөткө тиешеси бар адам азыр караңгылыкта. Ал кара жол менен жүргөн адам болгон. Анын арты менен эл дагы көп азап-тозокко кабылган. Төлгөнү канча жолу салбайын, жамандыкты көп жасаган адам болуп чыгып жатат. Бирок аны колдогондор көп. Анткени куйруктуу төлгө түшүп жатпайбы.


Жеңишкүл Садырбек кызы

Жеңишкүл айым биздин тапшырманы аткаруу үчүн колдоочуларын жардамга чакырды. Анын айтымында, болгон окуя көз алдына кадр болуп тартылат экен.

– Сүрөттө жакшы адамдар жаткан күмбөз чагылдырылган. Адамдар куран түшүрүп, дайыма сыйынып турушат экен. Мал союулар көзүмө көрүнүүдө. Жакын арада бул имаратка мамлекет тарабынан, жадакалса чет өлкөдөн чоң жардам келгени турат. Ал акча имараттын тегерек-четин, ичин оңдогонго жумшалат. Бул имарат борбордон алысыраак жерде жайгашкан. Жанында булак жана тоо бар экен.
Окуя жөнүндө айта турган болсом, акыйкаты жок заманда куугунтуктоо болгон. Куугунтукка кабылган, бийликке каршы чыккан адамдар жапа чегишкен. Арасында комузчу, “Манас” айткан да адамдар болуптур. Ал адамдар азыр бейиште. Көзү өткөндөрдүн эң белгилүүсү нааразы болуп кетиптир. Шейит кеткендердин арасында чоң адамдар да, жаш балдар да бар. Көзүм тунарып кетти, болду, мындан башка эч нерсе айта албайм.


Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Simpotka
2010-04-12 11:15:47
Kozu achikka ishenuu bul kunoo birok aitkandari tuura siyaktuu..Asel eje mene Jenishgul ejenin aitkani chindikka jakin okshoit
0
konya
2010-04-12 13:29:57
kozu a4yktarga iwenbew kerek
+2
Атасынын баласы
2010-04-12 14:12:47
Ишенбейм деп кесе айтам...
0
Erke kyz
2010-04-13 10:18:26
бул козу ачыктарды каяктан тапсак болот?Туура айтканын табыш керек болуп атат.Биз кымбат буюм жоготтук табыш керек болуп атат.Мумкун жардам береби?
0
safina
2010-04-13 14:26:22
оой булар шайтандар, шаманизм деп коет, эээн чон кунооо
0
Taллаc
2010-04-13 19:39:10
oiuna kelgenin ottoptur da shaitany menen birge. Erke kyz ал жоругунузду токтотунуз!!! Козу ачыкка ишенген адам ыйманынан ажырайт. Сизге ыйман керекпи же эртен эле жок болуучу "баалуу буюм" керекпи???
0
Debi
2010-04-13 20:57:53
Эрке кыз. Таллас туура айтат.
Анан туура айтса эле ишенип калбаш керек. булар адамды Кудайдан адаштыруучулар.
0
jodi narina
2010-04-13 22:49:59
Мунун баары куноо бул нсереге ишенуу бул АЛЛАГА ширк келтируу ШИРК бул эн чон куноо!!!! Эрке кыз сен мындайга ишенбе!!! Куноого батып кетесин
0
Kyrgyzzz
2010-04-16 14:49:10
Ооба айланып кетейин Кыргыз туугандарым,Биз Аллахтын кулу,Мухаммед пайгамбардын уммоттору болгондон кийин мындай дин бузарларга ищенбещибиз керек.Бул-эн 4он куноо.Андан коро,Кудайдан Кыргызстандын келе4егинин кен болущун тилеп,Мухаммет пайгампарыбыздын туулган кунуно карата салават келтире журолу.
0
Kyrgyzzz
2010-04-16 14:59:37
Кудайга тообо кылдым.Окощтуп эле ура бересинерби.Бул жер ме4ит экени корунуп эле турбайбты.Ме4итке ыймандуу адамдар келбей ким келмек анан.Ал адам азыр бейищте дейт.Али адамдар бейищке бара элек.Кабырда жатыщат.Кы9мат куну Махщар майданында топтолуп ана адамдар кылган ищине карап бейищке,же наркы жакка болунущот.Эмне демек4имим,Кудай ке4ирсин.
0
Адам
2010-04-16 19:29:25
“бул эмне болгон имарат жана бул жерде кандай чуулгандуу окуя болуп өткөн?” деп супер инфо озунор эле ачкычты берип коюпсунар да!!!
Анан мен деле айтмакмын. Андан корокчо Бул жерде эмне бар, эмненин суроту бар же у.с. бир нерселерди сурасанар болмок.
Ал эми козу ачыктарга Кудай Таала ынсап жана хидаят берсин!
0
Садыр
2010-04-17 01:47:33
мен эч кандай козу ачыктарга ишене албайм жана ишенип коргон эмесмин, бир гана Алла таалага ишениш керек! Аллоху-Акбар...
0
diash
2010-04-18 20:43:03
Kozu achyktar chacha pacha degenden bashka ech nerseni bilishpeit. Kantip kelechekti uyalbai aityshyp jatyshat. Kudaidan korkpogon bir baleket adamdar
0
hardsweet
2010-04-19 15:22:15
kozu achykka ishenuu bul kunoo!bir ele kudauga ishenuu kerek!
0
Мираж
2010-04-24 15:44:55
Kanym Isaeva degeni bojomoldop ele urup koyuptur. "Kanday cuulganduu okuya" dep surassa, boldu bolbodu 24-Mart je bolboso 7-aprel dep oylogon go. Aytor osol jonundo aytsam tuura cygat degen go, smeshno daje.
0
№ 388, 10-15-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан