ИММУНИТЕТТИ БЕКЕМДЕЙТ
Кумарга батуу учурунда организмде иммуноглобулин көтөрүлөт. Ал ар кандай вирус, инфекцияларга (алардын ичинде суук тийүүгө) каршы күрөшүүбүзгө жардам берет. Илимпоздордун айтымында, аптасына бир ирет да кошулбаган жубайларга караганда жумасына 1-2 жолу төшөк оюну менен алектенгендердин иммуноглобулини 30 пайызга өсөт. Ал эми 7 күн ичинде бир нече ирет төшөк оюнуна көңүл бургандарда иммуноглобулин абдан эле жогору.
КЕРЕКТҮҮ ГОРМОНДОР ИШТЕЛИП ЧЫГАТ
Кумарга батуу жүрөккө жана жүрөк-кан тамырларына табылгыс машыгуу болуп эсептелет. Бул түздөн-түз кан басымга таасирин тийгизет. Жүрөккө жыныстык гормондордун активдүү иштелип чыгуусу пайдалуу, өзгөчө эстроген гормону.
СТРЕССТЕН АРЫЛТАТ
Мындан кийин түгөйүңүздүн бел суусунун жытын жактырбай, жийиркенгениңизди токтотуңуз. Эркектин бел суусу антидепрессант болуп эсептелип, кошулуу учурунда сизге бактылуулук тартуулоо менен бирге стресстен арылтат. Андан сырткары жолдошуңуздун уруктугунан организмиңизге пайдалуу цинк, кальций жана башка минералдык заттарды ала аласыз. Жубайлардын таттуу мамилесинен кийин стрессти азайтуучу кортизол гормону иштелип чыгарын илимпоздор айтышкан. Демек, психикалык абалыңыз жакшырып, депрессия, стресстен алыс болом десеңиз, төшөк оюнуна жакын болушуңузду эскертебиз.
ЖҮРӨКТҮН ИШТЕШИН ЖАКШЫРТАТ
Кумарга батканда жүрөккө күч келет деп коркпоңуз. Бристоль университетинин окумуштууларынын изилдөөлөрүнө караганда, үзгүлтүксүз кумарга батуу инсультка кабылуу коркунучун азайтат. Америка илимпоздорунун жыйынтыгына таянсак, аптасына эки же андан көп жолу кумарга баткан мырзаларга салыштырмалуу айына бир жолу кумар оюнун ойногон мырзаларда жүрөк-кан тамыр оорусуна кабылуу коркунучу жогору болот.
УЙКУНУ ЖАКШЫРТАТ
Кээде махабаттын туу чокусуна чыгып балкыгандын ордуна уйкуну таттуу көрүп, жалкоолонуп коёбуз. Ары-бери жаздыкты тытмалап, өзүбүздү кыйнап уктагандан көрө кумарга батып, көл-шал болуп тердеп, эсиң ооп уктаган алда канча пайдалуу экен. Себеби түгөйлөр кошулган убакта же оргазмга жетип балкыганда бактылуулук гормону аталган эндорфин жана сүйүү гормону болгон окситоцин бөлүнүп чыгат. Бул гормондор адамды бакытка гана бөлөбөстөн, уйкунун тынч болуусун камсыздайт. Романтикалуу мамиледен, кумарга батуудан соң аялдардын уйкусу бир саатка узарып, өзүн сергек сезип, сексуалдык жөндөмдүүлүгү артканы байкалган.
Астра Айдарова
erotika@super.kg