ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (17-апрелден 23-апрелге чейин)

Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат



КОЙ (21.03-20.04)
Бул жуманын алгачкы күндөрү жеке маселелерди чечүүгө жумшалат. Алыскы шаарлардагы өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр жакшы жүрөт. Эски тааныштарга жолугасыз. Шаршембиден тартып айрым жашыруун душмандардан, таасирдүү адамдардан жана текшерүүчү органдардан сак болуңуз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Сизге келчү акчаларды толугу менен жыйнап калуу үчүн шаршембиге чейин аракет кылыңыз. Бул акчалар жашы өткөн, таасирдүү адамдардан келиши күтүлөт. Бейшембиден тартып достор, кесиптештер менен пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Мунун себеби акчанын туура эмес бөлүштүрүлүшү же анын көп сарпталып кетиши.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын биринчи жарымында өнөктөштөр, кесиптештер, жубайыңыз менен маанилүү маселелерди талкуулайсыз. Талкуу жакынкы убакта өзүнүн жемишин берет. Шаршембиден тартып жумушта, жеке маселени чечүүдө күтүлбөгөн тоскоолдуктар болушу ыктымал. Жубайыңыздын же мыйзамдын кээ бир талаптары да четте калбайт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Шаршембиге чейин жумушуңуздагы эң негизги маселени биринчи бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Бул күндөр сиз үчүн ийгиликтүү. Жуманын экинчи жарымында жумушта күтүлбөгөн тоскоолдуктар пайда болот. Көптөн бери байкалбай келген жашыруун нерселер, эски көйгөйлөр калкып чыгат. Кесиптештер менен сөз талашпоого аракет жасаңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Шаршембиге чейин алыскы шаарларда жашаган адамдар жана балдарыңыз менен жолугушуулар болушу мүмкүн. Жагымдуу сүйлөшүүлөр, чер жазуулар күтүлөт. Бейшембиден тартып сунушталган эс алуулардан баш тартканыңыз оң. Анын ордуна балдарыңыздын баскан-турганына, кем-каржысына көз салсаңыз, күтүлүп жаткан көйгөйлөрдөн оолак болосуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын биринчи жарымында үй тиричилик, каржы маселелерине көбүрөөк көңүл буруңуз. Жашоонун бул тармактары сиз үчүн нурун чачып турат. Аракет кыла бериңиз. Шаршембиден баштап үй-бүлө мүчөлөрүнө аяр мамиле жасасаңыз, күтүлүп жаткан пикир келишпестиктерден кутула аласыз. Юридикалык маселелерде да кылдат болуңуз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Айрым, айрыкча юридикалык документтерди бүтүрүү үчүн дүйшөмбү, шейшемби күндөрү чуркаганыңыз оң. Жубайыңыздын кеп-кеңешин угуп койсоңуз да ашыктык кылбайт. Шаршембиден баштап жумушуңузда айрым көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Документтерге так болуп, алдын ала текшерип коюңуз. Жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Бул күндөр сиз үчүн кооптуу.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Жумушуңузду карай шашылыңыз. Аптанын соңку күндөрү сизди жумушка байланыштуу көптөгөн ийгиликтер күтүп турат. Акчанын тийиши да четте калбайт. Бейшембиден баштап балдарыңызга көбүрөөк көңүл бөлүңүз, ден соолугуна көз салыңыз. Түрдүү эс алуу, романтикалык жолугушууларды четке кагыңыз. Бул күндөрү акча көйгөйлөрүнө да туш болушуңуз мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жуманын алгачкы күндөрү чыгармачылык дем менен иш баштоого аракет жасаңыз. Ошентсеңиз гана көптөгөн маселелерди оң жагына чече аласыз. Андыктан көп ойлонбой алга демекчибиз. Аптанын экинчи жарымы сиз ойлогондой өтпөйт. Айрым тоскоолдуктар чыгышы мүмкүн. Үй-бүлөдө да бир аз көйгөйлөр чыгышы күтүлүүдө. Жубайыңыз менен ынак болуп, тирешпөөгө аракет жасаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Шаршембиге чейин өз алдынча аракеттердин астында үй чарба жумуштарын жакшы бүтүрө аласыз. Үй-бүлө мүчөлөрү менен өз ара сүйлөшүүлөр орун алат. Бейшембиден тартып бир туугандарыңыз, кошуналарыңыз менен жүрөк өйүгөн маселени талкуулайсыз. Бул маселе кайсы бир деңгээлде сырдуу болуп саналат. Анын жыйынтыгы калчаган акылыңардан көз каранды.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын алгачкы күндөрү достор, кесиптештер же туугандар менен көңүл көтөргөн сүйлөшүүлөр болот. Буга чейин чечилбей келген айрым маселелерге чекит коюлушу каралат. Бейшембиден тартып айрым бир достор, өнөктөштөр, кесиптештер менен мамиле кылууда келишпестиктер келип чыгышы мүмкүн. Буга туура эмес бөлүштүрүлгөн же көбүрөөк сарпталган каражат себепкер болот.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Шаршембиге чейин негизги максаттарды ишке ашырып калууга аракет жасаңыз. Бул үчүн азыр сизде тиешелүү күч-кубат жетиштүү. Акчанын да келиши сизди кубандырат. Аптанын экинчи жарымында жумушта, турмуштук жеке иштерде айрым тоскоолдуктардын келип чыгышы күтүлөт. Бул тоскоолдуктар негизинен таасирдүү адамдар же өкмөт өкүлдөрү тарабынан жаралышы мүмкүн.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан