«Супер-Инфо" гезити уюштурган "Супер сулуу-2016" сынагында "Ажарлуу сулуу-2016" наамын жеңген 21 жаштагы Айзада Абанбекова 15-апрелде турмушка чыгат. Анын болочоктогу жолдошу – көпчүлүк ырчыларга ыр жазып берип жүргөн акын жана журналист Кудрет Тайчабаров.
– Болочоктогу жолдошумду мурда сыртынан таанычумун. 3 жыл мурун ортого бирөөнү салып таанышуунун аракетин көргөндө "мамиле курууга азырынча жашмын" деп койгон элем. "Супер сулуу-2016" сынагына катышкандан кийин артымдан чуркаган жигиттер аябай көбөйүп кетти. Ошондо ал дароо "чабуулга" өттү десем болот. Кудрет тегерегимдеги бардык жигиттерди менден алыстатып салды.
Турмушка чыгуу боюнча сунуш айтканда "ага-карындаш болуп эле сүйлөшө берели" десем, "менин карындаштарым көп, сүйлөшсөң мага турмушка чыга тургандай болуп сүйлөшөсүң, болбосо жок" деди. Кайра сунуш киргизгенде макулдугумду бердим. Анын кайсы бир сапатын өзүнчө бөлүп карап, ушул сапаты жакты деп айта албайм. Анткени анын мени ачууланып урушканы да жагат. Ошондуктан "жакшы көрүп калсаң кемчилиги кошо жагат" дегенге ынана баштадым,- дейт Айзада Абанбекова.