Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын мурунку жетекчиcи Марат Алышпаев театр директорлугунан жаңы эле бошогон Темирлан Сманбековдун үстүнөн тиешелүү органдарга кайрылуу жолдоду. Марат Алышпаев бул боюнча оюн төмөндөгүдөй билдирди: "Темир Сариев премьер-министр болуп турганда театрга 6 миллион сом берген эле. Ал акчага Сманбеков 3 машина сатып алган. Сатып алуу иштерин тендер өткөрбөй эле ишке ашырган. Иш билинип калып, текшерүү жүргөндө 6 миллионго 1 миллион 300 миң сом жетпей калган. "Түрксойдун" тапшырмасы менен "Коркут ата" пьесасы жазылып, аны коюуга 10 миң доллар берилген болчу. Бирок акча театрдын кассасына өткөрүлбөй, директордун колуна берилип, каражат өзүм билемдик менен жумшалган".
Бул боюнча Темирлан Сманбеков менен байланышканыбызда ал: "Марат байке буга чейин да арызданып, бир жарым жыл текшерүү жүргөн. Эч кандай илинчек табышкан эмес. Азыркы заманда мага ошончо акчаны жедирип коюп эч ким карап отурбайт. Артисттер, өкмөт, сот бар дегендей. Марат байке директор болуп турганда артисттер министрликке улам-улам арыз жазып жатып кетиришкен. 10-15 күндөн кийин сынактын жыйынтыгы менен мен жетекчи болдум. Ошондон бери эле байке ордун тартып алгансып мени жаман көрүп жүрөт. Ал 4 жылда жасабаган ишти мен 2 жылда жасадым. Кандай сонун спектаклдер коюлду. Менин үстүмдөн жазылган арыздары жалаа. Эгер чындап күйүп жатса маалымдоо каражаттарына жарыялабай эле, текшертип, акча жеп алсам, ошонун жыйынтыгы менен элге чыгарса болмок",- деген жооп кайтарды.