ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИНКИ БОРБОР

Мезгил үнү

Кандуу шаршембиден кийин Бишкектин көчөлөрүн бир сыйра айланып, кандай кейипте экенине көз чаптырдык.

САПЫРЫЛГАН СООДА ТҮЙҮНДӨР
“Гоин” соода борбору менен “Народный” дүкөн­дөрүнүн бир тобу таланып-тонолуптур.
Мурунку “Vefa”, азыркы “Beta Stores” соода борборунан да кабар алдык. Сыртынан караганда тышкы эшик-терезеси гана талкалангандай көрүнгөнү менен, талап-тоноочулар дубалды тешип кирип, түнү бою ичиндеги товарды ташып кеткенге үлгүрүшүптүр. Бутиктердин кожоюндары ызасын, күчүн, дүкөндү көргөнү келгендерден чыгарып, жарданган элди сөгүп, кубалап жүрүшөт.

КАЗЫЛГАН БАЛАТЫЛАР
Бакиевдин үйү делинген Жибек Жолу көчөсүндөгү келишкен чоң сарайга бет алдык. Барганыбызда топтошкон эл Бакиевди болушунча сөгүп, жерден таш ала өрттөнгөн үйгө ыргытып да жүрүшүптүр. Үйдүн ичиндеги эмеректери талкаланып, дубалдарына чейин өрттөлгөн. Эл эшик-терезелерди чыгарып, унитазынан өйдө көтөрүп кетип жатышты. Бирөө темир дарбазаны жула качса, экинчиси балатыларды тамыры менен казып, көчүрүп бара жатты.

ОНТОГОНДОРГО ТОЛГОН ООРУКАНАЛАР
Жолдон Улуттук хирургия борборуна баш багып, борбордун директору Мамбет Мамакеевди кепке тарттык.
– 83 жашка чыгып, 58 жыл хирург болуп иштеген өмүрүмдө мен мындай шумдук окуяны башымдан өткөрө элек болчумун. 7-апрелде түшкө чукул эле ок жеп жарадар болгондорду биринин артынан бирин алып келе башташты. Бизде 7 операция бөлмөсү бар. Алардын баары түнү бою тынымсыз иштеп чыкты. Кыргыздын бир жакшы касиети бар эмеспи, жамандык болгондо тикеден-тик турмай. Хирургдардан баштап санитаркаларга чейин көз ирмебей иштешти. 71 адам ок жаракаты менен түштү. 7 баланын өмүрүн сактай албадык. 4 адам бизге жетпей жолдон мерт кетиптир. Каза тапкандардын баары жаш жигиттер. Карап туруп жүрөгүң ооруйт. Туш келди атылган ок эмес, адамдын өмүрүнө кооптуу жерлерди мээлеп атышыптыр. Жарадарлардын баары эле жүрөк, баш, моюн тушка ок жеп келишти. Жашоого 5 пайыз мүмкүнчүлүгү болсо да, операцияга киргизип жаттык. Булардын өмүрүн сактап калабыз деп айта алам. Кээ бирлеринин ата-энеси балдарынын каза болгонун уга элек. Элге каршы ким аткыла деп буйрук берсе да, адам деген атка татыктуу эмес. Өз элин аткан мыкаачыларды соттоп отурбай эле асып салыш керек.

БООРУКЕР ЭЛИБИЗДЕН АЙЛАНСАК БОЛОТ
Демонстрациядан жабыр тарткандарга түнү бою өз эрки менен келип, кан тапшырган кайрымдуу адамдар да чыкпай койгон жок. Эртең менен Республикалык кан борборуна барганыбызда кан тапшыруу үчүн кезекте турган адамдар аябай көп экен. Кан алуучулар алгач каалоочулардын ден соолугун текшерип жатышты. Документтер керектигин билбей келип алып, аны алып келүү үчүн үйлөрүнө шашып бараткандар мындан көп.


ЖАБЫРЛАНУУЧУЛАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Азамат, 22 жашта
– Мен борбордук аянттан үйгө кетейин деп Киев көчөсүнө чыгып калганда тарсылдатып элди ата башташты. Бир маалда көкүрөк тушум “тыз” дей түштү. Жанымдагылар “ок тийдиби?” деп курткамдын сыдырмасын ачканда канжалай түшүптүрмүн. Ок жүрөккө бир аз эле жетпей калыптыр. Учурда окту алыша элек. Дагы бир топ убакыт күтүү керек экен.

Тимур, 48 жашта
– Мен Сокулуктан келгем. Аянтта алдыңкы катарда жүргөм. Бир маалда снайперлер ак үйдүн үстүнөн элге ок чыгара башташты. Жөн эле коркутуп резина октор менен атып жатышат десек, кадимки ок менен атып жатышыптыр. Элге карай ок атылганда ого бетер жинибиз кайнап, алга жулундук. Ошентип, колумдан жарадар болдум.

Руслан, 27 жашта
– Менин бутумду БТР тебелеп кетти. 1941-жылкы согуштай кылып эле танк менен качырып сала беришкенде чалынып кетип, бир бутум дөңгөлөк алдында калды. Чынын айтсам, адамдарды чымчык аткылагандай эле кылышты.

