Жасалма жемиштер деген кандай жемиштер?
Жасалма жемиштер – гендик инженерия тарабынан чыгарылган өсүмдүктөрдүн көчүрмөлөрү. Башкача айтканда, клондоштурулган десек болот. Илимде "генетика жактан модификацияланган азыктар (ГМ) деп аталат.
Ушуерден артка чегинип, жалпы эле клондоштуруу тууралуу сөз козгой кетсек. Учурда клеткалар менен хромосомдорду көчүрүү жолу менен кой, уй, мышыктарды… жасап жатышат. Клондолгон гүл түрлөрү болсо сансыз. Адамды клондоо темасын козгогон "Клон" киносуна өзүңүздөр күбө болдуңуздар. Ал эми клондолгон жемиштерге келсек, алардын ичинен биринчи болуп суукка чыдамдуу помидорлор чыгарылган. Алардын гени суук уюлдагы америкалык камбала балыгынан алынган. Ошондуктан, андай помидорлор "бакалоорлуу помидорлор" деп аталышкан. 12 градус температурада бышпаган калыбында сакталып, андан жылуу температурага алып киргенде бир нече сааттын ичинде бышып, кызарып чыга келген. 1984-жылы теги (гени) өзгөртүлгөн картошка пайда болгон. Ошентип, убакыт өткөн сайын гендик инженерия чыгарган жашылча, жер-жемиштин саны арбып, дүйнөгө тарай баштаган.
Бразилияда банандар эбак клондоштурулса, буурчактардын клондоштурулган сорттору көп өлкөлөрдө учурайт. Учурда Вьетнамда кофени клондоштурууну пландашууда. Мындай теги өзгөргөн азыктардын айырмачылыгы тез өсүп, бат бышат, узакка сакталат, ысык-суукка чыдамдуу, түшүмү мол.
Учурда клондоштурулган жер-жемиштер өстүрүлгөн жер аянты дүйнөдө 40 миллион гектардан ашат. ГМ азыктары АКШда сатылып жаткан азыктардын 40 пайызга жакынын түзөт. Америкалык илимпоздор "азыр ачкачылыкта жашаган өлкөлөрдүн элин ачкалыктан клондоштурулган азыктардын арты менен алып чыгуу туура" деп эсептешкени менен АКШ элинин 5 пайызы гана мындай азыкты сатып алууга макул. Ал эми Япония, Иран, Корея эли бай болушса да, клондоштурулган азыкты оңой менен сатып алышпайт.
Анткени, денсоолукка зыян экендигин билишет.
Денсоолукка зыяндуу жактары
Клондоштурулган азыкты чыгаргандар түшүмүнүн көптүгүнө, оңой бузулбастыгына кызыгышып, анын денсоолукка зыян экендигин эч качан айтышпайт.
Анда эмесе зыяндары:
Даярдаган Канымжан Усупбекова