КОМПОЗИТОР АЗАТ ДӨӨТКУЛОВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, белгилүү композитор Азат Дөөткулов 13-апрель күнү узакка созулган дарттан улам 54 жашында дүйнө салды. Ал ырчы жана актриса Сайра Момунбаеванын жолдошу эле. Маркум 15 жылдан бери "Учур" театрында музыкалык бөлүмдүн башчысы болуп, спектаклдерге, кинолорго музыка жазуунун үстүндө иштеп келген. Композитор тууралуу кесиптеши Шаршен Шейшенов: "Азат бир нече жыл мурун кант диабетине чалдыгып, 6 айдан бери ооруканада болчу. Акыры кесиптешибизден айрылып калдык",- деп билдирди.
Композитордун артында эл арасында белгилүү болгон Минюра Рахимжанова аткарган "Закым", Жийдеш Идирисова менен Нарист ырдаган "Эдем алмасы" сыяктуу көптөгөн керемет обондору калды.
"Супер-Инфо" гезитинин жалпы жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aik-mili
2017-04-20 00:53:13
жакшы киши эле
+1
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан