5 жаштагы Нурпери Тургуналиева Нооруз майрамында өзбек бийин бийлеп, ал видеосу аркылуу интернет жылдызына айланды. Ал мындан 2 жыл мурун биздин гезиттин каарманы болуп, балалык кыялы менен бөлүшкөн. Нурпери Бишкекте өткөн "Х-Фактор" сынагында баш байгеге ээ болуп, Кытайга жолдомо алган күндүн эртеси бир иш-чарада өзбек бийин бийлеген. Мына ошол бийи тартылган видео менен кайрадан элдин көңүл чордонуна түшүп, Орусиянын Биринчи каналынан чакыруу алды. Нурперинин апасы Наргиза Сулайманова: "Кызымды ким видеого тартып, интернетке жүктөгөнүн билбейм. Орусиянын Биринчи каналынын өкүлү бизге байланышка чыгып, "силерди 20 күн издеп араң таптык. Жергиликтүү каналдарга байланышканыбызда алар силерди өзбекстандыктар дешкен эле" деди. Алар менен келишим түзүлдү. Келишимдин негизинде көрсөтүү азырынча сыр боюнча калуусу керек",- дейт.