«КАЙНЕНЕМЕ ТАТЫКТУУ КАРЫЛЫК ТАРТУУЛАГЫМ КЕЛЕТ...»

Мен көпчүлүк учурда курбу кыздарымдын кайненелери менен тил табыша албай жатканы тууралуу айтышканын угуп калам. Алар "кайненемден тажадым, кылган ишимден кыйкым таап эле отурат" деп көп айтышат. Мен деле алардай келинмин, турмушка чыкканыма 7 жыл болду, жолдошум экөөбүз 3 кыздын ата-энесибиз. Бирок мен кайненеме ыраазычылыгымды гана айткым келет.
Мындан 7 жыл мурун, 11-класста окуп жаткан кезимде апамдын каалоосу менен жолдошумдун үйүнө келин болуп баргам. Азыр ойлосом, өткөөл курактагы турмушту оюнчук ойлоп жүргөн кезим экен. Ошентип, мектепке кайын журтумдукунан бара баштадым. Оюмдун баары көчөдө, кыздар менен отуруп кээде үйгө кеч барам. Кечкисин бийге баргым келет, кыздар менен көчө кыдыргым келет. Ар нерсени жегим келет, жарашыктуу кийим кийгим келет. Кызыгы, мунун баарын каалап эле тим болбостон аткарганга шашылчу элем. Өз үйүмдө көрсөтпөгөн кылыктарымдын баарын кайненеме көрсөтөм, ыйлайм, кыскасы, корс мүнөзүмдү сыртка чыгарып алчу элем. Азыр ойлосом, кайын журтум, өзгөчө кайненем менин өткөөл курагымдагы кыял-жоругумдун баарына чыдаптыр.
Акыркы коңгуроого башыма бантик байлап кайненем жиберген. Турмушка чыккандан кийин 2 жыл төрөй алган жокмун. Организмим деле жаш болсо керек. Ойлоп көрсөм, төрөгүчө кайын журтумдун кичүү кызындай эле ойноп-күлүп жүрө бериптирмин. Ошондуктан азыр төркүнүм менен өтө сый мамиледемин. Жаш кезде турмуш кургандыктан, кичинемден эле кайненемдин колунда өскөндөй сезим жаралып калган. Өзүмдүн апама көп сырымды айта албайм, көрүшкөндө ортобузда аралык сакталат. Кээ бирлердей болуп эне-баладай элжирешип отурбайбыз. Бирок муну кайненем менен кылам, сырдашабыз, түн бир оокумга чейин сүйлөшүп отурабыз. Ал кеп-кеңештери менен бөлүшүүдөн тажабайт, мен аларды эсиме түйүп калууга аракет кылам. Анын мага жасаган мамилесин көрүп, жолдошумдун энеси ушундай экендигине ыраазы болом. Бир канча күн көрүшпөй калсак, ар дайым телефондон ал-акыбалымды сурап турат. Анан үйгө келгенде жүзүмдөн өөп, эркелетип тосуп алат.
Өзүм 3 кызды төрөгөнүм менен, алар мага бир туугандай, алардын баарын апакем (кайненем) багып чоңойтту.
Ушул күнгө чейин мага карата катуу сүйлөгөн эмес. Бул анын мени сыйлагандыгы деп түшүнөм.
Кээ бир кайненелер келиндери жаман мамиле жасашса таң калышат, мунун негизги себеби – кайненелер өздөрү келиндери жаңы келгенде алардын жүрөгүн оорутуп коюшкандыгы болсо керек. Анткени жашоомдо келинди анчалык сыйлай бербеген кайненелерди көп эле кезиктирдим. Аларды көрүп ошол эне кызына да кайын журту ошондой мамиле жасашын каалайт бекен деп ойлойм. Мындай окуялардан улам көп кыздар турмушка чыккандан заарканышса керек.
Жашоомдун бул бөлүгү менен бөлүшкөнүмдүн себеби – беш кол тең эмес. Дайыма эле келиндерди күнөөлөй берүүнүн кереги жок. Кайненелер дагы жылуу сөзү менен келинди өз кызындай кабыл алышса болот деп айткым келет.
Мени өз кызындай көргөн кайненеме татыктуу карылык тартуулагым келет.

Гүлбарчын

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
langar
2017-04-18 10:17:07
кайненен жакшы адам-екен
+2
langar
2017-04-18 10:17:38
жакшы
0
gordaya
2017-04-18 10:27:35
Жаны уйлонгон маал болчу, куйоом экообуз Талас жакшы, кол жакшы болуп тартышып калдык, анда кайненем куйоомо "тим кой, эртен эле баласы Таластыкмын дегенде эмне дээр экен "деп койду, азыр балам "апа, Таластыктар баарынан кучтуубу", деп сурайт, мен болсо ойлонбой туруп албетте дейм, кайненем аябай акылдуу киши да.
+2
engel
2017-04-18 14:59:50
Jashoodo ar kandai eken da!Menin kaiynenen sonun degenderdi okup silerge suktanyp j-m.Men da boidok kezimde gruppadagy kyzdar kaiynene m-n jashabai turgan jerge barsam eken dese men nege alardy dele oz ata enendei kabyl alsan alar da oshentet da dechumun.Kaidaan kaiynatam teskerisinche kelin degen bolok kan,kyzyndai bolup berbeit dep betime ele aitat.Jogoruda aitkandai kaiynenem kazan ayakty birden alyp teksheret taza juuldubu jokpu dep.Emne kylsam artymdan jurot.Menin da ichim muzdap kalgan.
+6
SoniK
2017-04-18 23:05:29
engel,тооже
+1
Pandora
2017-04-21 12:32:28
engel,"Келин"-деген,болок кан кызындай болуп бере албайт.....
Ушул созго жооп:Ошол болок кандуу келин келечекте сенин канындан жаралчуу,сенин тукумунду уулочу урпактарынды жарык дуйного келишине себепчи адам!!!О.э.жакшы коргон кызыда башка бироонун уйундо башка кандуу адам
+4
tah.min22
2017-04-18 19:00:16
Сонун! Баарына улгу болдунуз,уй булоолук бакыт сиздерге.
+1
Gulzina1993
2017-04-19 12:11:26
Окуп алып суктандым, биздин да бешенеге ошондой кайнене туш болсо экен.
0
airus879015
2017-04-19 18:10:55
Туура айтасыз. Эгер кайненелер келиндерин билбегенин уйро уп, жакшы нерсени айтса. Келин башка уйго конгучо жардамын берсе кийин озу деле сыйлууу кайнене болот эледа. Сиздей кайненелер кыздарга жолуксун. Менин кайненемда сизден кайненениздей болуп озгорсун.
+3
Santex1991
2017-04-19 19:11:00
красавица жараткан эки дуйно бактылуулукту насип кылган болсун баардык кыргызымдын кыздары бактылуу болушсун
+1
NURiZADA14
2017-04-20 00:22:29
Ой менин кайненем анаконда. Мен болсо али кобрамын. Озу жиниме тийип койгон. Жакшы мамиле кылса мен озгормок эмесмин. Мени озгорткон озу. Мага кыйкырбаса мен мурдагыдай эле аны сыйлап журмокмун.Тороп келеерим менен 2 кундон кийин эле тур жата бербей деп урушкандан бери мен да ага кыйкырам. Мурда апа деп ага аябай жабышып алчу элем. Азыр айтышабыз. Бир нерсени айтам да. Анан барыныз эми баланызга жеткирип барыныз дейм. Куноо озундо айталбайт.
-1
satarovkubacom
2017-04-20 02:50:08
NURiZADA14,Кантип кайын энеме жагам?
Шейх Чубак ажы
Кайын эне менен келиндин ортосундагы чыр чатак көпчүлүк учурда кызганычтан улам келип чыгат. Мырзалар жубайыңызды эч качан эненин көзүнчө ашыкча мактап, ага болгон өзгөчө мамилеңзди көрсөтпөңүз. Бир гана энелерге эле эмес, элге да ашыкча сүйүүнү көрсөтүүнүн кереги жок. Ортоңордогү мамиле өзүңөрдүн бөлмөңөрдө жабык эшик артында калышы маанилүү. Андан тышкары кайын эне жактырбай атса, демек күйөөңүз дагы кыжаалат боло берет. Ошондукт
+2
satarovkubacom
2017-04-20 02:52:31
NURiZADA14 Ошондуктан энени сыйлап чачын өрүп, кийимин жууп, тамагын бышырып, ысык чайын бериңиз. Бир күнү болбосо бир күнү ал деле жибийт. Кайын эне менен айтышкан келин эч качан бакыт таппайт ушуну эстен чыгарбаңыз
+2
satarovkubacom
2017-04-20 02:57:15
NURiZADA14, Көрүүчүлөр: 2 827
Ариза Атабекова©

Кайын энеме жакпай койдум эмне кылам?
Кайын эне менен келиндин ортосунда ынтымак табып, бир очок булатып кетүү оңой олтоң иш эмес. Айрыкча бүгүнкү күнү бул маселе курч алгандай. Көпчүлүк кайын энелердин келиндерине купулу толбойт. Бул көйгөйдүн себептери эмнеде? Баардык эле үйдө бул маселе жарабалы? ХХХХ
+1
admin_superstan
2017-04-20 09:41:01
satarovkubacom, курамы окшош сайттардын шилтемесин калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
strangergirl
2017-04-21 00:00:29
Ой менин кайненем Манас тууп алгансып милдет кыласын деп бетиме эле айтчу, азыр деле айтат гоо
0
klassika
2017-04-21 10:41:14
ой жакшы кайнене миллиондон бир гана кездешет.Ошондо Кыргызстанда 6 жакшы кайнене бар))))))
+1
Pandora
2017-04-21 12:35:07
klassika,Ошолордун бироосу менин женелеримдин кайын энеси жана менин кайын энем))) Ошондо калган тортоосу киминдики?))
+1
Taalaikul14
2017-04-21 10:49:34
Эх мен кудайдан тилегенде жолдошум ичпесе экен чекпесе экен мени гана ойлосо экен дечумун корсо кайын энени да кайын журттуда кошо тилеш керек экен жакшы оз ата-энемдей болсо экен деп
0
Gukush8993
2017-04-21 19:47:55
Мен да кичинемде жаман кайненелерди коруп кайненем жакшы болсун деп тилей берипмин кудайга шугур кайненем сонун апалап турам жакшы кийимдерди алып берип дем алыш кундорундо жакшы коргон таттууларынан алып берем жакшы кинолорду кочуруп кызыктуу нерселерди корсотом жумуштан келсем да сразу кайненемдин бут кийимин карайм жок болсо уйго да киргим келбейт озумдун Апам да кызганып кетет аябай жакшы карайсын деп менин ага болгон ыраазылыгым учун ошентем мага жаман айтпайт
+2
Gugi
2017-04-22 19:25:59
Эгер ушул жазылган баян чын болсо, сен учун абдан кубанычтамын! Мындай кайненелер чанда эле болсо керек. Турмушка чыга элегимде кыялданчумун эки апамды ээрчитип алып сейилдейбиз, жакшынакай кийимдерди алып берем, тигил жакка, бул жакка
алып барам деп ) Азыр болсо, кайненем аман эле болсун... Барган куну эле мунозун корсоткон мага. Аябай конулум калган. 10 жыл болду бири-бирибизди суйбойбуз, бирок бала-бакыра болгондон кийин, куйоон тургандан кийин ушинтип эле жашап келе жатабыз (((
+4
Lee97
2017-05-16 20:40:20
Азаматсыз сиз сыяктуу келиндер көп болсун
0
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан