3-РАУНДДАГЫ НОКАУТ

(Башталышы өткөн сандарда)

– Жакында сессия келе жатат. Машыгууга барсам, окууга жетишпей калам.
– Окууну четинен бүтүрөбүз. Мугалимдер эч жакка качпайт го.
– Ооба, азыртадан эле Елена Александровнанын артынан чуркап жүрөм.
– Орус тилинен коркпо, мен жардам берем. Машыгууга жалгыз барган бир четинен кызык эмес. 1-курстагылардан менден башка эч ким жок.
– Калгандары сага тийишип жатышабы анан?
Бири-бирин какшыктаган Нурдин менен Шерзат сабактан чыгып, сүйлөшүп отурушту.
– Баягы кыздар менен тааныштыңбы?
– Ооба.
– Мени деле тааныштырып койбойсуңбу?
– Алар бизди карайт дейсиңби. Көрдүң го, кийингендеринен тарта сулуулугуна чейин.
– Анын эмнеси бар экен. Башкысы, сен аларды куткарып калдың. Кыздар эр жүрөк жигиттерди баалашат.
– Ошондой жигиттерди баалашат, бирок акчалуу жигиттер менен жүрүшөт.
Тайпалаштар күлүп жиберишти. Нурдин телефонун алып чыгып, видеолорду көргөзүп баштады.
– Бул Артуро Гатти деген мушкер. Жеңилүү деген бул үчүн эмес болчу.

Видеодо белгилүү мушкердин рингдеги беттештери эле. Жогорку деңгээлдеги бокс деген кандай болору тууралуу Шерзат жакындан таанышты. Бул мушкердин рингдеги өзүн алып жүрүүсү, канчалаган соккуларды өткөрсө да, нокаутка учурабагандыгы таң калтырып жатты.
– Ал акыркы раундга чейин чабуулга өтүп мушташат. Элдин баары эле Али менен Тайсонду айтышат. Бирок чыныгы мушкер деп ушуну айтса болот. Мага ушундай мушкерлер жагат.
– Бүгүн машыгуу саат канчада?
– Саат 8де болот. Мына ушул корпустун алдында. Жатаканага да жакын.
Нурдин университеттин алдындагы бокс секциясын Шерзатка көргөздү. Ал жалгыз барганга анчейин көнө албай жаткан. Машыгууга жалаң чоң курстун студенттери келгендиктен, Нурдинди суу ташыттырып же ары-бери жумшап алышчу. Мындайда кыйратып деле машыга албайсың. Машыктыруучу Нурдинге "чыдай тур, дагы 1-курстун балдары келсе жалгыз болбой каласың, ошондо силерге жеңилирээк болот" деп кеңеш бергенден башка эч нерсе айткан жок. Шерзатты тартып жатканы бир чети ушундан.
Шерзат машыгууга бир чети кызыкса, бир четинен окуусун ойлоп жатты. Окуусу тыңыраак болгондо эбак ал жакка бармак. Анын үстүнө 500 сом 1-курс үчүн чоң акча. Жатаканага келип алып ушуларды ойлонду. Медина жана анын курбуларына "бокс менен машыгам" деп мактанып жибергенин эстеди. Минтип барбай жүргөнүн билишсе, калпычы деп ойлошпойбу. Бир ай барып көрөйүн деп чечти. Кызыгы, аны бул ишке 2 жумадан бери көндүрө албай жаткан Нурдин эмес, кыздарга айтып алган сөзү көндүрдү.

ххх

Машыгуу залы 1-кабаттын ылдыйкы жагында жайгашкан. Залдын босогосун аттаганда эле тер аралашкан жыт мурдуңа уруп, эсиңе келтире түшөт. "Бардык эле спорт залдар ушундайбы же бул жердин өзгөчө жытыбы?" деп ойлонуп да коёт. Бүгүн адаттагыдай эмес, балдардын саны көп экен. Жаңы адамдардын пайда болуп калганын байкады. Мына, жеке өзүнө гана тиешелүүдөй 4-курстун студенти Эрмек адаттагыдай рингдин ортосун ээлеп алган. Машыктыруучу менен кызуу иш үстүндө. 2 грушаны алмак-салмак чапкылап 3-курстун балдары жүрүшөт. Ал эми ары жакта штангалар менен көнүгүү жасап жаткан 2-курстун студенттери. Алардын арасында бир канча жаңы жүздөр.
– Оо, Нурдин келди. Азыр эле сууга барайын деп жаткам да,- кире элек жатып Эрмектин сөзү кыжырга тийди.
Түшүнүктүү. Бүгүн дагы спарринг беттештер орун алат. Демек, сүлгү менен сууларды даярдаш керек. Түштө эле Шерзат машыгуунун убактысын сурап жатпады беле. Жаңы келген балдардын арасынан аны издеп көрдү. Бирок бүгүн залда Шерзат көрүнгөн жок.

ххх

Нурдин менен Шерзаттын сүйлөшүп жатканын Аида көргөн. Качан гана экөө эки жакка бет алганда Аида Шерзаттын маңдайынан чыкты.
– Салам, Шерзат.
– Аа, кандайсыз?
– Мени унуттуңбу бат эле, мен Аида, сен куткарган кыздардын биримин.
– Ооба, тааныдым. Мединанын курбусу турбайсызбы.
– Толкунданбай эле сизден сенге өтө бер.
– Макул. Сен айткандай болсун.
– Менин сабактарым бүттү. Эгерде бош болсоң, мени узатып койсоң болот...

(Уландысы кийинки санда)

Алибек Алиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
kindly_girl91
2017-04-17 09:08:25
Дагы бир жума кутмой
0
kilim
2017-04-17 09:10:44
Мен биринчи
-1
Aima94
2017-04-17 11:45:01
Экинчи)))
-1
Han1111
2017-04-17 12:41:39
Мен кеттим Аиданы узатканы...))
+5
ziash85
2017-04-21 09:10:21
Han1111,машыгууң эмне болот☺
0
originalkgz96
2017-04-17 17:53:56
хехе жашоосу башталдыго))
0
belka
2017-04-20 00:53:16
Өтө аз
0
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан