Назым Мендебаиров Кыргыз улуттук драма театрынын жетекчиси болуп дайындалды. Маектешүү үчүн барганыбызда, ал жаңы иш бөлмөсүнө жайгашып жаткан экен. Таланттуу актёр, режиссёр Назым мырза менен анын жаңы кызматы, чыгармачылыгы тууралуу кеп куруп кайттык.
"Мен үкүмүн"
– Сизди кыймылдаткан нерсе эмне?
– Кудайдын мээрими анан үй-бүлөмө болгон сүйүү.
– Торгойсузбу же үкүсүзбү?
– Мен үкүмүн го.
– Эмне көбүрөөк жагат, акча санаганбы же репетициябы?
– Репетиция.
– Акыркы жолу "жакшы көрөм" деп кимге СМС жазгансыз?
– Кызыма.
– Кандай жетекчи болосуз? Таттуу токоч кармаганбы же камчы кармаганбы?
– Экөөнү бирдей кармаган.
– Эгер скульптор болсоңуз кимге эстелик тургузмаксыз?
– Куйручукка.
– Кайсы сөздү укканда "ии, бактылуу экенмин" деп кетесиз?
– "Жакшы тарбия алыпсың" анан "жакшы балдарды тарбиялапсың" дегенде.
– Миллион долларыңыз болсо?
– Тарыхый кино тартмакмын. Башымда ойлорум бышып калды.
– Назым байке, Кыргыз драма театрынын жетекчиси болуп дайындалдыңыз. Ушул учурда мен сиздин театрга эң алгач жумушка орношкон күнүңүз тууралуу сурагым келип турат...
– Ал күн эсимде. Абдан толкундангам. Мугалимим Калыйкан Ибраева эже театрдын жетекчиси Амангелди Керимбаев агайга 19 жашар мени алып келип, "мына, ушул жигитти театрга алгыла, абдан таланттуу жигит" деп сунуштаган. Кыргызда калтаарып деген сөз бар го. Бул коркуу эмес. Чоң жоопкерчиликти сезе билүү деп ойлойм. Калтаарыгам. Мен өзүм эмоциямды сыртка көп чыгарбаган адаммын. Бирок ошентсе да "жумушка алындың" дегенде оозумду жыя албай өзүмөн өзүм эле жылмая бергем.
– Театр жетекчиси болуп дайындалгандачы?
– Бүгүн жумушка келе жатып театр ушунчалык чоң көрүндү. Бул эмне деген керемет жай? Эмне деген таланттар иштеген? Эмне деген тарыхы бар? Театрдын жанында мен бир эрбейген эле караан болуп калдым. Анан бул жолу да толкундандым. Менимче, чыгармачыл адамда сөзсүз толкундануу болушу керек. Ушул жоопкерчиликти алып жатып бир чети корктум.
– Кезинде дал ушул Кыргыз драма театрынын алдынан Өкмөт үйүнө "маданият өлдү" деп өкүрүк менен бардыңыздар эле. Мына ошол "флешмобдон" кандайдыр бир жыйынтык чыктыбы?
– Байкалбай жатышы мүмкүн, бирок жылыштар болду. Аны уюштурган Садык Шер-Нияз, Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Таалай Кулмендеев өңдүү агаларыбыздын эмгеги текке кеткен жок. Таптакыр башка чөйрөнүн өкүлүн министрлик кызматка дайындамай токтоду. Маданият министрлигине чыгармачылык менен жашаган, чыгармачылык менен ооруган адамдар келишти. Адегенде, мына, Алтынбек Аскарович (ред.: Максүтов) кызматын кылды. Азыр болсо Түгөлбай Казаков агайыбыз министр болуп отурат.
– Жакында Марат Алышпаев агай театрдын мурунку жетекчиси Темирлан Сманбековду айыптап, тиешелүү органдарга атайын кайрылуу жолдоду. Бул боюнча оюңуз кандай?
– Мен бул боюнча эч кандай комментарий бере албайм.
– Дегеле театрда жамааттын абалы кандай эле? Ички интригалар бар беле?
– Театрдын ичиндеги жамааттык атмосфера сонун бойдон. Акыркы убакта коллективде ынтымак бекемделди деп айтат элем. Мурунку жетекчилер жакшы иштешкен. Жакшы пландары бар эле. Буюрса, өз кезегимде мен аларды ишке ашырууга аракет кылам. Эч кандай интригалар болгон эмес.
– Бир убакта Кыргыз драма театрына билеттер 25 сомго сатылып жатканын көрүп театрдын абалы оор окшойт деген ойго келдим эле. Азыр абал кандай?
– Сен андан да жаманын көрбөптүрсүң. Театрдын эң кыйналган учуру 1994-1998-жылдар болду. Жадакалса кышкысын жылытылбай, айлыктар берилбей калган. Бирок ошондо да адамдар иштеп жатышты. Спектаклдер коюлду. Азыр эми баягы аталарыбыз айтмакчы, элдин боору бүтүн. Салыштырмалуу айтканда, элдин курсагы ток. Бирин-серин театрга каттагандар бар. Бирок театрдын дайымкы көрүүчүсү жок болуп жатат. Байкашымча, кээде жакшы спектаклге жарым зал көрүүчү отурат. Айрым учурда орточо спектаклге зал толуп калат. Көрүүчүлөрдүн көбү капыстан өтүп баратып кирип калгандар. Демек, биз дайымкы көрүүчүнү тарбиялашыбыз керек. Театрды пропагандалашыбыз зарыл болуп жатат.
– Кышкысын театр жылыбай, айлык берилбей калган тапта кол шилтеп эмнеге бизнеске кетип калган жоксуз? Эмне кармап турду сизди?
– Айтыш кыйын. Эмне кармады өзүм да түшүнбөйм. Марат Козукеев экөөбүз ошондо иштеп калдык. Эч нерсе жоктугунан экөөбүз театрдын ичин кыдырып оюбузда спектакль койчубуз. "Бул жерге тигил спектаклди, тигил жерге бул спектаклди койсо болот экен" деп, ошол ойлор менен күйүп, белгилүү ырларды өзгөртүп элге ырдап берип, түнү менен уктабай китептердеги окуяларды сахналаштырып, айтор, өзүбүздү алаксытып ошол сыз жерде отурган өткөөл убактан өтүп кеттик окшойт. Эмнеге бизнеске кеткен жокмун? Менимче, эң ириде театрга болгон сүйүүм жеңип кетти. Мен театрда төрөлүп, театрда өскөн кишимин. Ата-энем ушул чөйрөнүн кишилери. Түнкү репетицияларда, гастролдордо жүрүп чоңойгом. Театрдын жыты, анын түйшүгү менин каныма сиңип калган.
– "Каап, бир нерсени өзгөртүп көргөндө болмок экен" деп азыр өкүнүп калган учур болбойбу?
– Билесиңби эмнеге өкүнөм? Бала кезимде комуз ийримине беришкен экен. Аз-маз эсимде. Бирок аз эле барып, анан барбай койгом. Мына ошого өкүнөм. Азыр деле комуз чертем дечи, бирок мыкты эмес. Эми кайра үйрөнүп мыкты болуш үчүн бир өмүр керек. Негизинен, театрда калганыма таптакыр өкүнбөйм.
– Жумушуңуздан тышкаркы нерселер тууралуу да сөз кылсак. Чыгармачыл адамдын үйүндө атмосфера кандай?
– Үйдө баарыбыз жумуштан кийин кечинде чогулабыз. Менин көңүлүмө көп карашат. Мисалы, мен гречка жебейм. Мен барда аны эч ким жебейт. Көп учурда спектакль даярдап, аны чыгара албай жүргөн тапта "ана төрөйм, мына төрөйм" деген аялдай болуп каласың. Мына ошентип кыйналып жүргөн учурда үйгө келсем, балдарым, келинчегим жакшы дасторкон даярдашып, көңүлдү көтөрүп майрам кылып жиберишет. Ушундай учурда "мен жөн эле жүргөн эмес турбаймынбы, мен, менин эмгегим ушуларга керек тура" деген бир өзгөчө жылуу сезимдер пайда болот.
– Балдарыңыз да чыгармачылыктан алыс болбосо керек...
– Үч балам бар. Кызым журналистика адистиги боюнча окуусун аяктап жатат. Ортончу уулум Аскат телевидение режиссёру кесиби боюнча билим алууда. Кичүү уулум Адил капыстан эле бир күнү "мен театралдык окуу жайга тапшырам" деп чыкты. Азыр окуп жатат. Мен өзүм анын мастеримин, өзүмдүн студентим. Быйыл улуттук "Эргүү" театр сыйлыгына татыктуу болду. Студенттер менен биргеликте койгон "Маугли" спектаклинде башкы каармандын ролун аткарган.
Балдарым кичинесинде киного түшүп калса деп ойлочумун. Кино – бул баары бир тарых болуп калат экен. Үч балам тең кинолорго тартылышкан. Ортончу уулум Аскат бой жетип калган кезде Асакенин (ред.: Аскат Сулайманов) фильминде башкы ролду ойноого жетишти. Кичүү уулум "Ботоной" деген фильмде башкы ролду аткарган. Акырындан чыгармачылыкка аралаштырганга аракет кылып жатам. Кээ бирлери "эмне кыласың артист кылып?" деп айтышат. Менин оюмча, чыгармачылык адамды жакшы нерсеге үндөйт. Ар бир адамда чыгармачылыктын кичинекей уюткусу бар. Кээ бири аны өстүрөт, кээ бири жок кылып салат. Бирок биз мектеп жашынан балдарды чыгармачылыкка үндөгөнүбүз туура болот деген ойдомун.
Мирлан Өмүралиев
Алишер Алиев
star@super.kg