Бахияна Сатылганова, Сүйүн Кулматова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
ylduska
2010-04-12 15:28:11
Каза тапкандардын арты кайрылуу болсун!!! Жарат алгандар айыгып кетсин. Ал эми марадерлор жана жер талашып д.у.с. оз кызыкчылыгын ойлоп жургон адамдарды каза болгон балдардын арбагы уруп кететко!!! Кантип уялбай ошондой иштерди кылып журушот!!!
0
Debi
2010-04-12 21:13:07
Тиги жакта кээ бироолор жанын сайып жатышты. бир жагында кээ бироолор эмнени тоносок деп журушту эээххх эми адам кылгандыктан куноолуу болбойт, куноокор болгондуктан кылат дейт.
0
Debi
2010-04-12 21:16:24
Тимур ага, Руслан замандаштардын кээ бироолору силердин эрдикке ишенбей жатышат. Озунуз бир кененирээк айтып койунузчу, бироолор силерге курал таратты беле, форумдагы "Бакиев" деген болумго
А мен болсо, жалтанбастыгынарга тан кала баа бердим! Тим эле созум жок! Окко каршы, олумго каршы...
0
oilyybala
2010-04-13 09:54:02
Менин айылдаштарымдай болуп олуп кетсем эмне болот эле,ошол жерде журдук кыйкырып койуп ,андайда олумду унутуп калат экенсин... Жалтанбастарга тан бериш керек...
0
hardsweet
2010-04-13 15:43:30
eldi atkyla dep kim aitkanyn azyr ech kim bilbeit.birok maraderlordo bet degen jok eken.oz elin tonogon dagy bolobu?
0
Kyrgyzzz
2010-04-16 14:45:24
Кыргызстан дуйно жузуно у9т болду,эми бизге озунун кызык4ылыгын ойлоп Кыргызстанды соргону келген Орустардан бащка инвесторлор келбейт.Бир кадам алдыга жылдык,ощону менен катар 3 кадам артка кетти Экономика.Бети жок талоон4улар.У9т кылдынар Кыргызды.Дагы бир жолу абийирди токтунор.Чет элдин гезиттери атайлап ощондой суротторун бащтык кылып йазып атыщат.Озбектер табасы канбай суыунуп атса керек озун4о...
0
Debi
2010-04-16 22:08:18
Эми буларды жазгандан пайда жок, кел жакшы нерселерди жазабыз. Граждандык согуш деген коркунуч жоголду ырас. Мен корккон деле эмесмин, кээ бирлер бар экен паникер(чуулдаткыч деп койбоймунбу)ошолордун жаны жай алды окшойт. Убактылуу окмоттогулор ар ким оз ордун тапкандай сезилет мага.
0
sani
2010-04-16 23:03:30
Ex kyrgyz jerim, kyrgyz elim ...............ozubzdu tonop, olturup jok kildik.bolgon 5-milliondon ashik elbiz oshonu da saktai albadik. Kaza bolgon atalaribiz, baikeleribiz jatkan jailari jailuu bolsun!

0
Kyjal
2010-04-17 12:38:04
Sharadar bolgondor sakajyp ketishsin, al emi alardy atkandar shakshylyk betin korbosun....
0
nurhan
2010-04-17 15:49:47
Бул чоон толпа эмнени талап кылып,эмнеге ак уйду бастырып алгандарын оздору да билбейт,ок атса да качпайт,башкасына да качпайт,буларга бироо"газды" басып койгон го ошондо,оюн бузарларга ишенип оздорунун жанын кыйып,жарадар болуп кызык,азыркы келген бийлик эле кыйратат беле?!Беш жылдан кийин буларды да кубабызбы?Бакиевдин "айыбыы" деп коюшат дагы,аны ким атты бир Кудай билет!
0
Debi
2010-04-17 17:26:42
Кимиси келсе да, бул жолу келген президент эстууроок болот. Айыл жерлерин маданиятташтырууну колго алат. Элдер шаарга агылбай калат. Бай ресурстарыбызды иштетуу колго алынат. Конуш маселеси чечиле баштайт... Мооноту буткондо куугунтукталбай, ызы-чуусу жок, акырын сый откоруп берет. Озу тажрыйбасы менен болушкон кеп-кенештери менен дайыма жолок болгон, нарк насилдуу учунчу президент аталат.
0
Debi
2010-04-17 17:28:39
Башка элдер бизден улгу ала башташат. Гулдогон олкого айланып, туристтер ого бетер агылып келе башташат. Дуйно элдери муну аныз кеп кылып айтышат. Иииий, ай, жакшы тилек кылган жакшы экен, ушинтип корсонор. Анан кыялданып эле калып калбагыла.
0
Debi
2010-04-17 17:30:09
Эртен кошунанын эшигин кошо шыпырып койгула. Анан бурсугун алар силердин таштандыны озунуку менен кошо тогуп койот. Эсептешкиле, силердин жакшылыгынар кобуроок экенин билиш учун, бир аз эле коп болсо, дагы кобойтуп койгула. Ишенгиле сыйлыкты Кудайдан аласынар.
0
Наргизель
2010-04-18 22:47:15
....
0
№ 388, 10-15-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан