(Башталышы өткөн сандарда)
– Эмне балээ, эмне түштү?- деп эки жагын каранып калды эле, араң угулган "пук" деген 4 жолу үн чыкты да, тиги экөө тең үн-сөзсүз сулап жыгылып калышты. Бирөөсү жыгылып баратып калдыратып кулады эле, ары жактан:
– Ой, эмне болду, акырыныраак болбойсуңарбы?- деп калды.
Ышкырган адам:
– Ээ, көрбөй калыптырмын да, атайын кылды дейсиңби,- деп тез-тез басып келе жаткан адамдардын фонариктерин алып, бирөөсүн өчүрүп, акырын:
– Кайрат, ушул жердесиңби, мени Самат жөнөттү,- деп караңгыда эки жакты карап калды.
Ордумдан туруп, телефондун фонаригин күйгүздүм. Фонаригин мага жарык кылып, кайра өчүрдү да:
– Бол тез, бирөөсүнүн кийимин кий, кетишибиз керек, мен эки жакты карап турам,- деп бир нерселерди калдыратып издеген адам болуп калды.
Мага жакыныраагына барып жарык кылсам, ак көйнөк, кара костюм кийген адам экен. Кайсы жерине атканын түшүнбөдүм, кан чыккан жери жок. Тиги шаштырганынан араң кийиндим.
– Болдуңбу?
– Ооба.
Фонариги менен мени жарык кылып карады да:
– Тапанчаң бар да, ме!- деп фонарик карматты.
– Бар,- дедим.
– Кеттик анда, бизди күтүп жатышат, менин артымдан калба, фонаригиңди күйгүзүп ала бер,- деп алдыга түшүп, жол баштап жөнөдү. Артынан араң эле жетишип бараттым. Кирген жагыбыздан чыгабыз го деген элем, ал шахтанын төрүн көздөй кадам шилтеди. Унчукпай кете бердим. Бир жеринде адамдардын кобурашып сүйлөшкөнү угулуп, фонариктер көрүндү.
– Сен атпа, тапанчаңды бекит. Мен өзүм тууралайм буларды,- деди тиги. Бир аз бассак узунунан кеткен, чоң жер окшойт, 6-7 фонарикчендер көрүндү. Бизге эч ким көңүл бурган жок.
Алдыдагы адам:
– Сен башыңды ылдый кылып отуруп тур, бекинип,- деп көнүмүш иштей эле адамдарды атып, баарын кырып салды. Тигилер эмне болуп кеткенин түшүнбөй деле калышты окшойт. Оозум ачылып туруп калдым, тапанчамды кармаган бойдон.
Мени жеңимден тартып "бол" деп, жерде жаткан адамдарды аралап бир жол кеткен экен, ошол жол менен тез-тез басып 10 мүнөттөй жүрдүк окшойт, жарык көрүндү.
Жарыкка жакындаганда кууш болуп кетет экен, жатып алып жөрмөлөп чыгып кеттик. Сыртта 4 адам, 5 ат туруптур. Баарыбыз миндик да, тоолорду ашып, Таш-Көмүр шаарынын микрашка деп коёт, ошол жеринен чыктык. Самат күтүп турган экен адамдары менен, машиналарга түшүп Ошко жөнөдүк.
Жолдо келе жатып Саматка:
– Тиги адамың 9 адамды атып салды, атпастан эле качып чыксак болот эле. Алардын деле үй-бүлөсү, ата-энеси бар го. Эмнеге атып салды бир мен үчүн?- десем, мени карап үтүрөйүп:
– Качып чыксаң, артыңдан кууп келсе таанып коюшмак сени. Эртең кантип жашайсың анан? Буларды милиция дейт, кичине эле илинчек болсо, оңой эле таап алышат. Милицияны оюн көрбө,- деп чөнтөгүнөн бир бүктөлгөн кагазды алып берди.
– Ме, сага белек. Карасам менин сүрөтүм турат. Орусиянын ИИМинен Кыргызстандын ИИМине келген, мени кармап бергиле деген кагаз экен.
– Эми эмне кылайын дейсиң? Бир жакка барып баш калкалап турушуң керек го азырынча.
Унчукпай башымды жерге салып отуруп калдым. Чынын айтсам, айлам куруду. Кыздарымды өзүмө алып, тынч жашайм деп жатат элем го. Ал кыялдарым заматта көккө сапырылды. Самат да менин абалымды түшүндү окшойт:
– Кыздарыңды алып Үрүмчүгө же алысыраак Шанхайга барып жашап турасыңбы. Мага Шанхайдан товар чогултуп Кыргызстанга жөнөтүп турган адам керек. Бул жак тынчыганда келе бересиң. Жанагылар жөнүндө ойлонбо, аларды уктатуучу ок менен аткам,- деп саатын карап: – Дагы 1,5 сааттан кийин өздөрүнө келишет. Мени эле жашоодон тойду дейсиңби, милицияны атып. Бирөөсүн эле аттың дегиче, баары сенин душманыңа айланды дей бер. Космоско учуп кетсең да кармап келип ушундай жазаны беришет, экинчи милицияны көргөндө...- деп уят сөздөрдү айтып, өзүнүн тамашасына өзү каткырып күлүп алды. Чынында Саматтын сунушун ойлонуп көрүү керек экен...
(Уландысы кийинки санда)
Кайрат Какеев