Кыргыз спортчусу Олимпиада медалчысы болду. Базар Базаргуруев, балбан: «ОЛИМПИАДАГА КАТЫШУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРГЕН КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ ЫРААЗЫМЫН»

Аты-жөнү – Базаргуруев Базар Будажапович
Улуту – бурят
Туулган күнү, жылы – 9-январь, 1985-жыл
Туулган жери – Челутай айылы, Чита облусу, Орусия, 2007-жылдан тарта Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыга баштаган.
Жетишкендиктери – Азия чемпиону (2007-жылы), Азия чемпиондугунун коло байге ээси (2009-жылы), Дүйнө чемпиондугунда коло байге (2007-жылы), "Пекин-2008" Олимпиадасында 5-орун (атаандаштары "допинг колдонду" делип, жыйынтыгы 3-орунга жазылат)
Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы

ДОПИНГДЕН УЛАМ ЖЫЙЫНТЫКТАР КАЙРА КАРАЛАТ

Ушул жылдын апрель айынын алгачкы күндөрүндө Эл аралык олимпиадалык комитети "Пекин-2008" Олимпиадасында "допинг колдонгон" деген спортчуларды атаган. Анда эркин күрөш боюнча оор салмактагы чемпион аталган өзбек Артур Таймазов менен 60 килограмм салмак категориясында 2-орун алган украиналык Василий Федоришин болду. Мунун жыйынтыгында аталган спортчунун күмүш медалы коло байге уткан япон Кеничи Юмотого ыйгарылат. Ал эми коло медаль аталган оюндарда 5-орун алган Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан балбан Базар Базаргуруевге берилет.
Бул медалдардын ыйгарылуусун расмий түрдө Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) чечип, аталган ишке жыйынтык чыгарат. Муну менен Кыргыз өлкөсү көз карандысыздык алгандан бери Олимпиадада алган медалдарынын саны көбөйөт. Канат Бегалиевдин күмүш ("Пекин-2008"), Руслан Түмөнбаевдин коло ("Пекин-2008"), Айдын Смагуловдун коло ("Сидней-2000") медалдарына эми Базар Базаргуруевдин коло байгеси кошулат.

ОРУСИЯНЫН КУРАМЫНА КИРЕ АЛБАЙ КАЛГАН

Базар Бурятиядагы катардагы үй-бүлөдө чоңойгон. Жаштайынан күрөшкө кызыккан спортчу 2002-жылы Орусиянын курамында Европа чемпиондугунда 4-орунду алган. Бирок ошондон тарта Орусиянын курамына өтө алган эмес. 2007-жылы Кыргыз өлкөсүнүн сунушун алып, аталган өлкөнүн желеги астында мелдешке чыга баштаган. Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпы 10 жыл аралыгында 10дон ашык медалдарды жеңген.
"Пекин-2008" Олимпиадасында алгач албаниялык балбанды жеңип, чейрек финалда украиналык Василий Федоришинге жеңилген. Анын финалга чыгышы менен коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алган. Чечүүчү беттеште япониялык Кеничи Юмото 2 упай артыкчылыгында жеңишке жетишкен. Базар Базаргуруев 5-орунда калганы менен, өлкөнүн атынан 15 миң доллар, ал эми машыктыруучусу Жамсо Лхамажаповго 3,7 миң долларлык сертификат тапшырылган. Салыштырсак, коло байге ээси Руслан Түмөнбаевге 75 миң доллар берилген.

Олимпиадада коло үчүн күрөштө жеңилип калган.


«УЧУРДА АЙЫЛДА БАЛДАРДЫ МАШЫКТЫРАМ»

Учурда Базар Базаргуруев өзү туулуп-өскөн айылда жашап келет. Ал үй-бүлөсү менен Орусиянын Агинск районундагы Судунтуй айылында турат. Спортчудан бир нече суроого жооп алганга мүмкүн болду.

– Сизди, биринчиден, куттуктай кетейин. Бир канча жылдардан кийин болсо дагы Олимпиада оюндарынын коло байге ээси болдуңуз...
– Чындыгында, буга азыр деле таң калып бүтпөй жатам. "Пекин-2008" оюндарынан бери 9 жылдан ашык убакыт өтүптүр. Ал оюндарга катуу даярдык көрүлгөн. Пекиндеги ар бир беттеш татаал өткөн. Анда дүйнөнүн мыкты делген балбандары катышкан. Ошондо кээ бир калыстардын чечими суроо жаратып, медалдарга жетпей калгам. Эми баары өз ордуна келип жатат окшойт.

– Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн курамына кандайча кошулуп калдыңыз эле?
– 2007-жылы аталган өлкөнүн Күрөш федерациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, машыгуу сборуна баргам. Ошондо мага "Кыргыз өлкөсүнүн атынан мелдешке чык" деп сунушташкан. Арадан аз убакыт өтпөй, Азия чемпиондугун жеңип алгам. Ошол жылы сентябрь айында Дүйнө чемпиондугунда 3-орунду алгам. Анын жыйынтыгы менен "Пекин-2008" Олимпиадасына катышууга мүмкүнчүлүк берилген.

– Учурда эмне менен алектенесиз?
– Мен Судунтуй деген айылда үй-бүлөм менен жашайм. Атам мал чарбачылык менен алектенет, мен ага жардамдашып турам. Ошондой эле айылда кичинекей балдарды машыктырам. 2 балам бала бакчага барат. Чоңоюп калышса күрөш секциясына берейин деген ойлорум бар.

– Ошондо бурят элинен чыккан алгачкы Олимпиада медалчысы аталган балбан болот экенсиз да?..
– Бул жаштарга түрткү болот деп ишенем. Олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк берген Кыргыз элине ыраазымын.

"Балдарымды күрөш секциясына берсем дейм".


Базар Базаргуруев Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыгып, эл аралык мелдештерден ондон ашык медаль уткан.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Patriot...kg
2017-04-17 10:27:58
Молодец бро
+1
dosym
2017-04-17 12:04:03
Буряттар дале кыргыздын бир уруусу, ошондуктан бир эле Буряттар эмес жалпы кыргыз эли свймыктанса болот
0
№ 754, 14-20-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан