АЛГАЧКЫ ЖОЛУ «СУПЕР-ИНФОГО» ЧЫККАНДА...

Ар бир иштин алгачкысы адамдын эсинде өзгөчө сезимдер менен сакталып калат. Сахна жылдыздары бүгүн мына ошол "биринчи" сезимдерин эске салышты. Тактап айтканда, "Супер-Инфо" гезитине алгачкы жолу чыкканын эскеришти. Кимиси кандай окуя менен коштолду эле, алардын өз оозунан угалы.

Аскат Мусабеков, ырчы: «СУПЕР-ИНФОДО» ИШТЕГИМ КЕЛГЕН»

- 2005-жылы болсо керек, Улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык студияда окуп жүргөндө анча-мынча өзүмдүн жазып жүргөн новелла, эсселеримди көтөрүп "гезитте иштейт элем" деп "Супер-Инфо" гезитинин редакциясына баргам. "Дагы жазганды үйрөнүп кел" дешкен. Ошентип гезитте иштебей калгам. Кийин ырчылыкка аралаштым. Алгачкы жолу улуттук кийимчен, комуз кармаган сүрөтүм кичинекей болуп бир бурчуна чыккан. Айылдагы туугандарыма, ата-энеме сүйүнчүлөп, "гезит алып окуп койгула" дегеним эсимде. Ата-энем да гезитти окуп, аябай кубанышкан. Өзүм дагы алгачкы ирет сыналгыга чыккандай же үналгыдан ырың кеткендей гезитке, айрыкча "Супер-Инфого" чыкканыма аябай толкундангам, кубангам. Анткени ошол учурда жылдыздардын баары "Супер-Инфо" аркылуу элге таанылчу. Себеби 100 миң нуска менен бардык элдин катмарына жеткен мыкты гезит.

Актан Рыскелдиев, тамашоучу: «АЛГАЧ АФИШАГА ЧЫККАНБЫЗ»

- Алгач "Супер-Инфо" гезитине афишага чыкканбыз (күлүп). Гезитке чыккан "Тамашоу. 3-сезон. Кышкы фестиваль" деген жарнамадагы командалардын арасынан "Позитифф" командасы деген жазууну көрүп өлө сүйүнгөм. Кийин дагы "Позитифф" командасы мындай тамашалады..." деп биз тууралуу гезитке жазылып жүрдү. Биринчи жолу өзүм интервью бергеним эсте калыптыр. Жаз мезгили болчу. "Тааный жүрүңүз" рубрикасы. Мага журналист чалып, жолугушчу күндү белгиледи. Интервьюга аябай даярдангам. Башкалардын берген маектерин сайттан чукуп таап окуп чыккам. Бир жакка барчудай, бирөөнү күткөндөй болуп 2 күн кызык абалда жүргөм. Кичинекей кезде бир маанилүү окуянын алдында өлө толкунданып, уктабай чыгасың го, ошондой болгон. Гезит чыккандан кийин ата-энеме элдин баары чалып, айтып түгөтө албай сонун болгон. Алар азыркыга чейин мен чыккан гезиттен 4-5 даана сатып алып, катып коюшат.

Каныкей, ырчы: «СТАТУЭТКАЛАРДЫ ЭҢ КӨП МЕН АЛГАМ»

- Эсимде, алгачкы ирет 2009-жылы "Тааный жүрүңүз" рубрикасына гитара кармаган сүрөтүм менен чыккам. Журналист фамилиямды сураганда "мен долбоор боюнча Каныкей деп эле чыгышым керек" деп, бирок фамилиямды да айткам. Гезитке Каныкей Алымбекова деп толук аты-жөнүм жазылыптыр. Гезитти окуп толкундангам, бир чети фамилиям чыкканы жакшы болуптур деп сыймыктангам. Негизи эле менин чыгармачылыгыма "Супер-Инфо" гезитинин кошкон салымы чоң. "Супер-Инфонун" статуэткаларын эң көп (ред.: 7 статуэтка) алган мен болушум керек. Менин талантымды, эмгегимди баалап сыйлык берип, колдоого алып келди. Журналисттер да мен жөнүндө жазылган ар бир макалага чыгармачылык эргүү менен олуттуу мамиле жасашканына ыраазымын. Өз ишин сүйгөн, жоопкерчилик менен мамиле жасаган адамдар гана кесипкөй адис деп эсептейм, силердин гезитте ошондой өз кесибин сүйгөн адамдар эмгектенет.

Жакут Сыдыков, ырчы, куудул, пародист: «ПОПУЛЯРДУУ БОЛУП КЕТЕТ ДЕГЕН ЖАМАН ОЙ ЖОК ЭЛЕ...»

- "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы кабарчылары менен теңтуш болгондуктан, баарын таанычумун. Гезит жаңыдан там-туң басып келаткан маалда алар "жаңы гезит чыгарып жатабыз" деп көтөрүп келишет, биз концерттерибизде гезиттин жарнамасын өзүбүз илип жардамдашчубуз. Ал кезде мынчалык ооматтуу, популярдуу гезит болуп кетет деген жаман ой деле жок болчу (күлүп).
Гезит мен алгачкы жолу 1-бетине чыкканда ак-кара эле. 2-3 сандан кийин эле түстүү чыга баштады. "Супер куудул" деген наам алганымды эч качан унутпайм. Тунгуч "Супер куудул" болгонум үчүн өзүмдү бактылуу сезем. Себеби мен-мен деген уул-кыздарга "Супер" деген наам берип жатканыңарды көрүп, "ушул кыз-жигиттердин эң алдыңкыларынан экенмин" деп сыймыктанам.
Кийин "Супер-Инфо" гезитинин жарнамалык ролигине да тартылдым. Ал ролик мага аябай чоң ийгилик алып келди. Ооматтуу гезит болгондуктан канча окурманы, күйөрманы болсо, мени дагы ошончо адамга таанытты. Ролик өзүмө да жагат. Азыр деле айда-жылда социалдык баракчама жүктөп калам. Учурдан пайдаланып "Супер-Инфо" гезитин 15 жашы менен куттуктайм! Менин да чыгармачылыгыма 15 жыл болду. Бул жылдар аралыгында менин чыгармачылыгымды элге жеткирүүдө "Супер-Инфонун" салымы абдан чоң деп билем.

Асхат Субанбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
sansho
2017-04-17 12:56:18
кызык Аскат мырза азыр суперде иштесе нелерди жазган журналист болмок.
+1
akil.91
2017-04-17 12:56:21
Каныкей эн туура айткан! Сени алгач 11-класста Коё бергин мени кайгы менен тааныгам! Сен чыныгы таланттуусун! Бар бол!
0
gulaza
2017-04-17 12:58:41
Супер инфо малика дина ажырашып кеттим деп Инстаграмга интервью айтып жатат чындыгын билсек болобу
0
admin_superstan
2017-04-17 13:47:41
gulaza, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
+1
Djal1987
2017-04-17 15:55:10
gulaza,Дайыр деле жакындатып жазды го ажырашкан окшойт аялы менен.
+1
engel
2017-04-18 15:28:04
Djal1987, jakynda ele uilondu bele?
....
0
Ishenalieva
2017-04-17 15:05:44
Актандын айтканы жакты.Каныкей азаматсыз дагы көп ырларды ырдап чыккыла .
0
nazgulum
2017-04-17 18:07:04
Дагы калган жылдыздардан да маек алыныздарчы сураныч
0
admin_superstan
2017-04-18 10:30:57
nazgulum, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, сунушуңузга рахмат.
0
sportik
2017-04-17 18:23:34
Жакут байке чыныгы куудул, супер инфо жанылышпаптыр ошондо эле. Тогуп коймо да таланты бар. Дагы бир супер куудул наамын берсенер жакшы болмок. Мен да биринчи супер инфого чыкканда аябай толкундангам. Рахмат супер инфонун жалпы жааматы. Силер мыктысынар. 15 жыл маарекенер менен куттуктайм!!!!!!
0
aisbaby92
2017-04-18 00:21:52
Каныкей азаматсыныз... Сизге уй-булоолук бакыт жана чыгармачылык ийгилик каалайм.
+1
anjeli
2017-04-18 14:42:49
Жакшыы
+1
shamshiev.80
2017-04-18 18:10:07
Жакут молодец
+2
Hotinhere123
2017-04-20 03:47:11
Мага каныкейдин ырлары аябай жагат
+1
gafurova01
2017-04-20 14:02:16
Каныкей чындыгында таланттуу
0
karakchyyy
2017-04-20 15:10:41
Каныкей мыктысыз дагы да чыгыныз жаны ырлар менен. Ийгилик.
+1
Koshaly
2017-04-20 18:33:03
Каныкейдин эски ырлары аябай жагат .
0
Nurkyz1977
2017-04-23 13:08:22
Ой эмне бытыранды болуп кеткен.
0
adelima
2017-04-24 02:34:37
Дайыр эл козуно эле уйлонду да. Ал ХХХ болчу го. Аял менен жашай албайт эч качан.
0
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан